Кыргыз мигрант 🇰🇬


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Sayohat


Алыста жүргөн кыргыздарга керектүү маалыматтар (Sputnik Кыргызстан агенттигинин долбоору) 🇰🇬


Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Sayohat
Statistika
Postlar filtri


Москвада бир мекендешин өлтүрүп, экинчисин бычактоого шектелген төрт кыргызстандык кармалды.

Окуя 22-январда Москва облусундагы Подмосковный бульварында болгон. Полиция бөлүмүнө бульварда эс-учун жоготуп, бычакталган эки адам жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында алар Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталган. Алардын бири (18 жашта) окуя болгон жерде эле каза болгон, экинчиси (19 жашта) аймактык ооруканага жаткырылган.     

ИИМ маалыматы боюнча, полиция кылмышка шектүү деп 20 жана 21 жаштардагы төрт кыргызстандыкты кармаган. Алардын жанынан пневматикалык тапанча жана бычак табылды. Алдын ала маалымат боюнча, кылмыш чырдан улам жасалган. 

@Kyrgyzmigrant


Быйылкы жайкы сезондо Москвадан Тамчыга каттаган учактардын саны көбөйөт

Россиялык “Аэрофлот” жана “Уральские авиалинии” компаниялары быйыл учуулар апрелдин аягы, майдын башына белгиленип жатканын билдирди.

✈ “Аэрофлот” 2-майда баштап, жумасына төрт жолу учууларды аткарат

✈ “Уральские авиалинии” учактары 27-апрелден баштап Домодедово аэропортунан күн сайын учуп кетип турат

Өткөн жылы Москвадан Тамчыга чейин авиабилет 9,5 миң рубль турса, быйыл баалар кымбаттап, 11,7 миң рублдан башталмакчы.

@Kyrgyzmigrant


Москвада кыргызстандыктардан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалды.

ИИМ алар мекендештерин тоноп жүрүшкөнүн билдирди. 11-январда түнү кыргыз жаранын кыйнап автоунаага салып барып, сабап 100 миң рубль талап кылышкан.

Жабырлануучу ИИМдин Россиядагы өкүлүнө кайрылган.

Кармалгандар:

🔸Базар-Коргон районунун тургуну 30 жаштагы Ж.А. ("Аза большой" каймана аты менен таанымал);
🔸Базар-Коргон районунун тургуну 30 жаштагы О. уулу Э.;
🔸Лейлек районунун тургуну 34 жаштагы С.А.;
🔸Талас районунун тургуну 24 жаштагы Ж.Н.

Бул топтун башка кылмыштарга дагы тиешеси болушу мүмкүн, милиция алардан жабыркагандарды +7 926 890-87-00 номерине кайрылууга чакырды. Купуялуулук сакталат.

@Kyrgyzmigrant


Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстанга 33 миң 893 унаа алып келинген. Алар 40тан ашык өлкөдөн импорттолгон.

1000ден ашык машина келген мамлекеттер:
🇰🇷Түштүк Корея – 7342
🇬🇪Грузия — 6560
🇷🇺Россия — 6 383
🇺🇸АКШ — 4605
🇯🇵Япония – 2751
🇱🇹Литва — 1991
🇨🇳Кытай — 1301

@Kyrgyzmigrant


Бишкектен Москвага дагы эки авиакаттам кошулат. Бул туурасында "Манас" аэропорту билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-февралдан тарта "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек — Москва — Бишкек багыты боюнча шаршемби жана жекшемби күндөрү учат.

Учурда Avia Trafic Company, "Аэрофлот" жана "Ураль аба жолдору" компаниялары жумасына 38 жолу каттамга чыгууда. 

@Kyrgyzmigrant


❗️Эми Москвада мигранттарды кошумча медициналык текшерүү акысыз болот.

Бул кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусунан кийин ишке ашырылган.
"Жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталган жана тийиштүү дарылоону талап кылган учурда чет өлкөлүк жаран Москва шаарындагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлүүгө тийиш. Бул учурда жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн акы алынбайт", — деп билдирди Россиядагы элчилик.

Россиядагы мигранттар 10-январга чейин сөзсүз түрдө манжа изин каттатып, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өтүүсү керек деген талап коюлган эле.

@Kyrgyzmigrant


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Россиядагы мигранттар 10-январга чейин сөзсүз түрдө манжа изин каттоодон өтүп, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өтүүсү керек.

Бул талап Россияда 90 күндөн ашык болууну пландагандардын баарына тиешелүү. Кыска мөөнөттүү сапарлар үчүн талап кылынбайт.

@kyrgyzmigrant


Мекен-карт тууралуу жогорку трибунадан үч жылдан бери айтылып келет. Быйыл 50 миң документ жасалып, жакында берилгени турат (буюрса).


Мекен-карт 10 жылдык мөөнөткө берилет, баасы 10 миң сом.
Аны алгандан кийин боордоштор төмөнкүлөргө укуктуу болот:

▪️визасыз кирип-чыгуу;
▪️жашап туруу документин толтурбай эле КРдин аймагында туруктуу жашоо;
▪️эмгек визасын толтурбастан жумушка уруксат албай эле ишке орношуу;
▪️кыргызстандыктар менен катар эле медициналык жана билим берүү кызматтарын колдонуу;
▪️айыл чарба багытындагы жерлерди алуу.

Материалды толугу менен шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

@kyrgyzmigrant


⚡️ ТИМ кыргыз жарандарына Тажикстанга барбай турууну сунуштайт. Транзит катары дагы колдонбой турган жакшы.

Эске салсак, Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын былтыркы жылдын май айында толугу менен жапкан.


Тажикстанга кирүү же чыгуу боюнча керектүү маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу алса болот:

📞+996 999 312-002 — ТИМдин Консулдук башкармалыгы (Бишкек)
📞+992 887 782-223 — Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги (Душанбе)

@kyrgyzmigrant


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
❗️Россияда мигранттарды каттоо жол-жобосун жеңилдеткен мыйзам долбоору каралып жатат

Эгер ал кабыл алынса чет элдиктер кыйналып кезекке турбай, интернет аркылуу эле өздөрүнүн турган жери тууралуу Миграциялык кызматка маалымат берип калат.

@kyrgyzmigrant


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
“Сахароводон” шек санап жатасызбы? Мекендештерди кошумча текшерүүгө Кыргызстандан дарыгерлер жөнөтүлүшү мүмкүн.

“152 миңдей адам текшерилсе, 2000инен шек саналса, 1500дөйүнөн венерологиялык оорулар тастыкталыптыр. Кантип эле ушунча адам ооруп калсын, 60 жаштагы апалардан да аныкталыптыр. “Сенден күткөн жок элем акмак” деп ошол жерден бирине-бири талак берип кетип атыптыр. Үй-бүлөлөр бузулуп жатат да”, — деди депутат Нуржигит Кадырбеков.

@kyrgyzmigrant


☎️КР Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү жарандар үчүн иштеген түз байланыш номери өзгөрдү

Эми мекендештер +996 999 312 002 WhatsApp номери аркылуу күнү-түнү консулдук жардам сурап кайрыла алат.

@kyrgyzmigrant


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Кыргыз кызы Элес Намазалиева көркөмдөп муз тебүүдө Австриянын эки жолку чемпиону болду

Атасы Капар Намазалиевдин айтымында, чемпионат Төмөнкү Австрия федералдык аймагынын Санкт-Пёльтен шаарында өтүп жатат. Элес 15-16-декабрь күндөрү кыскача жана өзү тандаган программа менен муз аянтчасына эки ирет чыккан.

Мелдешке Австриянын бардык аймагынан келген спортчулар катышкан. Кыргыз кызы эң жаш катышуучулар категориясы боюнча ат салышып, жети атаандашын артка калтырган. Анын муз үстүндө чеберчилигин көрсөткөнү мыкты деп бааланып, баш байгеге ээ болгон.

Элес Намазалиева 2020-жылы да Австриянын чемпиону болгон. Ал 11 жашта, көп жылдан бери ата-энеси менен Австриянын Линц шаарында жашайт.

@kyrgyzmigrant


Москвадагы мекендештер Миграция өкүлчүлүгүнө кайрылып өз укуктарын коргоого жардам сураса болорун эскертебиз!

Эмгек акыларын бербей коюу, жумуш боюнча талаштар, чыгарып салуу, депортациялоо, миграциялык каттоо жана медициналык кароодон өтүүдө көйгөй жаралса +7 (495) 197-76-71 (кошулуу номери 205) номери аркылуу байланышып жардам сурай алышат.

Ал эми жүк-200дү мекенине алып кетүүгө бир жолку берилчү акча, кыргыз диаспоралары жана улуттук-маданий бирикмелер, жумушка орноштуруу маселелери боюнча бул номерге +7 (495) 197-76-71 (кошулуу номери 204) кайрылса болот.

КРдин Миграция өкүлчүлүгү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен 700 метр аралыкта жайгашкан. Дареги: Москва, Малая Полянка көчөсү, №7 үй, 5-катарда. Электрондук почтасы: pred.mtsom@mail.ru.

@kyrgyzmigrant


⚡️Москванын четиндеги базардан ири өрт чыкты

Россия ӨКМи билдиргендей, Балашиха шаарындагы "Стройпарк" соода борбору күйүп жатат. Жалын ачык аянтта турган курулуш материалдарынан тутанып, андан ары имаратка жайылып кеткен. Өрт 10 миң чарчы метр аянтты каптады.

Келтирилген зыян 10 миллиард рублди түздү.

@kyrgyzmigrant


❗️Россияда кошумча текшерилген КР жарандарынын жарымынан жугуштуу оору чыкты

“Быйыл 11 айда Кыргызстандын 152 миңге жакын жараны медициналык кароодон өтүп, анын 2500ү кошумча (тереңдетилген) текшерүүгө жиберилгенин билдирди. Жыйынтыгында кошумча текшерилгендердин 50 пайызында жугуштуу оору аныкталган", — деп билдирди элчилик.

Консул Манас Жолдошбеков Москванын Дерматовенерология жана косметология илимий-практикалык борборунун директору Николай Потекаев жана Саламаттык сактоо чөйрөсүнө көзөмөл федералдык кызматынын Москва шаары жана облусундагы жетекчиси Роман Курынин менен жолугушкан.

Анда Кыргызстандын жарандарынын медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр талкууланган.

@kyrgyzmigrant


❗️"Мега Химкидеги" өрт кырсыганан бир адам каза болду
Маалыматты Россиянын ӨКМи тастыктады.

@kyrgyzmigrant


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
⚡️ Өрт "МЕГА Химкидеги" OBI курулуш дүкөнүнөн чыккан. Жалын 7000 чарчы метр аянтты жалмап, өчүрүүгө авиация дагы тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

@kyrgyzmigrant


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
⚡️Москвадагы "Мега Химки" соода борборунда жарылуу болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркаган жарандар жок.

Видео: Москва Live

@kyrgyzmigrant


Мигранттарга иш берүүчүлөр жакшы айлык төлөөгө даяр, болгону татыктуу иштеп бериш керек. Мындай оюн Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов айтты.

Ал адам башка өлкөдө жакшы жашоо, жаңы мүмкүнчүлүк издеп бара жаткандан кийин ошого жараша билими жана тажрыйбасы болушу керектигин айтты.

"Алар сөзсүз эле кара жумушка барбашы керек! Андыктан бул жактан билим алып, даярдыктан өтүп алганы жакшы. Башка өлкөдө окууга кирип, жарандык алыш оңой эмес", — деди ал.

@kyrgyzmigrant

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.