🥇Балбан Акжол Махмудов Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды. Ал 11-сентябда грек-рим күрөшү боюнча (77 кг) финалда венгриялык спортчу Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Махмудов финалга чейин төрт атаандашын уткан: бразилиялык Жоилсон Де Брито Рамос Жуниор (11:1), мексикалык Эммануэл Алексис Бенитес Кастро (8:0), түркиялык Юнус Емре Басар (9:7) жана түштүк кореялык Ким Хён У (4:1). Ким Хён У 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиадада алтын медаль уткан.
Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан чыккан алгачкы чемпион.
Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова эки жолу (2019 жана 2021-жылдары), Мээрим Жуманазарова бир жолу (2021-жылы) дүйнө чемпиону болушкан.