🔹2024-жылы Мамлекеттик салык кызматы салык чогултуунун рекорддук деңгээлине жетип, өлкөнүн бюджетине 228,2 млрд сом жыйнаган.
🔹Келип түшүүлөрдүн негизги булактары төмөнкүлөр болду:
– Ички товарларга КНС – 39,4 млрд сом,
– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНС – 37,9 млрд сом,
– Киреше салыгы – 26,5 млрд сом,
– Пайда салыгы – 20,1 млрд сом,
– Алтын казуучу компаниялардын кирешелерине салык – 16,1 млрд сом,
– Бирдиктүү салык – 15,08 млрд сом,
– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко акциз – 13,3 млрд сом.
🔹2023-жылга салыштырмалуу келип түшүүлөрдүн өсүшү байкалууда:
– Ички товарларга КНС 9,6 млрд сомго көбөйдү (+132,4%),
– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНС – 5,2 млрд сомго (+115,9%),
– Киреше салыгы – 4,7 млрд сомго (+121,4%),
– Пайда салыгы – 2,5 млрд сомго (+114%),
– Алтын казуучу компаниялардын кирешелерине салык – 5,5 млрд сомго (+152%),
– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко акциз – 587,7 млн сомго (+104,6%).
🌐
https://sti.gov.kg/news/details/b1bd7fcf-3fac-4db5-bc64-3a4fbb09a160