Базарлар өрт коопсуздугун сактабаса 1 млн сомго чейин айып салуу сунушталды
Бүгүн, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов эл көп топтолгон жерлерде өрт коопсуздугунун талаптарын күчөтүүнү караган мыйзам долбоору сунушталып жатканын билдирди.
Тиешелүү мыйзам долбоорунда ширетүү, битум, электр жана башка өрт коркунучу бар жумуштарда коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдар каралган. Ага ылайык, соода, оюн-зоок жана коомдук жайларда эреже бузгандар 200 миң сом айыпка жыгылат.
Айыптын өлчөмү соода түйүндөрүнүн санына жана объектилердин сыйымдуулугуна жараша 500 миң сомдон, 1 млн сомо чейин жетиши мүмкүн.
Министрдин орун басары соодагерлердин саны 3000ден ашкан "Дордой" жана "Кара-Суу" сыяктуу ири базарларга жогорудагы эрежелерди бузган учурда 1 млн сом айып салуу керектигин айтты.
Ал эми “Орто-Сай”, “Ош базарлары”, “Аламүдүн”, “Ак-Суу”, “Азия” базарлары, “Береке Гранд”, “Береке”, “Табылга”, “Беш-Сары” сыяктуу сатуучулардын саны 1000 ден жогору болгон жайларда өрт коопсуздугу сакталбаган учурда 500 миң сом айып салуу сунушталат.
@kgosho Билип жаша!