Матраимовдордун мафиясын, алардын криминалдарды каржылоосун, биргеликте иш алып баргандарын толук талдап, этап-этап менен жок кылганын азыр анализдеген адам Садыр Жапаровдун тактикасын жана стратегиясын эми түшүнүп жатса керек.
Садыр Жапаров саясий лидерлердин арасынан стратегиялык пландаштыруу, мамлекеттин жана жарандардын жыргалчылыгына багытталган пландарын баскычтарга бөлүп ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү менен айырмаланаары эми айкын көрүндү десем жаңылбайм.
Ушундай татаал жана тарыхый чечимдерди ишке ашыруунун жолунда канчалаган саясатчылар, эксперттер ар кандай терс пикирлерди жаратып, Садыр Жапаровду жана анын командасын криминал, мафия менен байланыштырып, кандай гана каралоо, негизсиз айыптоолорду таккан жок?!
Аткарган жумушу сөз менен гана чектелген көптөгөн сынчылардан жана оппоненттерден айырмаланып, Жапаров мафияга, коррупцияга жана криминалга багытталган реалдуу иш-аракеттерди көрсөтүп, өзүнүн натыйжалуу лидерлигин жана ишмердүүлүгүндө атайын тактикалары бар экенин далилдеди.
https://www.instagram.com/reel/C5Ajmq8Ivoq/?igsh=bmtveXhlZnI4dWJ2