🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы dan repost
"Момун-момундун күзгүсү жана момун-момундун бир тууганы, аны кыйынчылыктардан коргойт жана ал жокто анын абийрин сактай"
(Муслим риваятында келет)
Момун-момундун күзгүсү дегенди азыркы учурда интернет жебелеринен карап ушундай болуп калдыбы?- деген ой келди: "тигил эжекем же устатым момундай кийинет экен, анын кийингени өзүнө жарашыктуу жана тыкан, ар качан карасаң жарашыктуу жана жагымдуу кийим киет. Мен да, дал ошондой кийим киейин, - деп анын кийген кийимин туурап, баскан жолун аңдып, кай жерге барат, ким менен сүйлөшөт, эмне тамак жейт....ж.б.у көрүнүштөрдү ээрчип агын суудай эле агып баратканыбыз ойлондурбай койбойт экен. 😔
Ал эми, момун-момундун бир тууганы: дегенге келсек ооздо сүйлөп келебиз бирок бул сөзгө терең маани берип эч ойлонуп көрбөйбүз.
Кыйынчылык келгенде ары карап басып кетсек, жакшы-жаманда жанында турбаганыбыз аз келгенсип, анын абийирине шек келтирүү, анын этинен жеп коюу, намысын тебелөө деги койчу такыр момун-мусулманга туура келбеген мамилени жасап келебиз.
Сыйлабастык, бой көтөрүү, тоготпостук, мен-менсинүү, кыйынсуу, жактырбоо, теңебөө....Мындай жүрүштүн акыры кайдан болоор экен?
Эл алдына чыгып, көзгө көрүнүктүү болуп келген инсандарды ээрчибей, адеп-ахлактын ээси болгон, сүннөтүндө эч бир кемчилик болбогон чыныгы үлгүгө ээ болгон Пайгамбарыбыз Мухаммад саллал-Лооху аьлайхи ва салламды ээрчисек, андан эң мыкты өрнөк-сабактарды алсак кана!
Дуба момундун (мусулмандын) куралы. Албетте бирөө-бирөөнү такыр өзгөртө албайт, жада калса сен жаман жолдосун жакшы жолго түш, -деп аны жакшы жолго салат да албайт.
Бирок дуба аркылуу максатка жетсе болот!
Ар дайым өз напси менен алек болуп, өзүбүзгө кана жакшылыктарды каалай бербей, бүтүн Кыргызстаныбызга, дүйнө элине да жакшылыктарды каалап дуа кылалы.
Жөн кана келген ойлор
Устаза Машхура
t.me/SenAsylsyn