Урматтуу Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Сиздердин тайманбас аракетиңиздердин натыйжасында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш натыйжалуу уланып, учурда өз жемишин берүүдө.
Ак ниет ишкерлердин эмгегин сүлүк курттай соруп, жарандардын бейпил турмушуна бүлүк салган кылмыштуу топтордон чечкиндүү түрдө арылып жатабыз. Экономикалык өсүшүбүзгө ушундай эле зыян келтирген чиновниктер дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.
Жыйынтыгында өлкөбүздүн казынасына миллиарддаган каражаттар кайтарылып, экономикабыздын өсүшүнө олуттуу салым кошулду.
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр жана кажыбас кайрат каалайбыз. Үй-бүлөңүздөр менен бакубат турмушта өмүр сүрүңүздөр. Майрамыңыздар менен!
@kgmilitarist |
Прислать контент