🏆 ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ-2026: ҮЧҮНЧҮ ТАНДОО ТУРУНА ЧҮЧҮКУЛАК ТАРТЫЛАТ
Эртең, 27-июнда 2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычына чүчүкулак тартылат. Жалпы 18 улуттук курама команда 6 тайпадан 3 топко бөлүнөт.
Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо турунун оюндары 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тайпаларда үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар 4-квалификациялык раундда 2 жолдомо үчүн күрөшүп, плей-офф оюндары аркылуу дүйнө чемпионатына дагы бир жолдомо ойнотулат.
Себеттердин курамы✔️
Себет 1🔻
🇯🇵 Япония
🇮🇷 Иран
🇰🇷 Корея
Себет 2🔻
🇦🇺 Австралия
🇶🇦 Катар
🇮🇶 Ирак
Себет 3🔻
🇸🇦 Сауд Арабиясы
🇺🇿 Өзбекстан
🇯🇴 Иордания
Себет 4🔻
🇦🇪 БАЭ
🇴🇲 Оман
🇧🇭 Бахрейн
Себет 5🔻
🇨🇳 Кытай
🇵🇸 Палестина
🇰🇬 Кыргызстан
Себет 6🔻
🇰🇵 КНДР
🇮🇩 Индонезия
🇰🇼 Кувейт
Чүчүкулак Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат. Чүчүкулак аземин түз эфир акылуу төмөнкү шилтемеден
көрсөңүздөр болот.#kfu_kg