ЖОЛ


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк (кытай макалы).
Иште пайдалуу АКЫСЫЗ IT аспаптар, программалар, аларды колдонуу тууралуу канал.
Кененирээк маалыматтар, башка мүмкүнчүлүктөр – @zholvip_bot каналымда.
Мени менен байланышуу - @tokoevmarat

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Июлда эң көп окулган посттор //

Салт боюнча өткөн айда эң популярдуу 5 посттун тизмеги:

1️⃣ Маалыматтык “көбүктөн” чыгуу жолу - 293 жолу көрүлдү;

2️⃣ Кепти же аудиону текстке оодаруу жолдору тууралуу - 286 жолу көрүлдү;

3️⃣ Chrome браузеринде жүктөөнүн ылдамдыгын көбөйтүү жолу - 262 жолу көрүлдү;

4️⃣ Компьютерде бат тергенди кантип үйрөнсө болот? - 161 жолу көрүлдү;

5️⃣ Кантип видеодон керектүү үзүндүнү тез кесип алса болот? - 155 жолу көрүлдү.


__________________________

👉 Каналдын менюсу

🙏 Авторго колдоо көрсөтүү


Бул 10 концепцияны түшүнүү жашооңду өзгөртүшү мүмкүн

Мурдагы постумда жазганымдай, жайдын кайнап турган мезгилинде иш тууралуу сөз кылбайм.  

Бүгүн сунуштайын деген нерсе Лайфхакер сайтындагы материалдын котормосу.

Мага ал кызыктуу жана да пайдалуу көрүндү. Силер менен бөлүшөйүн дедим.

Бул материал британдык‑индиялык жазуучу жана журналист Гурвиндер Бхогалдын твиттердеги жазууларынын негизинде даярдалган. Лайфхакер, чынында, 11 концепция тууралуу жазгандарын тандады эле, мен 10ун гана сунуштайын дедим.

#башка 

__________________________

👉 Каналдын менюсу

🙏 Авторго колдоо көрсөтүү


Акыркы бир жума өзүмдүн жеке сайтымды башка жакка которуп, аны оңдоо жана жаңылоо менен алек болдум.

Мисалы, "Кыргызча сайттар" каталог-баракчамды толугу менен жаңылап чыктым. Аны илгери ачтым эле. Ал кезде кыргызча сайттар аз болчу. Азыр алардын баардыгын билүү мүмкүн болбой калды. Эми бул каталогго мен кызыктуу жана пайдалуу деп эсептеген сайттарды гана, ошондой эле коомдук тармактардагы барактарды, топторду, каналдарды киргизип турмакчымын. Учурда 100гө жакын ушундай булактарды топтоштурдум.

Ошондой эле WordPress сайтты жасоо боюнча барагымды ачып, ага кете турган чыгымдарды эсептеп чыгып, жазып койдум. Кызыккандар үчүн, сайттын түрүнө жана татаалдыгына жараша ага 15 миңден 52 миң сомго чейин каражат кетет. Бул баага менин эмгегим жана сайтты ачууга керек болгон чыгымдар (домен, хостинг ж.б.д.у.с.) кирет.

Кош келиңиздер!


Музыканы жаратып көр //

Жайында иш тууралуу эч ким ойлонгусу келбейт. Ойдун баары эс алууда. Ушуну эске алуу менен “ЖОЛ” каналында материалдарды сейрегирээк жарыялап турмакчымын.

Бүгүн болсо, жогоруда айтылганды улай, бир чети эс алуу, бир чети пайдалуу болушу мүмкүн онлайн-кызматты сунуштайын дедим.

Баардыгыбызда эле музыка жаратуу шыгы боло бербейт. Бирок Mini Music Machine онлайн-кызматынын жардамы менен өзүбүздү азга болсо да композитор катары сезе алабыз.

Сунушталган 8 жөндөөчү баскычтарды активдештирип же өчүрүп, ар бир баскычты өз алдынча жөндөп, жөндөөчтөрдүн ордун алмаштырып жана да жаралган музыканын темпин өзгөртүп биз өзүбүздүн МУЗЫКАБЫЗДЫ жарата алабыз. :-)

Аны үчүн болгону баскычтарды басуу же жылдыруу гана керек. Бардык өзгөрүүлөрдү угуп да, көрүп да турсак болот.
 
#медиа

#башка

__________________________

👉 Каналдын менюсу

🙏 Авторго колдоо көрсөтүү


Chrome браузеринде жүктөөнүн ылдамдыгын көбөйтүү жолу //

Chrome браузерин колдонуп интернеттен файлды жүктөп жатканыбызда, адатынча, ал бир гана “арыкты” колдонот, б.а. ал берилген трафиктин каналын толук колдонбойт. Мындайда, сөзсүз, көлөмдүү файлды жүктөө көп убакытты талап кылат.

Жүктөө ылдамдыгын кыйла көбөйтсө болот. Аны үчүн көп "арыкты" колдонууга уруксат берүү зарыл. Төмөнкү аракеттерди кылгыла:

1️⃣ Браузердин интернет даректер жазылчу жерине төмөнкүнү көчүрүп койгула:
chrome://flags/#enable-parallel-downloading;

2️⃣ Баракка өтөбүз. Бизге керектүү “Parallel downloading” сары түс менен белгиленип турган болот;

3️⃣ Анын тушундагы «Default» дегенди «Enabled» режимине которобуз;

4️⃣ Браузерди жаңылайбыз.

#медиа

#башка

__________________________

👉 Каналдын менюсу

🙏 Авторго колдоо көрсөтүү


Компьютерде бат тергенди кантип үйрөнсө болот? //

Компьютерде бат тергенди үйрөнүү тууралуу көп кыялданабыз. Анткени азыркы заманда бул өтө зарыл көндүм.

Атайын курстар бар дечи, бирок ага убакыт короткуң келбейт. Анан да акчаңды аяп кетесиң.

Мындайда Ratatype - эң сонун тандоо. Ал акысыз жана өздөштүрүүдө жөнөкөй кызмат. 

Башында терүү ылдамдыгыңарды аныктоо үчүн тестирлөөдөн өтүү керек болот. 

Андан соң ар түрдүү 10 курс сунушталат. Ал курстарды көрүү үчүн каттоодон өтүү зарыл. Ылайык келгенин тандап алып машыга баштайсыңар. Кызматтын ээлери күнүнө 20 мүнөттөн машыгуу жетиштүү болот дешет.

Клавиатуралардагы тамгалардын (белгилердин) жайгашуусу тандалган тилге жана жайгаштыруу ыкмасына жараша болот. Кыргыз тилиники жок, бирок орус тилиники бар.

#медиа

#офис

__________________________

👉 Каналдын менюсу

🙏 Авторго колдоо көрсөтүү


Тез арада акысыз логотип жасап алуу керек болгондо //

Акысыз жана тез логотип жасап алуу зарылчылыгы пайда болгондо төмөнкү кызматты колдонуп көрсөңүздөр болот.

Launchaco — жасалма интеллекттин негизинде иштеген логотиптердин акысыз конструктору.

Бул баштапкы коду ачык аспап. Катталууну талап кылбайт.

Логотипти жасоо ушул тепкичтерден турат:

1. Компанияңардын атын жана ураанын жазуу;
2. Шрифтерди тандоо;
3. Сүрөттөрдү тандоо;
4. Түстөрдү тандоо.

Сунушталган логотиптердин бирин акысыз жүктөп алсаңыз болот.

#медиа

__________________________

👉 Каналдын менюсу

🙏 Авторго колдоо көрсөтүү




Маалыматтык “көбүктөн” чыгуу жолу //

Интернеттен бир маалыматты издегенден кийин каякка барба ошол темадагы жарнамалар силерди дайыма коштоп жүрөрүн байкасаңар керек. Бул браузердин сизди кызыктырган темаларды эсине тутуп алып, сизге кийин ошол темадагы жарнамалык маалыматтарды сунуштап жатканы. Балким, ушул маалымат дагы кызыктырып калаттыр деп.

Бул жарнамалык материалдарга гана тийиштүү эмес. Издөө кызматын колдонгондо да, адатынча, сизди кызыктырышы мүмкүн мааалыматтар (сайттар) гана сунушталып турат.

Бул социалдык тармактарынын көбүндө да байкалат. Соц тармактар колдонуучуну кызыктырган маалыматтарды, досторунун жазууларын сунуштаганга аракеттенет.

Бул, жогоруда айтып кеткенимдей, адамга кызыктуу болгон маалыматтарды гана сунуштоо ниети менен жасалат. Бир чети - бул жакшы. Менин кызыкчылыгыма туура келген, керектүү маалыматтар менен гана таанышып турам. Бирок башка жагынан, биз окуган гана маалыматтардын негизинде дүйнөдө ушулар гана болуп жаткан турбайбы деген калпыс жыйынтыкка келишибиз мүмкүн. Толтура башка маанилүү жаңылыктар, маалыматтар биздин көз жаздымыбызда калып калууда.

Муну “маалыматтык көбүк” деп коет, башкача айтканда, биз интернет-кызматтар кызыкчылыгыбызга тууралап сунуштаган көбүк сыяктуу маалыматтардын ичинде гана жүрөбүз.

Маалыматтык көбүктөн чыгуунун кандай жолдору бар?

👉 Издөө кызматын колдонуу керек болгондо - барузердин кэшин тазалап чыгуу керек, же браузердин “Инкогнита” режимин колдонгула;

👉 https://duckduckgo.com/ издөө кызматын колдонгула - ал колдонуучу кайсы сайтка киргенин, кандай маалыматтар менен таанышканын эсинде сактабайт, а демек ага жараша маалыматтарды сунуштабайт;

👉 Соцтармактарда - жөндөөлөр жасалчу жерде “Акыркы маалыматтарды көрсөтүү” дегенди тандоо зарыл.

#медиа

#башка 

__________________________

👉 Каналдын менюсу

🙏 Авторго колдоо көрсөтүү


Каналдын МЕНЮСУ //

Канал тууралуу

Рубрикалар

Каналдын Ардак тактасы

Байланышуу: +996 777 45 10 83, jolkanaly@gmail.com

⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹⚹

Башка каналдарым: “Жол VIP" | "Кыргыз поэзиясы" | "Кыска-Нуска"

Авторго колдоо көрсөтүү 🙏


Кантип видеодон керектүү үзүндүнү тез кесип алса болот? //

Айрым учурда видеодон кыска үзүндүнү кесип алуу зарылчылыгы пайда болот, ал эми жаныбызда болсо аны кылганга керектүү жабдык же программа жок болуп калат.

Мындайда Kapwing - көп функционалдуу онлайн кызматы жардамга келиши мүмкүн.

«Get started» дегенди басып, ортодо ачылган жерден видеону компьютерден жүктөп алсаңар болот, же YouTube-дагы керектүү видеого шилтемени койгула - ал автоматтык түрдө жүктөлүп калат.

Видео кызматка жүктөлгөндө жөнөкой видеоредактор ачылат. Анын жардамы менен керектүү үзүндүнү кесип алгандан кийин «Export» дегенди басабыз. Болду.

Бул кызматта катталбай эле акысыз иштей берсе болот. Бир гана биз кесип алган видеонун үзүндүсүндө бул сайттын эн белгиси коюлуп калат. Андан арылгыңыз келсе катталуу керек.

Катталгандар акысыз 3 иштетилген видеону эн тамгасыз жүктөй алышат.

__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо


Кепти же аудиону текстке оодаруу жолдору тууралуу - 2 //

Мурдагы постумда кепти, же аудио (видео) файлды текстке айлантууда пайдасы тие турган онлайн-кызматтар (конверторлор) тууралуу сөз кылгам. Бүгүн компьютерге жүктөлүүчү программалар жана мобилдик тиркемелер тууралуу сөз болот.

☑️ Компьютерге жүктөлүүчү программалар:

👉 Express Scribe - акысыз программада аудиофайлдар менен гана иштесе болот. Интерфейси эски жана да орус тилин колдобойт.

👉 Lossplay — Windows үчүн акысыз программа. Бир гана анда автоматтык түрдө үндү же аудиону (видеону) текстке оодаруу каралган эмес. Бардыгын адам өзү жасаш керек. Бул ишти жеңүлдетүүгө гана эсептелген. 

👉 Laitis - компьютерди үн менен башкарууга эсептелген программа. Бирок да үн менен текстти тердирсе дагы болот. Ошол эле кезде бул программанын иштеши үчүн жакшы интернет байланышы болушу зарыл. Акысыз түрү бар. Адистердин айтымында акчага сатып алынган түрүнөн көп деле айырмаланбайт.

☑️ Смартфондор үчүн тиркемелер:

👉 Диктант - речи в текст - iOS үчүн тиркеме.

👉 Speechnotes - Android тиркеме, текст автоматтык түрдө редакторлонуп турат. Бир гана интернет байланыштын болушу абзел.

👉 ListNote - Android тиркеме. Интернетсиз, офлайн иштей берет.

👉 Голосовой блокнот - Android тиркеме. Бул тиркемеге да интернет байланыштын бар болушу зарыл эмес.


__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо




Кепти же аудиону текстке оодаруу жолдору тууралуу

Мурдагы постторумдун биринде текстти үн чыгарып окутуу тууралуу азыноолак кеп кылган болчумун. Бул темага кененирээк дагы кайрылат болушубуз керек. А бүгүн, окурмандарыбыздын биринин суранычы боюнча, үн чыгарып окуганды, же аудио (видео) файлды текстке айлантуу жолдору тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Тилекке каршы, мындай кызматтарды көрсөткөн IT аспаптарда, программаларда кыргыз тили жок. :-) Айрымдарында бизге жакын казак тили бар, бирок ал көп учурда бизге туура келе бербейт. Ошентсе да мындай кызматка муктаждык чоң болгондуктан аларды серепке алып көрүүнү туура көрдүм.

Кепти же аудио (видео) файлды текстке оодарган кызматтарды карап чыгып алар онлайн кызматтар (конверторлор), копьютерге жүктөлүүчү атайын программалар, мобилдик тиркемелер, браузердик кеңейтмелер болоорун байкадым. Алардын баардыгын бир постто чагылдыруу мүмкүн эмес. Ошону үчүн бул темага арналган 2-3 пост болот.

Мен адатынча акысыз колдонууга боло тургандары, колдонууга жеңилдери жана салыштырмалуу сапаттуу иштегендери жөнүндө сөз кылам.

Онлайн кызматтар (конверторлор):

👉 Google Документер - биринчи кезекте эле ушул кызмат эске келет. Аны колдонуу жолдору тууралуу “ЖОЛ каналына” даярдалган видеонун биринде сөз кылган элем.

👉 Speechpad - Chrome браузерине гана эсептелген атайын кызмат. Сүйлөгөн сөзүңөрдү, же аудио менен видеону текстке оодаруу мүмкүнчүлгү бар. Windows, Mac жана Linux операциялык системаларын эсептелген атайын модулдары - кеңейтмелери каралган. 15 тил менен иштейт (анын арасында казак тили бар).

👉 Dictation - англис тилиндеги кызмат. Ал дагы Chrome браузеринде гана иштейт. Кепти гана текстке айлантуу каралган. 100 тил менен иштей алат (бирок кыргыз тилин гана эмес, казак тилин да колдобойт).

👉 Speechlogger - толугу менен акысыз кызмат. Оодарылган текстти автоматтык түрдө башка тилге которуу мүмкүнчүлүгү да каралган (бирок мен аны иштете албадым).

👉 Silero - акысыз 60 мүнөткө чейин файл менен иштесе болот. mp3, wav, opus - ogg opus, ogg - ogg vorbis, flac, aiff, aac, m4a форматтагы файлдар менен иштей алат.

👉 RealSpeaker - аудио же видео файлдарды жүктөп текстке оодарса болот. Бир гана акысыз 1,5 мүнөткө чейинки гана файлды иштете аласыңар.

👉 Vocalmatic - бул кызмат дагы аудио же видеону текстке оодара алат. Бирок бул кызматта катталуу керек. Анан да бекер 30 мүнөткө чейинки файлды гана текстке оодарып алса болот.

👉 Gglot - бул кызмат дагы акысыз 30 мүнөткө чейинки файл менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо


Кененирээк маалымат бул жерде - https://tokoev.journalist.kg/kimge-wordpress-sajt-kerek/


Смартфонду каякка койгонуңарды унутканда пайдалуу болоор тиркемелер

Азыр эле кармап турган смартфонуңарды каякка койгонуңарды эстей албай, аны издеп убара болгон учурлар болду беле силерде? Менде андай учурлар көп болот.

Ошону үчүн төмөнкү андроид смартфондорго эсептелген тиркемелерди тууралуу окуп алып катуу кубандым.

Аларды орноткондон кийин, ышкырып же кол чаап койсоңор эле смартфонуңар силер тандаган үндү чыгара баштайт (же дирилдейт, же жарык чыгарат, же алардын бардыгын бир эле убакытта кылат).

Эми көп издеп убара болбойсуңар.

👉 Ышкыруу менен телефонду табуу

👉 Кол чабуу менен телефонду табуу

Бир гана эскерте кете турган нерсе, аталган тиркемелерди акысыз колдонгуңар келсе, анда көп сандагы жарнамаларды көргөнгө даяр болгула. 😀

P.S. Мага кол чабуу менен телефонду табуу ыңгайлуу эле, бирок ал менде жакшы иштебей койду. Балким, силерде башкача болоор.

#башка

__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо


Биз каалагандай скриншот кылуунун ыңгайлуу жолу

Компьютердин же ноутбуктун экранын сүрөт катары сактоо (скриншот кылуу) керек болгондо биз адатынча PrtSc бармакчасын колдонобуз. Бирок бул ыкманын ыңгайсыз жагы - экранда көрүнүп турганды гана сүрөткө тартууга болот. Документтин же сайттын экранга батпай калган жагын өзүнчө скриншот кылууга туура келет. Дагы да экранда биз скриншотко түшүшүн каалабаган маалыматтар болушу мүмкүн.
 
Аталган маселелердин айрымдарын, же бардыгын чече алган түрдүү программалар бар. Мен алардын ичинен силерге Google Chrome браузерине эсептелген Nimbus Screenshot & Screen Video Recorder аталыштагы кеңейтмесин сунуштагым келип турат.
 
📷 Акысыз колдонууга мүмкүн болгон бул кеңейтмеде экранды толугу менен же анын кайсы бир гана бөлүгүн, сайтты, документти толугу менен скриншот кылуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ал скриншотторду дароо эле редакторлосо болот. Мисалы, мен бул постумду аталган кеңейтмени, анын редакторлоо мүмкүнчүлүгүн колдонуу менен жасагам.
 
🎥 Ошондой эле экранды видео катары жаздырса болот. Бир гана акысыз тарифте анын узактыгы 5 мүнөт менен чектелген.
 
Колдонуңуздар!
 
#медиа
 
#офис

__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо


Акысыз онлайн-конвертор

Бүгүн мен акысыз онлайн-конвертор (которгуч) тууралуу маалымат менен бөлүшкүм келет.

Ишибизде кайсы бир документтерди же файлдарды бир форматтан башка форматка өткөрүү зарылчылыгы көп пайда болот. Мисалы, word документти pdf форматына, же AVI түрүндөгү видеону MP4 түрүнө. Мындайда эмне кылаарынды, кимге кайрылаарыңды билбей алдастап каласың.

Эми бул силер үчүн маселе болбошу керек.

https://www.online-convert.com/ru жогоруда айтылгандардын бардыгын эч бир программа издеп, жүктөбөстөн заматта жасаганга, эң негизгиси акысыз жасаганга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок да, баары бир, айрым чектөөлөр бар. Эми ансыз болбойт го бул заманда :-) Бул онлайн-кызматта акы төлөбөй бир саатта 3 гана конвертация кылганга мүмкүн! Бир сааттан кийин кайра 3 конвертация кылсаңар болот. Анан да конвертация болгон файлдардын жалпы салмагы 100 МБтан ашпашы керек.

Кызматты колдонуунун шартында катталуу керектиги жазылган. Бирок мен эч катталбай эле 3 конвертация кыла алдым.

Чынында, бул сайттын мүмкүнчүлүктөрү өтө көп. Аларды өзүңөр байкап көрсөңөр болот.

Мага жаккан дагы бир жагы -  кийин бул сайтты издеп убара болгуңар келбесе, атайын кеңейтмени (расширение) жүктөп, браузерге бекитип алсаңар болот.

#медиа

#офис

__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо


Кайсы почта кызматын колдоносуңар?

Бүгүн кайсы почта кызматын колдоноруңар өтө маанилүү. Киберкоопсуздук боюнча адистердин айтымында, айрым почта кызматтарын колдонуу - өтө опурталдуу. Мисалы, mail.ru почтасын. Анткени андагы бардык кат жазышуулар орусиялык атайын кызматтар үчүн ачык китептей. Жашырып не, көбүбүздүн почтабыз ушул кызматта экенин жакшы билебиз. Мени өзгөчө кейиткени, айрым мамлекеттик кызматтардын расмий почталары, же мамлекеттик органдарда иштегендердин почталары ушул кызматта болгону.

Кайсы почта кызматын колдонуу туура болот?

Gmail.com - Google компаниясынын почта кызматы. Бул компанияга тийиштүү көп сандагы пайдалуу аспаптарга, кызматтарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Башка жагынан алганда, компания колдонуучуларынын үстүнөн такай байкоо жүргүзүп келет. Ишибизге пайдалуу аналитика үчүн дешет компания. Мындайда, аккаунттагы жөндөөлөр аркылуу байкоо жүргүзүүнү кыйла чектеп койсо болот. Анан да Gmail почтасындагы кат алышуунун купуялуулугун сактоо боюнча атайын программалык кеңейтмелер бар. Мисалы, FlowCrypt — end to end шифрлөө.

ProtonMail - купуялуулука катуу көңүл бурган почта кызматы (Швейцария). Андагы каттардын бардыгы шифрленип турат. Ал эмес почта кызматынын ээси болгон компания дагы серверде сакталып турган катыңарды окуй албайт. Акы төлөнүүчү аккаунтардан сырткары акысыз тарифи да каралган. Анда күнүнө 150гө чейин кат алышса болот. 500 МБ чейин орун берилет. Орус тилине которулган.

TutaNota - жогорку почта кызматына көп жагынан окшош (Германия). Анда да акылуу жана акысыз тарифтер каралган. Акысыз тарифте каттарга 1 ГБ орун берилет. Интерфейси англис тилинде.

#офис

#медиа

#коопсуздук

__________________________

Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо


Кайсы жакта блог ачып иштетсе болот?

Ар кимибиз бир убакта өзүнчө бир блог ачып, аны алып баргыбыз келет. Же топтогон тажрыйбабыз менен бөлүшөлү деп, же кайсы бир маселелер боюнча өз ой-пикирлерибизди билдирели деп. Ага себептер көп болушу мүмкүн. Аны менен катар жазгандарыбыз да соцтармактардагыдай чачыранды болбой, кайсы бир иретте топтоштурулуп турса дейбиз. Бирок кайсы жакта блог ачып иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралганын билбегенибиз бизди токтотуп коет.

Төмөндө мен келтирген платформаларда ар бирибиз акысыз блог ачып иштетсек болот:

👉 Blogger - Google компаниясына тийиштүү платформа. Өздөштүрүүгө жеңил. Бирок акыркы жылдары бул аянтчанын популярдуулугу бир аз солгундай түштү.

👉 Яндекс Дзен - орусиялык платформа. Өтө жөнөкөй. Бирок башында окурмандарды табыш кыйын. Бул аянтчада кыргызча блогдордун жана кыргыз окурмандардын саны аз.

👉 Teletype - жөнөкөй, бирок бир топ жакшы мүмкүнчүлүктөр каралган онлайн кызмат. Бул жерде да, тилекке каршы, кыргыз тилдүү окурмандарды табуу кыйын.

👉 Medium - акын-жазуучулар, журналисттер, блогерлер арасында популярдуу платформа. Бир гана алардын көбү чет элдиктер. :-(

Аталган платформаларда блогерлер аянтчалардын ээлерине көз каранды. Платформа жабылса блогуңарды да башка жакка көчүрүүгө туура келет. Эгерде эч кимге көз каранды болгуңар келбей, өз блогунарды ачып иштеткиңер келсе мен WordPress-те өзүнчө сайт ачып иштетүүнү сунуштайт элем.

Жакындан бери мен WordPress боюнча сабактарды өткөрө баштадым. Каалоочулар болсо окутуу курстарым тууралуу кенен маалыматты бул жерден алаласыздар.

#блогинг

__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.

227

obunachilar
Kanal statistikasi