"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 2-утушунун жеңүүчүлөрү
1-октябрда Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи утушу өтүп, түз эфирдин жүрүшүндө баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Утушка "Салык чек" тиркемеси аркылуу сканерленген кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 11 млн 730 миң 471 билет катышты.
Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.
Атап айтканда, байгелердин ээлери аныкталды .