#Жыргалбек_КАСАБОЛОТОВҮЧ КАЛАА(Толук Бек Байзакка)Тузун татсаң тузак болуп байлаган,
Турмуш өзү тыным албай кайнаган,
Сепилинде Москванын зеригип
Сен деңизди сагындыңбы кайрадан?
Көкөйүңө тийгичекти кыш болгон,
Көпчүлүккө метросу жыш толгон,
Көрүп коюп жатсаң керек айнектен
Көчөлөрүн көк жылгаяк муз тоңгон.
Бизде болсо баягы эле көрүнүш,
Бишкек жатат, калыбында көнүмүш.
Терезеде тоону тоскон көп үйлөр
ТЭЦтен чыккан түтүн тургай көңүл ыш.
Айрый албай караларын агынан,
Арыла албай жүрөктөгү тагыман
Эжем, байкем тирүү кези элестеп
Эмнегедир Стамбулду сагынам.
Бирде турмуш деңиз болуп термеди,
Бирде көңүл көккө канат сермеди.
Биз таба элек бир чындыктын учугу
Биз бара элек табышмактуу жердеби?
Ай, ким билет... Кимдер кандай түшүндү?
Аңгыратат түркүн ойлор ичимди.
Алыс-жакын айрымасы калбастан
Азыркынын кең дүйнөсү кичирди.
Толкун жиреп толгон-токой кемеси,
Торго түшүп жер шарынын денеси,
Мөңгүлөрдүн эригенин көргөндө
Мөлт дей түшөт эски күндүн элеси.
Агуудабыз ар кай жакка чачырап,
Андагыдан мезгил учат батыраак.
Өтөй турган милдет улам көбүрөөк,
Өмүр болсо жартысынан азыраак.
Алды жакта күтөт кайра деңизиң.
Азырынча арсар менин келишим.
Барып калсаң, салам айтып Бишкектен
Балыктарга жем берип кой мен үчүн.
____________________
👉 Башка канал:
"КЫСКА-НУСКА"🖌️
Авторлор🙏
Каналга колдоо көрсөтүү