Kun.kg | Расмий канал


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Kun.kg сайтынын расмий Telegram каналы
Күндүн жаңылыктары, фото, видео, инфографика, блогдор. Окуялардан кабардар болуңуз!
Окуяга күбө болдуңузбу?
бизге жөнөтүңүз 👉 @kyrgyz24

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri






Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Бул видео өткөн түнү Францияда тартылды.

Француздар марокколуктарды 2:0 эсебинде утуп алган соң француз футбол күйөрмандары жана Марокко диаспорасынын өкүлдөрү Париж, Ницца сыяктуу шаарларда көчөгө чыгып, тополоң уюштурушту.

Полиция 100дөн ашык адамды кармады.

@kunkgofficial


Интернетке туташуудагы кыйынчылыктар Кыргызстан боюнча байкалууда. Санариптик өнүктүрүү министрлиги магистралдык линиялардын биринде авария болгонун билдирди.

"Мындан улам интернет үзгүлтүккө учурады. Байланышты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы арада ал толугу менен калыбына келтирилет. Ушу тапта резервдик каналдарга өткөрүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

👉@kunkgofficial


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Россиянын Иркутск шаарына учак кулаганы айтылды

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык Ново-Ленино кичи районундагы Пржевальск көчөсүндө болгон.

Анда СУ-30 үлгүсүндөгү учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кулап, андан соң өрт чыккан. Азырынча жабыркагандар, каза болгондор боюнча эч кандай кабар бериле элек.

👉@kunkgofficial


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Алматы аэропортунда Бишкекке учуп кетчү жигиттин чөнтөгүндөгү power bank жарылып кетти

Окуя жүргүнчү текшерүүдөн өтүп бара жаткан учурда болгон.

👉 @kunkgofficial


Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин алгачкы күнүндө 11 медаль утту.

Турнир Армениянын Ереван шаарында кечээ башталган, беттештер 16-октябрга чейин уланат. Ага 23 өлкөнүн спортчулары катышууда.

Жеңүүчүлөр тууралуу толук маалымат бул жерде.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Балаңызды тез тынчтандыруу үчүн 6 массаж ыкмалары

✅ Б
алаңыз көп капризден улам тынчыбай калганда колдонуп көрүүнү кеңеш кылабыз

❗️ Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз

👉@kunkgofficial


Кыргызстанда жакынкы 3-4 жыл ичинде 20дай шыпакана куруу пландалууда. Бул боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков айтты

"Өкмөт шыпаканалар керек экенин түшүнүп турат. 200 орундуу 20 шыпакана курууга 500 млн доллар талап кылынат", — деди ал.

Касымбеков КРдеги шыпканалардын "эң жаңысы" 40 жыл мурда курулганын кошумчалады.

👉@kunkgofficial


Режиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) сыйлыгына көрсөтүлдү

APSA сыйлыгы Азия-Тынч Океан чөлкөмүндөгү 70тен ашуун мамлекеттин өкүлдөрү жараткан мыкты кинокартиналарды тандайт. Бул премия кинематография дүйнөсүндө "Азия Оскары" деп аталып келет.

"Эсимде" тасмасы 23 жыл бөтөн жерде жүрүп, акыры мекенине кайткан Зарлык аттуу карыянын турмушун сүрөттөйт.

👉@kunkgofficial


Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов UFC уюмунун экс-чемпиону, бразиялык Жозе Альдо менен беттешээри күтүлүүдө

Таймашты Россиядагы профессионалдык бокстун Hardcore Boxing лигасы уюштурат.

Абдырахманов 22 жашта. Анын рингде Кыргыз жана Кыргыз Флойд деген каймана ысымдары бар.

Жозе Альдо 2015-жылы Конор Макгрегор менен беттешке чыгып, чемпиондук курун тарттырып ийген.

👉@kunkgofficial


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү жардырууну Украинанын атайын кызматы уюштурганын айтты

"Бул — Россиянын жарандык маанилүү инфраструктурасын талкалоого багытталган теракт. Анын автору жана аткаруучулары Украинанын атайын кызматы", — деди президент.

Терактыга Россия жана башка мамлекеттин жарандарынын да тиешеси бар экени, алар даярдоого көмөк көрсөткөнү дагы айтылды.

👉@kunkgofficial


🇰🇬🥇Кыргызстандык бажычы пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиондорунун кубогунда биринчи орунду ээлеп, 6 рекорд койду

Турнир Геленджик шаарында өттү. Бажы кызматынын майору Дмитрий Дороженко 50-54 жаш жаш жана ардагерлер категориясында 1-орунду ээледи. Кыргызстандын курама командасы да биринчи командалык орунга жетти.

👉@Kunkgofficial


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
🇰🇬🥇Кыргызстандык Дархан Эргешов жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду

29 жаштагы спортчу 2-3-октябрда Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн чемпионатка катышты.

77 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Эргешов финалда ирактык Ахмед Аланини 2:0 эсебинде утуп алды.

👉@Kunkgofficial


🇰🇿Казакстан телефондук кодун жылдын соңуна чейин алмаштырат

Санариптик өнүктүрүү министри Багдат Мусин өлкө +7 кодун башкалар менен бөлүшүп жүргөндүктөн, өзүнө гана таандык сандарга ээ болгусу келгенин айтат.

Казакстанга +997 коду берилери күтүлүүдө.

Баса, бул сандар Кыргызстан (+996) менен Өзбекстандын (+998) кодунун ортосунда жайгашкан.

👉📸 Kun.kg Расмий канали


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
🇰🇬⚽️ Кыргызстандык футболчу дүйнөнүн эң таланттуу 60 жаш оюнчусунун катарына кирди

2005-жылы туулган мыкты оюнчулардын рейтингин британиялык The Guardian басылмасы жарыялады.

17 жаштагы Бекназ Алмазбеков учурда Түркиянын "Галатасарай" клубунда ойнойт. Ал быйыл жайында Мьянмагакаршы беттеште Кыргызстандын улуттук курамасынын курамында дебют жасаган.

👉📸 Kun.kg Расмий канали


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ар бир жан елум даамын татуучу

👉 @kunkgofficial


Акыркы коңгуроодо акча чогултууга катуу тыюу салынат

Билим берүү министрлиги бул күнү мектептердин айланасында өрт коркунучун жараткан жана ден соолукка коркунуч алып келүүчү фейерверк жана травматикалык каражаттарды колдонбоого чакырды.

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 9-июн саат 9:00дө болот.

👉 @kunkgofficial


Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

"Ар бир коомдун, мамлекеттин теңчилиги менен калыстыгынын чен-өлчөмү биринчи кезекте аялзатына болгон мамилесинен, көңүл буруусунан байкалат. Ошол үчүн "Аялзат — турмуш туткасы, коом күзгүсү" деп бекеринен айтылбаган чыгар.

Буюрса, жакын арада, 2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынат. Анда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын саясий турмушка жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

Аялдарды жана үй-бүлөнү колдоо, энелерди урматтап-сыйлоо — бүгүнкү күнүбүздү эле эмес, эртеңки келечегибизди да аныктай турган негизги милдет. Бул — дени сак улуттун өнүгүшүнө жана сакталышына кошкон зор салым!", —
деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстанда "Энелер күнү" майдын үчүнчү жекшембисинде белниленип келет.

👉 @kunkgofficial 👈


Куран менен ойнобогула! Муфтият саясатчыларга кайрылды

"Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз!

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок", —деп жазылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Жогорку Кеңеште казинолорго уруксат берүү мыйзамы каралып жатканда депутат Арслан Малиев колуна Куранды алып, Бакара сүрөөсүнүн 219-аятында кумарканалар "адамдар үчүн бир аз пайдасы бар" деп жазылганын айткан. Депутаттын бул сөзү кооомчулукта талкууга түшкөн.

👉 @kunkgofficial

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.

8

obunachilar
Kanal statistikasi