УТРК News


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Ruscha


УТРК – Күндүн маанилүү саясий, экономикалык, маданият, спорт, музыкалык ж.б. ыкчам так маалыматтарды чагылдырган маалымат булагы.
Биздин веб сайт:
https://www.utrk.kg

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Ruscha
Statistika
Postlar filtri


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
29-ноябрга карата аба ырайы


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Кыргызстанда орус акчасынын сомго карата курсу арзандап, бир сом 78 тыйынга чейин түшүп кетти. Улуттук банктын 28-ноябрдагы расмий курсунда рублдын баасы 81 тыйын деп турат.

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында бир рубль 78 тыйындан сатып алынып, 83 тыйындын тегерегинде сатылууда.

Бүгүнкү расмий курска караганда: АКШ доллары 86,80; евро 91,061, бир казак теңгеси 0.1741 тыйынга бааланууда.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Бүгүн эртең менен Бишкекте автобус аялды сүзүп кетип каза болгонун күбөлөр билдирди.

Кырсык Курманжан Датка көчөсү менен Салиев көчөлөрүнүнүн кесилишинде катталган.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Такси кызматы үчүн лицензия талап кылынышы мүмкүн


Кыргызстандын курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунун үчүнчү тандоо раундунун алкагында Ирандын курамасы менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты.

Маалым болгондой, оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан - Иран беттешине билеттер kassir.kg сайтында сатылууда.


Ош шаарында соода түйүнү өрттөнүп, бир таңгак акча күйүп кеткени тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, акча күйгөндүгү тууралуу так маалымат жок.
Өрт саат 06:52де толук өчүрүлгөн.
Курманжан Датка көчөсүнүн №652 дарегинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Натыйжада жыгач менен жабылган 200 чарчы метр болгон дүкөн толугу менен күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ошто соода түйүндөр өрттөнүп, бир таңгак акча күйүп кетти


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
"Казарман" аэропорту жакын арада каттамдарды кабыл ала баштайт


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш берди.

Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №71 мектепте жайгашкан № 1142 шайлоо тилкесинде добуш салды.


Минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров шайлоого небереси менен келди


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Президент Садыр Жапаров жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө катышты


Кыргызстанда шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, азыр шайлоо системасында адам фактору жок. Анда иштер электрондоштурулгандыктан бюллетендерди аппарат санайт.

«Шайлоо аяктагандан кийин жарым сааттын ичинде маалымат жалпы республика боюнча чыгарылат. Бюллетендерди көрүп жатасыздар, шайлоочу каттоодон өткөндөн кийин бир кишиге бир гана бюллетень берилет. Ал башка шайлоо участогуна барып шайлай албайт. Азыр илгеркидей «карусель» деген жок да», — деди президент.


Талас шаарындагы 9601 шайлоо тилкесине аралыктан добуш берүү үчүн 349 жарандан арыз түшкөн.

Бүгүн, Президентин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев дагы аталган шайлоо тилкесинен өз добушун берди. Облус башчысы шайлоого уулу менен биргеликте келген.

Талас облусунда жалпы 118 шайлоо тилкеси болсо, анын бирөө аралыктан добуш берүүгө арналган


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish








Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish





20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.