Postlar filtri


Париж, Будапешт калааларынан элчиликтерге имараттар, ал эми Германияда батир алынган. Кыргызстан 2024-жылы кайсы мамлекеттерден кыймылсыз мүлк сатып алганын Тышкы иштер министрлиги санап берди Жээнбек Кулубаевдин айтымында Кыргызстан былтыр чет мамлекеттерде бир нече кыймыылсыз мүлктөргө ээ болгон. "Новосибирск шаарында консулдукка имарат, ал эми Австрияда Башкы консулдуктун кызматкерлерине кеңсе жана батир алынды. Түштүк Корея менен Женевада да кыймылсыз мүлк алууну пландап жатабыз. Бардыгы эми бизге уруксаттын качан берилгендигине байланыштуу. Мисалы, Вашингтондо процедуралар татаал болгондуктан азырынча уруксат бериле элек", — деген ал. Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров ижарага алгандан көрө сатып алган өлкө казынасына пайдалуу болорун айтып, мамлекет чет элден дипломаттар үчүн батир жана кеңселерди сатып аларын айткан эле. @kgosho Билип жаша!


Америкалык окуу жайлар чет элдик студенттерин 2025-жылдын 20-январына чейин кампуска кайтып келүүгө чакырып жатат . Бул Трапмтын бийлике келиши менен байланыштуу




АКШнын ондон ашык университети чет мамлекеттик студенттерине көрсөтмө берип, аларды 20-январда шайланган президент Дональд Трамптын инаугурациясына чейин кампуска кайтып келүүгө үндөдү. Бул тууралуу CNN билдирди.


Эске салсак, АКШнын жаңы шайланган президенти буга чейин бийликке келгенден кийин массалык депортациялар, анын ичинде учурда өлкөдө мыйзамдуу түрдө жүргөн көптөгөн адамдардын статусун жокко чыгаруу тууралуу бир нече жолу айткан. Ал ошондой эле студенттердин демонстранттардын визасын жокко чыгарам деп опузалап, биринчи мөөнөтүндө саякатка чыгууга тыюу салган, мунун натыйжасында миңдеген адамдар кыйын абалга тушугушкан.


Мектептер да чет элдик окуучуларына АКШнын ичинде саякаттодо мектепке таандык экендигин далилдеген кошумча документтер менен жүрүүгө багыт берүүдө.





@kgosho Билип жаша!


Египеттин Александрия деңизинин жээгинен дайверлер тарыхый баалуулуктарды таап алышкан. Эми алардын абаккакесилүү коркунучу бар



Деңиздин тереңине чумкугуганды сүйгөн суучулдар суу түбүнөн 448 экспонат, анын ичинде 305 тыйын, 53 айкел, 41 балта, 20 даана баалуу жана коло буюмдарды, 14 коло чөйчөк жана 3 айкелдин баштарын таап алышкан. Булардын барын жергиликтүү мыйзам боюнча Египет бийлигине өткөрүп бериштери керек эле, бирок туристтер сатып акча кылууну көздөшкөн. Мындай аракеттери үчүн эми алар түрмөгө кесилиши мүмкүн.


Египеттин Ички иштер министрлиги адистерге таянып билдиргенине караганда, табылгалар биздин заманга чейинки 500-жылдан биздин замандын 400-жылдарына таандык.

Тыйындардын көпчүлүгүндө арстандардын, пилдердин, таш бакалардын, дельфиндердин, киттердин, чаяндардын сүрөттөрү чегилип, кылдат кооздолгон. Алардын экөөсүндө грек мифологиясындагы өлбөс канаттуу Пегас жылкысы түшүрүлгөн.

Бардык табылгалардын деңиз суусунун кылымдар бою таасири менен шартталган кычкылдануунун натыйжасында бирюза түскө ээ болгону айтылат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленген.






@kgosho Билип жаша!


"Унаа" мекемеси жаңы жылдык каникулга байланыштуу төмөндөгүдөй режимде иштейт.


31-декабрда ишкананын бардык бөлүмдөрү саат 17:00гө чейин ачык болот. Ал эми 1-7-январь күндөрү жарандарды кабыл албайт. 2025-жылдын 8-январынан тарта кадимки тартипте иштей баштайт.


Бул мекеменин бардык аймактардагы бөлүмдөрүнө тиешелүү.





@kgosho Билип жаша!


Автотранспортторду милдеттүү камсыздандыруу полиси боюнча салынчу айы пул 1-январдан, 1-июлга жылды



2025-жылдын 1-январынан тарта кирчү ОСАГО (транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси) 1-июлга жылдырылды. Аны жарым жылга жылдыруу сунушун Экономика министрлиги берген болчу. Эми 1-январга чейин эмес, 1-июлга бардык автомобилдер милдеттүү камсыздандыруудан өтүүсү зарыл.


Автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.






@kgosho Билип жаша!


Садыр Жапаров түрмөдөгүлөр тинтүүгө алынып, сабалышы боюнча коментарий берди


Өлкө башчысы адаттагыдай "Кабар" агенттигине интервью берген. Анда журналист президенттин Россияда иш сапарда жүргөн учурунда СИЗО1де болгон тинтүү жана чектөөлөр тууралуу сураган.


" Мен да интернет булактарынан окуп, дароо телефон аркылуу байланышсам эч кандай адам өлүмү болбоптур. Бул жалган маалымат экен. Бирок телефондорун алуу үчүн тинтүү жүргүзүшкөнү чындык. Бир эле түзөтүү колониясынан жети жүзгө жакын телефондор чыгыптыр. Мага видеолорун жиберишти. Эмне үчүн телефондорун алып жаткандарынын себеби, түрмөдө отуруп алышып сырттагы ишенчээк адамдарды алдап, акчаларын алып коюп жатышат. Мамлекеттик кызматтагылар көп алданышат экен. Алыс барбай менин айлана чөйрөмдөгү алданып калгандардан мисал келтирейин. «Сизди президент баланча кечеге чакырды. Баарыбыз баланча суммадан акча чогултуп жатабыз, тез арада кошо кал» деп эркиндикте жүргөн жакындарын же тааныштарын жиберсе 30 миң, 50 миң сомдон бере салган мамлекеттик кызматкерлер бар.
Биринчи айымдын атын айтып, «Сени небересинин тушоо тоюна чакырып жатат, 30 миңден чогултуп жатабыз» десе 30 миң сом бере салган өзүбүздүн эле жакын тааныш эжебиз да бар. Анысынан да кечинде той көйнөгүн кийип алып, түнкү саат 10го чейин качан чакырат деп күтүп отурганычы. Күтө берип тажап, анан телефон чалса өчүк. Ошондо алдамчыларга туш болгонун түшүнүп атпайбы,

"- деп жооп берген Жапаров.


Аллё, түрмөдө жатып алып whatsapp группалар аркылуу өз "ишмердүүлүгүн" жүргүзгөн окуя бизде болду беле?







@kgosho Билип жаша!


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Түштүк Кореяда кырсыкка учураган учактан 179 киши каза болду



Бүгүн Бишкек сааты боюнча 06:07 өткөндө Түштүк Кореяда конуп жаткан учак тосмону сүзүп, күйүп кеткен. Анын ичинде Бангогдон учуп келе жаткан 180 жүргүнчү, экипаждын 6 мүчөсү болгону айтылат. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Түштүк Кореянын жарандары.

Түштүк Корея бийлиги 179 кишинин көз жумгандыгы тууралуу маалымат таратты. Учак Jeju Air авиакомпаниясына таандык.


Кырсык Түштүк Чолла провинциясындагы Муана эл аралык аэропортунда болгон.







@kgosho Билип жаша!


Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден кечирим сурады

Казакстандын Актау шаарында кулаган учак кырсыгына байланыштуу Владимир Путин, Илам Алиевден кечирим сураганын Кремль билдирди. Эки өлкө жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, Путин кырсык Россиянын аба мейкиндигинде болгону үчүн кечирим сураган.

Ал жабыркагандардын тезирек айыгып кетишин каалап, көзү өткөндөрдүн жакындарына көңүл айткан.


Азербайжандын учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганы эки лидердин сүйлөшүүсүндө талкууланган. Бул учурда Грозныйга, Моздокко жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар чабуул жасап, россиялык абадан коргонуу системалары мизин кайтарып тургандыктан, жарандык борттун конуусуна мүмкүн болбогондугу белгиленген.


Факт боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси "Аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу" боюнча кылмыш ишин козгоду.

Алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, жарандык жана аскер адистери суракка алынууда.


Учурда Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери Грозныйда жүрүшкөнү айтылат.
Маалыматта Россиянын, Азербайжандын жана Казакстандын тиешелүү кызматтары Актау шаарына жакын жердеги кырсык болгон аймакта тыгыз кызматташып жаткандыгы айтылат.





@kgosho Билип жаша!


2025-жылдын 1-январынан тарта тамеки продукцияларына болгон баа жогорулайт. Наркты өкмөт бекитти

▪️Эми 20дааналык 1 тамеки кутучасы – 110 сом

▪️IQOS үчүн стиктер– 110 сом

▪️Бир жолку колдонулуучу электрондук чылымдардын даанасы – 350 сомдон башталат

▪️Электрондук вейп жабдыктары – 1400 сом.

Өкмөт мындан ары аталган продукцияларга бааны жыл сайын көтөрүп туруу чечимин кабыл алган.
Мисалы 2026-жылдан тарта 1 куту эң арзан чылым 120 сомду түзөт. Ал эми электрондук тамекилерге болгон тыюу 2025-жылдын июлунан тартып эле күчүно кирмекчи.

Албетте, бул кадамдар улуттун саламаттыгын сактоо максатында жүрүп жатканы айтылган. Бары жакшы, бирок насвайдын тизмеге кирбей калганын кандай түшүнсөк болот?





@kgosho Билип жаша!


2025-жылы мал-жандыктарды каттоо башталат. Ага Министрлер кабинети 278 миллион сом бөлдү.


2025-жылдан тарта үйүңүздө канча мышык, күчүгүңүз бар экенинен баштап, аары, балык чарба ээлеринин аары, балыктарына чейин маалымат чогулткан адистер келсе таң калбаңвз жана эреже боюнча сиз алардын суроолоруна так, ачык жооп беришиңиз зарыл.


Өкмөт бул айыл чарба багытындагы абалды мыктылап билүүгө жана саясатын жакшыртууга көрүлүп жаткан кадам экенин билдирет.

“Министрлер кабинети каттоону өткөрүүгө 278 миллион сом бөлгөн, анын 87,8 пайызы (243,9 млн сом) кызматкерлердин маянасына жана социалдык фонд төлөмдөрүнө жумшалат. Каттоо иштерине 6,8 миңден ашык кызматкер тартылат. Бирок толук масштабдуу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо зарыл. Ошондуктан эл аралык өнөктөштөр менен иштер жүрүүдө. Мисалы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 30 миң доллар бөлүүгө даяр"

, — деп айтылат маалыматта.






@kgosho Билип жаша!


Европарламенттин мүчөсү Начо Санчес Амор Евробиримдикти Кыргызстан менен болгон соода келишимдерин кайра карап чыгууга чакырды


"Кыргызстан демократиялык баалуулуктардын артка кеткени бир нече эл аралык отчеттордо белгиленген өлкө. Сөз болуп жаткан иш (Темирлан Султанбековдун камалышы) буга дагы бир мисал"

-, деген ал.

"Бүгүн бул киши абакта, ачкачылык жарыялап жатат, бирок ал мындай абалда үй камагында болушу керек эле. Ошондуктан биз, Кыргызстан менен болгон соода келишимин дагы башка келишимдер сыяктуу эле адам укуктарын коргоого негиздеген келишимди дагы карап чыгышыбыз керек",

- дейт депутат.

Кыргызстандын каерде экенин картадан таап бере албаган, ошончолук деңгээлде биздин өлкө менен иши жок бул европалык депутаттарга, Кыргызстандагы демократиянын абалы эмнеге мынчалык кызыгуу жаратты экен? Же муну катардагы Европанын Орто Азия мамлекеттеринде "демократия" деген ураандын алдында уюштуруп келген кезектеги кылыктары катары кабылдоо керекпи?





@kgosho Билип жаша!


"Москва Европага газ берүүдөн эч качан баш тарткан эмес" Мындай билдирүүнү В. Путин жасады



Россия Европага газды Польша аркылуу бергенге дайым даяр. Москва мындан эч качан баш тарткан эмес дейт РФ лидери В. Путин.


"Польша өз аймагы аркылуу өтө турган газ жолун бууп койду. Ал иштеп турган маршрут, жарылган эмес, жарактан чыккан эмес. Баскычты басып койсо эле кайра газ барып калат", -



деген Путин.

Ал ошондой эле Украина боюнча жеткирилчү газ тууралуу да айтып берген.


"Биздин газды алуу боюнча транзиттик келишимдерди жаан, эми Европаны жазалоодо. Мунсуз деле алардын абалы кыйын. Миң куб газдын баасы 500 долларга чыгып кетти... Түзүлгөн келишим жок, ага үч-төрт күндө кол кое салуу мүмкүн эмес. Эми болбойт. Ал жактарда баа кайрадан өсөт. Бул боюнча чагымчылыкты биз жасап жаткан жокпуз. Бул — алардын саясаты"



, — деген ал.





@kgosho Билип жаша!


Өзбекстанда 4 жылда дайынсыз жоголгон балдардын саны 10 эсеге өстү.


Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы төрт жылда издөөдө жүргөн жашы жете электердин саны дээрлик 10 эсеге өскөн.

Эгерде 2021-жылы 24 бала жоголсо, 2022-жылы - 36, 2023-жылы - 99, ал эми 2024-жылы (декабрь айына карата) - 203. Бул жылы дайынсыз жоголгон 18 бала дагы эле табыла электиги айтылат.

Podrobno.uz жазгандай, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кырдаал биринчи кезекте социалдык жана үй-бүлөлүк көйгөйлөргө байланыштуу.

Балдардын үйдөн качып кетишинин жалпы себеби ата-энелердин ортосундагы пикир келишпестик.

Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, көптөгөн өспүрүмдөр өз алдынчалыкка умтулуп, чоңдордон эркиндик жана көз карандысыздык издеп үйдөн качып кетишет.

Дагы бир себеп – эл көп чогулган жерлерде (базарларда, соода борборлорунда) ата-энелер тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай, көзөмөлдүн жоктугу. Ошентип, кичинекей балдар көбүнчө адашып калышат.

Дайынсыз жоголгон балдардын кылмыш сценарийлери бардык катталган иштердин 1%дан азын түзөт.







@kgosho Билип жаша!


Эми коррупция боюнча соттолгон адамдар төмөнкү кызматтарга бара албайт. Мыйзам долбоору кабыл алынды

🔹Акыйкатчы 🔹Аким жана анын 1-орун басарлыгына 🔹Айыл өкмөтү кызматына 🔹Шаар мэри 🔹Муниципалдык кызматтарга 🔹Мамлекеттик кызматтарга 🔹Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына

Соттук иши мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу токтотулса же амнистияга туш болуп бошонгондор, мурдагыдай болуп аталган кызматтарга иштей албайт

Бары жакшы деңизчи, бирок тизмеден эмнеге саясий кызмат жана ЖК депутаттыгына дегенди көрө алган жокпуз?







@kgosho Билип жаша!


Дин багытындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзамдар пакети 3 окуудан өттү. Эми коомдук жайларда никаб, паранжа кийүүгө болбойт


Эми коомдук жайларда жүзүн жапкан кийимдерди себеби жок кийүүгө болбойт. Анын ичинде диний түшүнүктө кийилген никаб, паранжалар да бар. Муну менен катар эле бети, башын жаап, беткап тагынып алууга да тыюу салынат.

Мындай тыюу аял, эркек жынысына карабайт. Максаты жарандардын өздүгүн аныктоодо келтириле турган тоскоолдуктарды болтурбоо. Мындан сырткары эми мечит курууда алгач уурксат алуу талап кылынат жана курулган ар бр мечит каттоодон өткөн соң гана иштөө укугун алат.

Мурдагыдай болуп каалаган адамдар жер тилкесинен кертип мечит курууга бөлүп бере албайт.





@kgosho Билип жаша!


Шайлоодо добуш сатууга 10 000ден 20 000 сомго чейин айып салуу сунушталууда. Макулсузбу?



ЖК депутаты Бактыбек Чойбеков мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык Кылмыш жаза кодексине толуктоо киргизилип, шайлоолордо добушун акчага же башка материалдык баалуулуктарга саткандарга жана сатып алгандарга айып пул салынат.


Айып пул жеке жактарга 10 000, юридикалык тараптарга 20 000 сом салуу сунушталган.


Ошондой эле добушун сатып алууга көрүлгөн аракет тууралуу алдын ала кабарлаган жарандар жоопко тартуудан бошотулары айтылат.


Бул мыйзам иштерине ишенесизби?





@kgosho Билип жаша!


"Жылдын алмаштыргычы"! Нурлан Шакиев жаңы жылдан тарта фамилиясын өзгөртөрүн айтты


ЖК төрагасы Шакиев 2025-жылдан тарта Шакиев болбой каларын жар салды. Ал документтерин Тургунбек уулу Нурлан кылып өзгөртүп жатканын белгиледи.



Бул кыргызстандыктарга эмне берет десеңиз...





@kgosho Билип жаша!


"Салык кызматкерлеринин кудайдан кийин эле менмин дегенин токтотуңузчу". Депутат Бактыбек Сыдыков, Алмамбет Шыкмаматовго кайрылды



"Алмамбет Шыкмаматов, кудайдан кийинки эле менмин дегенди токтотуңузчу. Мен азыр Салык кызматынын кызматкерлери тууралуу айтып жатам азыр. Анан велосипед ойлоп табуунун кереги жок. Билесиңер, Салык кызматын санариптештирүү боюнча Россия учурда алдыда баратат. Мына ошолрдон эле керектүүсүн алып, үйрөнөлү", -

деди депутат.





@osho Билип жаша!


Жарандардын аты, фамилиясын "кыргызчалаштыруу" мыйзам долбоору биринчи окууда өттү.


Кочкор округунан келген депутат Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоорунун автору. Ал учурдагы "ов"/"ова" жана "вич"/"вна", уулу, кызы деген мүчөлөр кала берерин айтты. Мыйзам долбоору боюнча Аманов Үсөн Аскарович болсо:


1. Аман Үсөн же Аман Үсөн Аскар уулу (кааласа) 2. Амантегин Үсөн же Амантегин Үсөн Аскар уулу (кааласа)
3. Амантегин Үсөн же Амантегин Үсөн Аскардын (кааласа)

Эми биздеги Мамлекеттик тил мыйзамындагы жазуу эрежелерине көңүл бура турган болсок алгач аты, анан атасынын аты анан гана теги жазылышы шарт.

Үсөн Аскар уулу Амантегин - бул кыргыз тилинин жазылуу эрежесине ылайык келет.

Тилеке каршы, депутаттар муну эске алышкан эмес.






@kgosho Билип жаша!


"Транспорт салыгын алып салуу боюнча комиссия иштеп жатат. Бул боюнча президенттин тапшырмасы бар" Мындай билдирүүнү Алмамбет Шыкмаматов жасады


Бүгүн ЖКда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, транспорттук салыкты алып салуу боюнча атайын комиссия түүлүп, иштеп жатканын айтты. Бул президенттин тапшырмасы экенин кошумчалады.


Ал ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда төлөнбөй калган салык же айып пулу үчүн чет мамлекетке чыгарбай коюу эрежеси жоюларын айтты. Анын маалыматы боюнча белгилүү бир суммага чейинки төлөнбөй калган салык же айып пулдарды жарандар аэропорттон эле санариптик жол менен төлөп учуп кете беришет.






@kgosho Билип жаша!

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.