Ислам Онлайн KG


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


ИсламОнлайнKG баракчасынын расмий каналы

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Этикаф деген эмне?
So‘rovnoma
  •   Этикаф бул –Рамазанда түнкү намазды калтырбай окуу.
  •   Этикаф бул Рамазанда Куранды бир жолу окуп чыгуу.
  •   Этикаф бул – Рамазандын акыркы он күнүндө мечиттен чыкпай ибадат кылуу.
73 ta ovoz


Этикаф – Куранды окуу, намаз окуу, зикир кылуу, дуба жана башка да ибадаттарды бириктире турган ибадат. Этикафтын кыйынчылыгын бул ибадатты кылып көргөн гана адам билет. Бул ибадатты чын ыклас, чын ниет менен кылам деген адамга Аллах жардам берет.

5⃣ Рамазан умрасы

Хадисте: “Рамазанда умра кылуу ажылыкка тең келет” – деп келген. (Бухари, Муслим)
Мына ошондуктан да мусулман адам өзгөчө Рамазан айында умра кылууга аракет кылуусу керек. Анткени ага ажылык кылгандай сооп берилет.

6⃣ Кадыр түн

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: “Кимде-ким Кадыр түнүн ыйман менен жана сообун үмүт кылып өткөрө турган болсо, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет” – деп айткан. (Бухари, Муслим)
Аллахтын элчиси жана сахабалар Кадыр түндү издешип Рамазандын акыркы он түнүн көп ибадат кылуу менен өткөрүшөт эле. Бул күндүн жакшылыгынан куру калган адам эң чоң жакшылыктан куру калган адам болуп эсептелинет.

7⃣ Дуба менен истигфарды көп айтуу

Рамазан айынын ар бир убактысы эң кынбат, табылгыс убакыт. Мына ошондуктан бул убакытты кадырлай билүү керек. Бул айдын ар убактында көп-көп дуба тилектерди кылуу зарыл. Өзгөчө мына ушул убакыттарга көбүрөөк маани берүү керек:
1. Ооз ачардагы убакыт. Орозо кармаган адамдын ооз ачар алдында кылган дубасы кайтарылбайт.
2. Түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгү.
3. Ооз жабар учурундагы убакыт.

8⃣ Туугандар менен мамилени күчөтүү

Мусулман адам бул айда туугандык мамилени күчөйтүүгө өзгөчө маани берүүсү керек. Анткени бул да чоң сооптуу иштерден.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: Мен Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын: “Кимде-ким ырыскысы кең жана өмүрү узун болуусун кааласа, анда туугандык карым-катнашта болсун”. (Бухари)
Туугандар менен жылуу мамиледе болуу – көркөм мүнөздүүлүк. Ал эми алардан туугандык мамилени үзүү – чоң күнөөлөрдөн. Ыйык Курандын он тогуз аятында Аллах таала адамдарды туугандар менен жакшы мамиледе болууга чакырат. Ал эми үч аятында туугандык байланышты үзгөндөргө наалат жана акыретте аларга азап болоору айтылат.
Туугандык мамиле эң азында учур-учуру менен салам берип, ден-соолук сурап туруу менен болот.

✍ Ильяс Рыскулов


РАМАЗАНДА КАНДАЙ ЖАКШЫ ИШ-АРАКЕТТЕРДИ КЫЛУУГА КӨБҮРӨӨК МААНИ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Рамазан айында оозду бекитип, орозо кармоо менен биргеликте башка да жакшы иш-аракеттерди кылуу зарыл. Анткени касиеттүү Рамазан айында аткарылган ар бир иш-араккеттин сообу эселенип берилет. Бул айда Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, жана улуу сахабалардын өзгөчө маани берип аткарган ибадаттарды бизда аткарууга умтулуубуз керек. Алар:

1⃣ Түнкү намаз

Аллах таала Куранда Өз кулдарын мактап мындай дейт: «Алар түн ичинде Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат». (Фуркан сүрөөсү, 64-аят)

Пайгамбарыбыз да хадисинде ушундай дейт: “Кимде-ким Рамазанда ыйман менен жана сооп үмүт кылып (түндө) намазга турган болсо, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет”. (Бухари, Муслим)

Мына ошондуктан да мусулман эч убак Рамазанда таравих намазын калтырбоосу керек. Колунан келишинче намазды имам менен бирге толук окууга аракет кылуу зарыл. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

“Кимде-ким имам менен намазын бүтүргөнчө аны менен бирге окуса, түндө намаз окуду деп жазылат”. (Тирмизи)
Мусулман мына ушундай түнкү намаздарды калтырбай окуп ар-дайым Аллахтын жогоруда Куранда эскерген мусулмандардын катарына кошулууну үмүт кылат.

https://chat.whatsapp.com/3VwF9eqWtEFBEPPIKzfRZb

2⃣ Садака берүү

Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдардын эң жоомарты жана эң берешен адам болгон. Өзгөчө Рамазан айында көп жоомарттык кылат эле.

Анас, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: “Садаканын абзели – Рамазанда берилген садака” – деген. (Тирмизи)
Рамазандагы садаканын орду башка. Ага берилген сооп да көп болот. Садаканын көптөгөн түрлөрү бар, мына ошолорго ооз ачар кылып адамдарга тамак берүү да кирет.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандарды дасторкон жайып тамак берүүгө өзгөчө маани берчү. Бул ишти кээ бир нафил ибадаттардан жогору койчу. Бул жакшылыкта дасторконго сөзсүз кедей кембагалдарды чакыруу шарт кылынбайт. Бул иште ач адамды тойдуруу маанилүү.

Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Кимде-ким ачка мусулманды тамактандырса, Аллах аны бейиштин жемиштери менен тамактандырат”. (Тирмизи)

3⃣ Куран окуу

Рамазан айы – Куран айы. Жебрейил периште Рамазан айында Пайгамбарыбызга Куранды түшүргөн эле. Мына ошондуктан да мусулман ушул айда өзгөчө Куранды көп окууга аракет кылуу керек. Сахабалардын бул айда Куран окууга маани бергендерин эскере турган болсок, Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, ар күнү Куранды хатым кылат эле. Ал эми кээ бир сахабалар Рамазандын ар үч күнүндө таравих намазында Куранды толук баш-аяк окуп бүтүрөт болчу. Кээ бирлери жети күндө, кээ бирлер он күндө Куранды таравих намазында окуп бүтүрүшкөн. Муну менен эле чектелбестен Куранды намаздан тышкары дагы көп окушат эле.
Улуу аалым имам Шаафи Рамазанда Куранды алтымыш ирет хатым кылганы риваят кылынган. Бул кандай гана чоң ибадат. Элестетели, мусулман мындай күндө ар бир Курандан окуган тамга үчүн он сооп алат. Ал эми Курандын башынан аягына чейин тамгаларын онго көбөйтө турган болсок болжол менен отуз үч миллион сооп алат. Кошумча отуз үч миллион күнөө кечирилет. Мунун баары Рамазанды эске албаганда ушундай жакшылыктарга жетет. Ал эии Рамазанда бул сооптор эселеп берилет. Эми имам Шаафи Рамазанда алтымыш ирет Куранды башынан-аяк хатым кылган болсо, ойлоп эсептеп көрүңуз кандай гана чоң соопторго жетти. Мына ошондуктан колдон келишинче бул айда Куранды көбүрөөк окууга аракет кылуу керек.

4⃣ Этикафка отуруу

Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ар Рамазанда этикафка отурат эле. Этикаф бул – Рамазандын акыркы он күнүн мечиттен чыкпай ибадат кылуу. Аны менен бирге, ибадаттан башка эч бир иш менен алектенбөө. Жан дүйнөсүн, жүрөгүн толугу менен ибадат кылууга арноо.


Noma’lum dan repost
Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish














Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
🎥 РАЖАБ АЙЫ ТУУРАЛУУ КЕЛГЕН МААЛЫМАТТАРДЫН БААРЫ НЕГИЗСИЗ

Абдишүкүр ажы Нарматов

⚠️ Ражаб айынын биринчи күнү 13-январга (2024-ж.) туш келет. Жогорудагы видеону сөзсүз көрүңүз. Себеби бул ай туурасында көптөгөн негизсиз маалыматтар интернетте таркап жүрөт.

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз











20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.