Ишиңди АЛЛАГА тапшыр жакында чечилет.
"Жазмышты жайына кой, дал ошондо,
Жакшыраак көрөрүң чын түштөрүңдү.
Жараткан жалгап коёт көз ирмемде,
Таянып Ага тапшыр иштеринди"
Мына ушул төрт сапты жашооңо киргиз. Мына ушул төрт сапты жүрөгүңө сактап жаша. Кыйынчылыктан арылар убакты күт. Ал убакыт көз ачып жумганча келиши да мүмкүн. Жашоонун агымы ушундай, сен-деңиздеги жел кайыксың. Шамал дайым эле маңдайыңдан сого бербейт, артыңдан сокчу күн да келет. Бул машакаттан качан кутуларыңды билбейсиң. Бирок, Алланын иши ар түнү жаңыланат. Асмандан чечим чыкмайынча, жерде иш аткарылбайт. Алланын жардамын күт, анын жардамы өтө жакын. Ал жардам эшигин өтө бат ачат. Сен болгону күт. Алланын ырайымынан үмүтүңдү үзө көрбө. "Алланын ырайымынан каапыр элдер гана үмүтүн үзөт" ("Юсуф" сүрөсү. 87- аят). Канча жолу башыбызга кайгы түштү, канча жолу жашообуз туюкка кептелди, канча жолу жаныбыз жер тартып жатып калдык, бирок мунун баарынын артынан жакшылык келди го? Кайгы унутулуп, кубанычка бөлөндүк. Туюктан чыгып, жолубуз ачылды. Оорудан айыгып, куландан соо чуркап жүрөбүз. Демек, дарыянын aгымы токтоп калбайт экен да, жашоонун шары улана берет экен. Анда эмне үчүн көңүлүңдү чөктүрөсүн? Ишти Аллага тапшыр, Ага тобокел кыл. Алла досторун жардамсыз калтырбайт, Пенделерин унутпайт. Ал кимге кайсы күнү ырахат эшигин ачууну жакшы билет. Алланын ыктыярына ыраазы бол, Алланын берешендигин күт, Аллага жакында, ошондо тынчтыкты, ырахатты сезесиң.
📚 Бакыттын сырын ачтым
📝 Даярдаган Машхура Абдыразак кызы
t.me/SenAsylsyn