Postlar filtri


Украин элинин улуу акыны Тарас Шевченко 🔥📚

Жан дүйнөбүздө эне тили жашап турганда - эркиндик менен эрдик коштоп жүрөт деген экен... ⚡️❤️

https://www.instagram.com/reel/DFc-A4BJc1o/?igsh=MWljNnN2MmU4MzRoMw==


https://www.instagram.com/reel/DE2L_jktWFj/?igsh=MWkyaHBlbmFmdnppbw==

⚡️ Тай журтту туура жазалы!

Бирок 👇🏻

❌ таа жеңе
❌ тай жеңе
❌ тайжеңе
таажеңе

❌ таа жезде
❌ тай жезде
❌ тайжезде
таажезде


😊✅

6.4k 0 2 21 101



‼️ Эмки жылдан баштап кыргызча тейлөөнүн сапатын жогорулата турган кез келди. 🙌

Уят эми...

🥺 Эгемен Кыргызстандын айрым кафе-ресторандарында кыргызча меню жок, ишканалардын сайтында кыргызча маалымат жок, компаниялардын баракчаларында кыргызчанын К тамгасы жок.

⚡️ Кыргыз жаранынын акысын актаңыз да, мыйзамды сактаңыз! 🙌


Иштебеген - тиштебейт.

Ашына жараша табагы,
Ишине жараша тамагы,

Кой баккан конок күтөт.

Приложишь труд - будет и рыбка, и пруд

⚡️ Иш күнүңүз ийгиликтүү болсун!


Улуттук адабият күнү куттуу болсун! 📚🇰🇬

Эзелтен кыргыз баласы көркөм сөз өнөрүн аздектеп келген. Ал атадан балага өтүп, элибиздин руханий дөөлөтүнүн казынасына айланды. Анткени эне тилибиз менен эл турганда улуттук адабият өз көчүн улай берет...

Ошондой эле 12-декабрь залкар жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнү. Ошондуктан бул күндөрү улуу калемгердин чыгармаларын кайра барактап чыгууга эмнеге болбосун? 🙌

@bakaibank'тын колдоосу менен бирге, @tilimpoz кыргыз тилин жана адабиятын жайылтууга жана өнүктүрүүгө салым кошо беребиз. 🤝

#кыргызтили #кыргызча #адабият #айтматов #тилимпоз #бакайбанк


Туура жаз! ✅
So‘rovnoma
  •   үй-бүлөө
  •   үй-бүлө
  •   үй бүлө
  •   үй бүлөө
3117 ta ovoz


Чаташтырба! 🙌⚡️

👩🏻‍🍼 БҮЛӨ - член семьи
🪨 БҮЛӨӨ - точильный брусок

#чаташтырба


Кыргызча колдонолу! 🇰🇬🙌

👉🏻 творческий - ЧЫГАРМАЧЫЛ
👉🏻 решительный - ЧЕЧКИНДҮҮ
👉🏻 профессионал - КЕСИПКӨЙ
👉🏻 трудолюбивый - ЭМГЕКЧИЛ
👉🏻 хронический - ӨНӨКӨТ
👉🏻 эффективный - НАТЫЙЖАЛУУ
👉🏻 стабильный - ТУРУКТУУ
👉🏻 положение - АБАЛ
👉🏻 печать - МӨӨР
👉🏻 свет - ЖАРЫК
👉🏻 пеня - ТУУМ

#кыргызча #тилимпоз #tilimpoz #тилимпоз #кыргызчаколдонолу

10.3k 1 16 15 132

Туура жаз! ✅
So‘rovnoma
  •   кече кар жаады
  •   кечээ кар жаады
  •   кечөө каар жаады
  •   кечээ каар жаады
2740 ta ovoz


Жашыл-жемиштин кыргызча аталышы 🥒🥔🍆

🥒 огурец – бадыраң
🥗 тыква – ашкабак
🥗 кабачок – кабакча
🥬 капуста (керем) – капуста
🍅 помидор (батинча) – помидор
🍠 свекла – кызылча
🥗 редька – түрп
🥗 редис – чамгыр
🥗 репа – шалгам
🥔 картошка – картөшкө
🥕 морковь – сабиз
🧅 лук – пияз
🌶️ красный перец – калемпир
🥗 черный перец – мурч
🧄 чеснок – сарымсак
🫛 горох – буурчак
🫛 фасоль – төө буурчак
🫒 олива – зайтун
🥗 укроп – ашкөк
🥗 мята – жалбыз
🥗 базилик – райкан

#кыргызча #тилимпоз #кыргызтили #tilimpoz #tilimpozsozduk

9k 0 27 16 110

🇰🇬 Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү

Ата-бабаларыбызды ар дайым эскерип, алардын бизге калтырган мурасы, руханий асыл баалуулугу үчүн урматтоо менен таазим кылабыз.

Өткөндөр даңкталмайын,
Тирүүлөр баркталбайт!

Көз карандысыз мамлекетибизге туруктуулук, бакубатчылык жана өнүгүү каалайбыз!

@bakaibank x @tilimpoz


🗣️🔊 Сүйлөгөн сөзүнө жараша адамга берилген мүнөздөмө:

Сары ооз
- сөз биле бербеген, жаш, турмуштун ысык-суугун көрө элек жаш бала.

Ачык ооз
- сөздү кармай албаган, оозуна келгенин айта берген, сөзге бекем эмес адам.

Бакан ооз
-ушакчы, айгак адам.

Кара ооз
- оозунан жакшы сөз чыкпаган адам.

Кери ооз
- тетири сүйлөп, ынтымакка кирбеген адам.

Жалаяк ооз
- ажылдап сүйлөп турган, сөз маанисин билбеген адам.

Ириген ооз
- оозунан уруштун, жаңжалдын сөзү чыгып, элди уруштуруп турган адам.

Бек ооз
- убадага бек турган адам.

Бок ооз
- сөгүнүп, уят сөздү көп айткна адам.

Оймок ооз
- анда-санда чоюлуп сүйлөгөн, сыпайы адам.

Алтын ооз
- нарктуу-барктуу сүйлөгөн, сөзмөр, чечен адам.

Арам ооз
- кутум сөз сүйлөп, эл бузган жаман адам.

Жазыктуу ооз
- туура эмес сөз сүйлөп жазыктуу, айыптуу, күнөөлүү болго адам.

Сасык ооз
- жаман сөзү менен элге жек көнүндүболгон адам.

Куру ооз
- жыйында сөз тийбей калган, же тамак тийбей калган адам.

📚💬 Сөз арасында адамды сүрөттөө үчүн колдонулган айкаштар. Кыргыз тилинин сөз байлыгы кең!


Туура жаз! ✅
So‘rovnoma
  •   Таап алдым.
  •   Табып алдым.
2315 ta ovoz


Туура жаз! ✅
So‘rovnoma
  •   Мени чабып салды!
  •   Мени чаап салды!
2344 ta ovoz


⁉️ Аягы м тыбышы менен бүткөн этишке -ып жалганса, айтылышындай созулуп жазылат.

Мисалы:

кап+ып=кабып эмес, каап
Ит каап алды.

📚 Кыргыз тилинин жазуу эрежелери


-АР мүчөсүн улаганды түшүндүңүзбү? 🤔
So‘rovnoma
  •   ооба 👍
  •   жок 🤨
  •   орточо 🙌
613 ta ovoz


Туура жаз! ✅
So‘rovnoma
  •   Кубанар
  •   Кубанаар
2688 ta ovoz


Туура жаз! ✅
So‘rovnoma
  •   ыйлар
  •   ыйлаар
2680 ta ovoz

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.