Ошондой эле алар өздөрүнүн иш билгилиги жана мадимийлиги, кыймылдуулугу өтө жогору экендиги менен айырмаланышат. Адам менен мамиле түзүүсү оңой, көп сүйлөгөн, ишараттары, мимика, пантомимика ж.б. өтө ачык көрүнгөн, өз алдынчалулуугу жогору, буйрук бергенди жактырат, табити жакшы, уйкусу тынч, турмуштан ырахат алсам деп эле турат. Өзүн-өзү баалоосу жогору, шайыр, жеңил ойлуу, сөпөк, бирок иш билги, адам менен тил табыша билген, тамашакөй, энергиясы ашып-ташыган, демилгечил, иштемчил болушат. Анын ашыкча өз алдынчалыкка умтулуусу жана өзүм билемдиги чыр-чатак жаратуусу мүмкүн. Аларга ачуусу тез келүү, кыжырдануу мүнөздүү, адепсиз жүрүм-турум жасоого жөндөмдүү. Тез ачууланат, жинденет, өз милдеттерин аткарбай койгон адаты бар. Аларды катаал тартиптеги шартта жашоо, монотондуу иш аткаруу жана жалгыз болуу аябай кыйнап жапа чектирет.
6. Дистимдүүлүк тип - жогору балл алгандар көңүл кушу дайыма чөгүңкү абалда болуп, турмуштун терс жактарына, турмуштун кыйынчылыктарына көбүрөөк көңүл бурган, акылын жаман ойлор ээлеп алып, жанын кыйнаган, көңүл чөгүүдөн арылбаган, пессимист, жай кыймылдаган, олуттуулугу, эрк аракеттери алсыз, өзүн-өзү баалоосу төмөн, адамдар менен мамиле түзүүсү начар, аз сөздүү, көбүнчө унчукпаган, үйдө жалгыз олтурууну жактырган, жеке өзүнчө жалгыз жүргөн, ызы-чуу чөйрөдөн өзүн оолак кармаган, жай жашоо образды тутунган, кабагы салынкы, ашыкча эле оор басырыктуу болгон адам. Ал ак ниет, жакындарын өтө сыйлаган, баалаган жана баш ийген, өтө адилет, ойлоосу жай жүргөн адам.
7. Тынчсыздана берүүчү (корко берүүчүлүк, кабатырлануучулук-тынчсыздануучулук) тип - жогору баллга ээ болгондор себепсиз эле бир нерселерден кооптонуу, чочулоо менен күн өткөргөн, өзүнө ишенбеген, болор-болбоско коркуп кыжаалат боло берчү адам. Булар негизинен тартынчаак жана коркок келишет. Алар адамдар менен мамилелешүүнү жактыра бербеген, бала кезинде караңгыдан, айбандардан, үйдө жалгыз калгандан коркот. Ызы-чуулуу балдардан өзүн алыс кармайт, тартынчаак, уялчаак, экзаменден коркот, сабакта жооп берүүдөн да уялат. Өзүнөн жашы улуулардын сөзүн угат, айтканын аткарат. Аларда милдет, жоопкерчилик сезимдери эрте калыптанат. Моралдык талаптары бийик. Бала кезинде тартынччак, уялчаак болуусу адамдар менен мамиле түзүүсүнө терс таасир этет. Өтө сезгич болгондон теңтуштарынын шылдыңдоолору ага аябай күчтүү таасир этет, чыр-чатактан качат, өзүн коргой албайт, бирөөлөрдөн колдоо күтөт. Алар достукка, өзүнө жогору талаптарды коет. Өзүнө сын көз менен карайт. Тил алчаак келишет.
8. Циклотимдүү тип - жогору балл алгандардын көңүл кушу бир топ мезгилге көтөрүңкү болсо, кийин көңүл кушу чөгүнкү болуу менен алмашып турат. Бул анын тышкы таасирлерге өтө көз каранды болгондугу менен байланыштуу. Жагымдуу окуялар жүз берсе, ишке шымаланып киришет, тамашакөй болуп, акылына жаңы идеялар көп келет, жагымсыз окуя жүз берсе, заматта маанайы түшүп, аракети басаңдап, акылына эч нерсе келбей калат. Адамдар менен болгон мамилеси да тез-тез өзгөрүп турат. Бул көрүнүш тез-тез кайталангандыгы менен мүнөздөлөт. Башкача айтканда, гипертимдик жана дистимдик типтердин касиеттери тез-тез алмашып туруучу адам. такай түрдө маанайы, ишке жана окууга, адамдарга жасаган мамилеси өзгөрүп турат. Кээде болор-болбос нерседен депрессияга түшүп калат, кээде суицидге барышы да мүмкүн.
9. Сезими үстөм келүүчүлүк (аффективно-экзальтированный) тип - жогору балл алгандар эмоциалдык абалдары, сезимдери чоң диапозонго ээ болгондуктан, болор-болбос кубанычка аябай кубанган, болор-болбос терс таасирлерге өтө кайгырган адамдар. Ошондон таң калууга, суктанууга жөндөмдүү болуп, жүзүнөн жылмаю кетпеген, куунак жүргөн, бактыга балкыган адам болушат. Ошондой эле болор-болбос нерсеге капа болсо, кайгыга терең батып, жанын кыйнайт. Киши менен мамиле түзүүгө жөндөмдүү, сөзмөр, сүйүүгө бай. Талашып тартышканды жактырган, сезимдери жарк этип чын дилден чыгат, табити бийик, боорукер, кубануудан кайгыга жана кайгыдан кубанууга өтө оңой өтөт.
10.