Эмгек министри Равшанбек Сабиров майыптуулугу бар жарандардын суроолоруна жооп берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров майыптуулугу бар жарандар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр кайрылууларды угуп, суроолорго жооп берди жана көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулады. Жарандар Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда реабилитациялык борборлорду ачуу, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесиндеги айрым категориядагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, ошондой эле бут кийимдердин сапатын жана моделин жакшыртуу темаларын көтөрүштү. Кошумча реабилитациялоо жана адаптациялоо программаларын кеңейтүү зарылдыгы талкууланды.
Министр ошондой эле өлкө жетекчилиги жарандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын белгиледи:
«Бүгүн биз олуттуу жылыштарды көрүп жатабыз – мектептер, бала бакчалар, жаңы социалдык объектилер ачылууда, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эмгек министрлиги көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деди ал.
Равшанбек Сабиров мындан аркы кызматташууга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.