Ата- энеси бүшүркөй карай ,арабага жакындап келе жатышты.
Жакын келгенде жолунан тосо баскан Алыйды карай ,экөө тең тык токтоду.
- Атаке ... энекебай...
????
Жаныбек менен Жаңылкан бири - бирин карашып ,андан кийин гана кызын тааныдыбы ,айтор Жаңылкан кыйкырган бойдон кызын кучактап калды.
- Оо Кудайым,сени көрө турган күнүм бар экен ээ? Кагылайыным, алдыңа кетейиним! Айым менин ,күнүм менин ... Жалгыз кызым менин.... Энеңдин шору кайнап , өзүмдү өзүм күнөөлөп жүрбөдүм беле! Сени тирүү көрө турган күнүм бар тура !
- Энекебайым менин...
Кызы менен энесинин кучакташып алып ыйлаганына жанына киши тура албайт.
- Ата ,атаке!
- Алдыңа кетейин....садагасы кетейиним...
Көзүнөн аккан жашы ,сакал мурутунан ылдый куюлуп ,Жаныбек кызын кучактап ыйлап турду.
Улам бирөөнөн бирөө угуп ,бир заматта үйдүн жанына киши толуп кетти.
Ары жактан Алыйдын агасы Иманалы жеңеси менен,экинчи агасы Аманалы келип калды.
- Ата,эне ! Мына жээндериңер ...
- Ой алдыңа кетейиндерим ! Кана таанышалы ,мен силердин таятаңар болом.
- Кана ысмыңарды айтып койгула!
- Акбото
- Куаныш
- Кагылайындарым ,кана үйгө кирели!
- Ай келин , чыныга суу алып келе кал!
- Кана ,келе гой кызым! Башыңдан суу айлантып жиберейин! Өмүрүң узун болсун!
Болгон жаманчылыктын баарын суу жууп кетсин! Балакет , мээнетиңдин баарын суу жууп кетсин !
Кел үч жолу түкүрүп кой!
* . *. *
*
Алыйдын башынан өткөндөрүн угуп олтургандар бир топко унчукпай олтуруп калышты.
- Кайран Досымбай кудам ,Саулэ кудагыйдын , Биймырзанын жаткан жерлери жайлуу болсун! Кудайдын маңдайына жазгандары ушул тура !
Биймырзанын айткан акыркы керезин аткарып ,аман эсен элиңе келгениңе тобо !
Эми уул - кызыңды татыктуу тарбиялаш сенин милдетиң кызым !
Биз турабыз жардам беребиз .Эч нерседен кабатырланбай эле кой! Боорубузга басып , канаттууга кактырбай , тумшуктууга чокутпай асырап алабыз !
Чычкандай эки бала эмес ,азыр ар бир айылда ачарчылыктан кыйналып качып келген казак бир туугандарды багып жатышат.
Бир чөйчөк тамагын ,жеген нанынын теңин бөлүп кыргыз казакты бооруна тартып ,кайгысын тең бөлүшүп жатышат.
Башыңардан өткөн окуялар ,басып өткөн жолуң,бир өмүргө тете жол болгон тура кызым !
Мындан кийинки жолуң шыдыр болуп, келечегиң кең болсун!
P.S . 1921-1932 жылдары болуп өткөн казак элиндеги ачарчылыктан 3 миллион адам өлгөндүгү тарых барактарында айтылат. Бул ошол кездеги казак элинин тең жарымы жок болгон дегенди билдирет.
Кыргыз шаар ,айылдарына жүз миңдеген казактар качып келишкен.
1932 жылы кыргыз өлкөсүнүн башчысы Жусуп Абдрахманов Сталиндин буйругуна каршы чыгып ,чогулган буудай ,этти Москвага жөнөтпөй ,качып келген казактарга бөлүп берип ачарчылыктан алып калган.
Ошондуктан 1933 жылы жумуштан алынып," улутчул " деген жалаа менен эки жыл камакта кыйнап ,андан кийин атылып өлтүрүлгөн.
Аягы .
Нурида Карабалтинская
#омурготетежол_элдик