Суроо. 1)никени жаныртын турса болобу? канча убакта же канча жолу?
2) үй бүлөдө эркек менен аял кай жерде жүргөндүгүн бири бирине эскертип туруу милдеттуубү?
Жооп. 1) никенин мөөнөтү болбойт, обнавления кылып тура тургандай нике телефон тиркемесиндей эмес, талак эле түшпөгөн болбосо жаңылоого негиз жок.
2) Аял жолдошуна кабар берип туруш керек, эркек аялга берүүнү өзү маанисиз нерсе.
Эркек адал оокат издеп кайда гана барбайт.
Ал эми жолдошуна ишенбеген аял отчет алып гана ишене алам десе жаңылышат, эркек жаман жака басам десе каалагандай баса берет аялынын руху да туйбай калат.
Жараткан инсап берсин эркеке.
Ал эми аялдын отчет берип турганы аялга ишенбестиктен эмес аялдын коопсуздугу үчүндүр. Аял үчүн эркек жоопкерчиликтүү.
Жооп берген Мухаммадалим Халил устаз
Телеграм каналга кошулууңуз!
https://t.me/firdauskanal