КЫСКА-НУСКА


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Кыска көркөм чыгармалар.
Байланышуу - @tokoevmarat

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Жаныбек АБДРАЗАКОВ

ЭРӨӨЛ

Биздин колхоз дыйкан чарбасына тарагандан бери жаныбыз жай таппай көр
тирликтин удургуган айлампасына тушукканбыз.

Айылдын күн батыш тарабындагы сайдан нары жактагы талааны «Ой» деп коёбуз. Ойдогу көп жылдык чөп аянтынан жер тийип, анын бедесин чаап, жыйноочу мезгил келди. Жай саратаны. торгойдун таңдайын шакылдатып тынбай сайраганы, түпсүз көк асмандагы түркүн ыр-күүсү менен саймалайт. Кантсе да көңүл көтөрүңкү.

Ак куу деген жигит (өз аты Бердигул) мтЗ-80 трактору менен үймөктөлгөн чөптү тартат. ак куу – ак куу дегендей эле, трактору менен жашыл талаада бирде мында болсо, бирде тигинде шашпай сүзгөн ак куудай чөп тартып жүргөнү жүргөн. аркы жээктеги ак сарайда – таабалдынын эшигинин алдында бош жүргөн тележка көрүндү. Эгер аны чиркештирсек, жумушубуз ылдам бүткүдөй. Аны сураганы сыздык. Учураштык. Сураганыбызды эки айттырбай эле берди. Тележканын капталдарындагы узун шыргыйларды бекемдеп зым менен тартып жаттык. Дагы бир нерсе алыш үчүн мончо сыяктуу салынган үйгө кире калганымда, бөтөлкөдөгү майга жыланды чылап, оозун бекитип, илип коюптур бет маңдайга. Аны көргөндө жүрөгүм бир болк этип алды. Эшикке чыга качтым.

— Ээ, Табыке, бул эмне шумдугуң? – деп сурасам, жылмайып күлдү да, төмөнкү окуяны айтып берди.

— Ал дары, өзүнүн уусуна өзүн чылап койдум. Керек.

Анын эмнеге керек экенин айткан жок. Кечээ жаман атымды минип алып, өзүмө тиешелүү жерде уулум суу сугарып жүргөн, ошону көрүп келүү үчүн бара жаттым.

Келберсиген берекелүү кең талаам, бойго жетип пейилин салып жайкалып турган убак. Анда-санда кыңылдап Токтогулдун «Өмүр» аттуу ырын созуп бараттым.

«Ат арыбас болсочу, эй,
Жаш карыбас болсочу, эй,
Жаратканы чын болсо э-эй,
Деги, жай-жайына койсочу, э-эй»

ушунчалык эргийм. Бир маалда жолдун таманында, оң жагымда жылан тикесинен тик болуп, билинер-билинбес термелип туруптур.

— Хе, вассалоому алейкум, – деп учураштым. – Мени менен арбашайын дедиңби? Жо-ок, мен аны билбейм, досум. Сен мага керексиң! – деп аттан түштүм да желкесинен мыкчый, ийрелеңдетип кармап, эки жактан бөтөлкө издедим.

Бу байкуш бөтөлкө кайсы гана жерде, бийик-бийик тоолордогу кийик жолдорунда, кой кайтарган адырларда, чөптүү талааларда жатпайт. Ылдам эле таптым да ага куйругу менен суналтып салып оозун кепкек менен бекитип чөнтөккө салдым да, кайра аттандым.

Дагы Токомдун ыры эсиме түшөт:

«...Кайран жанды кол менен,
Жасап алар болсочу, эй...»

Бир маалда кепкектин «боп» эткен үнү угулду. Негедир ага анча маани бергеним жок. Эки жагымды каранып, не болуп кетти деген ойго келип, жолумду уланттым... Дагы эле жашоого тойбос узун өмүр эсиме түшөт.

Күн ысык. Далым оорлой түштү. Эмне болуп кетти деп күйшөлүп артымды карасам, жыландын эки ачакей тили соймоңдоп, чакчайган көзү менен менин көзүм чагылыша түштү. Бетимден чагуугабы же мойнума оролуугабы, жакындап калыптыр. Камчынын учу менен жыланды жерге ыргытууга жандалбастап шилтей баштадым. Улам силксем жерге түшүүнүн ордуна кайра жакындап улам бийиктеп, улам узарып мына, мына... төбөмө жакындап ышкырат. Ошентип жашоо же өлүү үчүн эң акыркы жан аябас, айыгышкан кармаш ушинтип уланып жатты. Өзүм ээрден кыйшайып аттан учуп түшөрүмө аз эле калды... Акыркы жолу го, камчынын учу жыландын денесине теңделе түштү бейм, күч менен катуу силккенимде ал учуп барып аттын жалына чабылды. мен оңоло калдым. «Эй, кудай, колдой көр» деген сөз оозума келе калды.

... Жылан дагы акыркы күчү менен ат жалында мага атырылды, мен кайрадан ыкчам желкесинен колум менен илип алдым да коё бербестен аттан түшүп, жерден анын башын согончогум менен жанчыдым. Ошондо биринчи жолу ушунчалык шумдук кармаш болгонун сезбей ысыкта илээлеп турган тору атыма тан берип, ызам келди да: «айбан мал!» – деп сөгүнүп жибердим.

Алыстан мени карай далдалаңдап, уулум кетменин таштап чуркап келатат. Атам жалгыз эле аттын үстүндө кыйшаңдап жатат, жинди болдубу деди го?

— Ээ, табыке, сени чоң кудай өзү сактаган тура. Өмүрүң узун болсун. Ме, бул бөтөлкөнү ич, аман бол, – деп колуна самопалды карматтым да, кетүүгө шаштым.


Ошондон баштап адам таңды куштарланып тоспой калды Күн чыккан тарапты тиктесе кум шыбак боз дубалды көрүп зээни кейийт. Жаздын жышаанасы башталганча маанайы чөгүп жүрдү. Маалы келгенде каары катуу кыш да артка чегинип, күн жылып баратат.

Короосундагы тоңголок эрип, ала-шалбырт башталганда ал дагы бир кереметке туш болду. Дубал түбүндөгү борпоң топуракты жарып чөп чыгыптыр. Кар эрип бүтө электе эле жер бетине чыгууга ашыккан чөптүн башы найзадай тикирейип учтуу экен. Али тоңголок топуракты жарып чыккан өсүмдүктү көрүү ага чоң жаңылык болду.

Буга чейин жазында өсүп чыккан чөптөрдү көрбөй жүрдү беле. Бирок аларды жер бети жашылдана баштаганда гана байкоочу. А бул жолу өз үйүнүн короосунда быйылкы жылдын жаңылыгын биринчи болуп көрүп жатат. Ал бир-эки тал сабак ымыркай өсүмдүккө жаналы калбай кубанды. Эгер талаа бетин бербей жайнап турса мынчалык таасирленмек эместир. Өз короосунда сербейип өсүп чыккан бир-эки түп гүл ага өтө кымбат эле. Жашоонун кубанычы түгөнгүс тура деп ойлоду.

Жараткан аны жакында бир ырахаттан айырса, минтип башка ырахатты берип жатат. Жакшылыктардан үмүт үзбө деген сабагы окшойт. Бул кубанычы анын кирдеп жүргөн жүрөгүн тазартып, көңүлүнө канат байлады. Ушул бактылуу сезимдин деми менен ал кайрадан жашоонун агымына аралашып, турмуштагы өз жолун улады.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Зинакан ПАСАҢОВА

ОН БЕШИ ЖАРЫК АЙ

Адам шаарга келгенине жыйырма жылдан ашкандан кийин гана үйлүү болду. Жеген-ичкенден кысып жүрүп жыйнаган акчасы шаар четиндеги көчөнүн дөңсөө жеринде жайгашкан, эскилиги жетип, кулаганы калган жапыз тамды сатып алууга зорго жетти. Короосу да тар экен. Ушул үйгө жетүүгө жарым өмүрүн сарптаса, эми эскини эптеп, оңдоп-түзөөгө калган өмүрүн короторун али биле элек.

Жаңы үйгө түн ичинде уурданып көчүп келишти. Бир машине толор-толбос жүгүнөн уялышты коңшуларынан. Балдары эр жеткичекти батирден батирге көчүп жүрүшсө кайдан дүнүйө жыйнашсын. Бирок бул түн анын өмүрүндөгү эң унутулгус түндөрдүн бири эле. Таңга маал короодогу жалгыз түп даракта түнөшкөн парандалар чукуранып үн сала баштаганда ойгонуп кетип,«өз үйүң, өлөң төшөгүндө» уктоонун жыргалына балкыды. Агарып келаткан жайкы таң да анын бул бактысына тең ортоктош болгонсуп ажайып сулуу эле. Көөдөн толгон кубанычынан уйкусу чайыттай ачылып, сыртка чыкты. Аны жашоонун дагы бир күтүүсүз белеги күтүп туруптур.

Дөңсөөдө деп иренжиген үйүнүн айваны күн чыгышты карап, алыстан мунарланган Папан тоолору даана көрүнүп турат экен. Ошол тоолордун үстүнөн агарган шоола караңгылыкты сүрүп, жер жарый баштады. Күн чыга элек, бирок асмандын чыгыш тарабы кызгылтым нурга чайылган. Ал тоонун үстүнөн буга чейин көрбөгөн керемет булуттарды көрдү. Ачык асманда эки чоң үзүк булут гана күндүн чыгышын утурлагансып жарданып турушат.Алардын күн тараптагы түрмөгү кочкул кызыл түскө боёлуп, ал эми үстү жагы капкара болуп уюлгуйт. Агарып келаткан асманда кызыл, кара булуттар алоолоп өрттөнүп жатышкансыйт. Бул ажайып кубулуш сырдуу белгидей жүрөк опкоолжутат.

Таңкы уйкудагы шаар тыптынч, таза жана серүүн аба сезимди өрөпкүтөт. Күн көп күттүрбөй эле жарк этип тоо чокусуна конду. Алтын түс жаркыраган нурлары шаардын көп кабаттуу үйлөрүн, дарактарды өпкүлөдү.Эми ал бардыгына бирдей нур чачкан кадимки күн эле. Бирок күндүн төрөлгөн маалын көргөн ажайып таң адамдын эси-көөнүнөн кетпей калды. Ушуга чейин турмуш аны камчылап эле келаткан. Жараткандын түгөнгүс сыноолоруна кайышып, каржалган абалында ага ыроологон бул белегине чексиз ыраазы.

Адам эми күндүн төрөлүшүнө ашык болду. Көзүнө уйку жукпай таң ата электе турат. Жашоонун ырахаттуу мүнөттөрүн тартуулаган күндүн чыгышын дегдеп күтөт. Алоо кызгылтым аруу шоола менен таңкы серүүн таза аба желкеден ныгыра баскан көп жылдык жүгүн жеңилдетип,ой-сезимдерин балкытат, күч-кубат бергенсийт. Ошол күндөн тартып турмуш ага оң көзүн салып, иши да жүрүшө баштады.
Кээ бир күндөрү асман бетин булут каптап, күн жүзүн тосуп калса ал да кошо бүркөлөт. Жүрөгүн кусалык ээлейт.Кечке талмоорсуп жүрөт. Күндүн көзү тазаланып чыккан күнү ага жашоо да жарый түшөт.

Адамдын бул бактысы узакка созулган жок. Короолору танапташ коңшусу жаз алды менен бир кабат эски тамын бузуп, ордун азаңгыраган ак сарай курууга киришти. Үйдүн дубалы бат эле өйдөлөй баштады. Адамдын коргонуна жанаша салынган ак сарай бийиктеген сайын күн чыгыш көрүнбөй, адамдын заманасын тарытат. Эми ал күн чыкканын көрмөк турсун кең асмандын жарымын далдаалап калган үйдүн кум шыбак дубалын тиктөөгө аргасыз. Үйдөн чыкса эле көздөрү артын салган бийик үйдүн боз дубалына урунат. Тоолорду, асманды, бак-дарактарды, күн чыгышты тосуп калган үй анын ой-сезимин да кысып, аба жетпей буулугат.

Баарыдан да коңшусунун сөзү чучугуна жетип, жүрөгүн сыздатты. «Күндү тосуп калдың го?» – десе: «Үйүмдүн артына күн, булуттун сүрөтүн тартып берем. Ошону тиктей бересиң», – дейт мыскылдуу. (Ой, тобо, көп узабай кокустуктан каза болуп, күндү өзү да көрбөй калды. Күч-кубаты ашкан гүлгүн курактагы жигит эле.) Бирок наркы дүйнөгө ак сарайын алып кете алган жок. Курган ордунда калды.Бала-чакасына да буюрбады. Аялы күйөөгө чыгып, үйдү сатып, көчүп кетти.

Адам ага сүйүнгөн да, табалаган да жок. Ал үчүн күндүн чыгышын көрбөй калуу ачуу бактысыздык эле. Жашоосун көрктөп туруучу ырахаттуу мүнөттөрдөн кол жууп калганына жүрөгү түтөйт. Жараткан аны кайсы күнөөсү үчүн ушинтип жазалаганына аң-таң.


Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА

ЭНЕМ ЖАНА ДУБАЛ

Өткөн кылымдын 60-жылдарынын аяк чени, союздун күүлдөп турган учуру десек болот. Күн ысып, алдуу-күчтүү колхозчунун баары чөп орокко кеткен маалда эртелеп айылдын бригати участкалык милиционерди, айылдын бирин-экин активдерин ээрчитип алып өйдө жактан келген дагы бир кезектеги буйрукту аткаруу үчүн жөнөштү. Бул дагы адаттагыдай эле колхозчулардын ар биринин үйүнө барып менчигине кол салуу эле. Бул жолу «чоңдор» колхозчулардын короосун тоскон дубалдарды бузууга жөнөштү. Топурактан курулган бу пакса дубалдар феодализмдин калдыгы. Социализмде ар бир колхозчунун короосунда эмне бар, эмне болуп жатат баары сыртка көрүнүп турушу керек. Ошондуктан, колхозчулар короосун дубал эмес, панжара (жыгач решетка) менен тосушу керек.

Дубалды кулатуудан чыккан чаң айылды каптап, бир да үй-бүлөдөн бирөө-жарым дубалымды бузба деп каршы чыга албай, же бузулган дубалына кайгырбай коё албай чайналып, иттер үрүп, уйлар мөөрөп, кудай бетин салбасын, жер титиреген абалды элестетип турду. Ар бир короонун дубалын ураткандан кийин чоң ишке жарагансып, корсойгон «айыл чоңдору» үй ээлерине кыйкырып коюшат:

– Айраның барбы, апкел, какап бүтмөй болдук! – дешип.

Бул жүрүш дөңдөгү биздин үйгө келгенде айылдын жарымына жетип калган эле. Дарбазадагы такылдакты уккан энем (чоң апам) бар күчү менен коргондон атып чыкты. Ийинине жоолукка таңып кичүү инимди көтөрүп алган. Кемпирди уруп коймок беле, келгендер көнүмүш ишин баштап кирди. Үч катар коюлган пакса дубалдын эми гана эң үстүңкүсүн уратууга камынганда энем жандалбастап жете калып, дубалды кучактап алды. Анан ый аралаш тургандарды тиктебей сүйлөп кирди:

– Бирөөнүн коргонун бузгандай кандай акыңар бар. Бул дубалдарды тургузабыз деп белимден айрылдым, сайдан суу ташып, дөңдөн топурак ташып, ылай кечип айлап-жылдап жүрүп араң тургузганбыз. Муну бузсаңар, эртең араң көктөткөн бу турган бактын, эгин-тегиндин баарын мал жейт. Муну бузганча мени көөмп салгыла, дубал астына! – Энем ошондо кадимкидей боздоп ыйлап жиберген.

Эл ичинде «жоош кемпир» аталган энемдин бу жоругу келгендерди бир топ сестентип койгон. Бирок баягы эле өзүн айылдын кудайы деп санаган бригадир көп ойлонбоду. Атын дубалга жакын бастырып келип, камчысы менен кемпирди башка бир түрттү:

– Андай болсо, дарбазаңдын сыртынан мык кагабыз. Коргон ичинде бала-чакаң менен отура бер. Көчөгө чыкканга, коомдук жайларга барганга уруксат жок. Силерди колхоздон да айдаймын, мугалим балаңды ишинен айдатам. Айыл маданиятын көтөрүүгө каршы болгон эскиликти колдогон адамдарды түрмөгө каматса да болот!

Байкуш энем бу сөздөрдү угуп коркуп кетти. Баарынан да эптеп окуп келип, иштеп жаткан жалгыз уулун мектептен айдап жиберсе эмне болот? Бозала болуп тура калды. Артында байлануу иним да ызы-чуудан улам ыйлап жиберди. Небересин карамыш болуп ал үйдү көздөй басканда артынан ураган дубалдын коюу чаңы асманга көтөрүлө берди. Энем «шуу» үшкүрүп сөрүгө отура калып, көзүнүн жашын үнсүз төгүп-төгүп алган.

Айылдагы дубал бузмай бүтүп, элдин баары жыгачтан, зымдан эптеп тосмолорду жасап коргондорун тосо башташты. Баарынан кызыгы кайсы үйдө эмне бары ачык көрүнүп, коргон ичиндеги бардык кыймыл-аракеттен өйдө көчөгө дайын болуп, алгач бул элге бир топ эле ыңгайсыздыктарды жаратты. Анан калса мал жыгач тосмолордон башын салып, күчү жетсе бузуп кирип келип, канча эгин-тегин зыянга учурады. Бирок бир чындык, дубалдар бузулуп, айыл көркүнө чыгып кете алган эмес.

… Көп жылдар өткөн соң заман өзгөрдү. Коммунизм курабыз деген система кыйрады. Топурактан курулган пакса дубалдар айылдарда кайрадан пайда боло баштады. Адамдар короосун гана эмес, үлүшкө алган жерлерин да узундата дубал менен тосо беришкен ушундай бир заман келди. Кимдин ким менен иши бар, эптеп тиричилигин өткөрсө болду. Дөңгө салынган биздин үйдүн коргону да кайрадан пакса дубал менен кыдырата тосулду. Бирок бул коргондун түркүгү, калканчы болгон энем, бир кезде дубал бузгучтардан дубалын чыркырап коргогон баягы мээнеткеч энем эбак көз жумган эле…


_________

👉 "Кыргыз поэзиясы"


Кайра эңкейип түтүктүн ичин карады. Байкаса өзү деле батчудай. Мына анан сойлоп кирип кетти. Башында оңой эле кирип бараткансыган. Ал тургай заматта күчүккө да жетти. Мурда болжогондой эле күчүктүн мойнундагы жип түтүктүн жаракасына илинип калыптыр. Ары-бери тарткылап атып чыгарып алды. Бирок, кызыктын баары ошол жерден башталды. Күчүктү бошоткону менен кайра өзү артка кете албай койсо болобу? Алдыга сойлогонго да болчудай эмес. Качантан бери тазаланбаган түтүктүн ичи улам илгерилеген сайын куушурулуп, тарый берет экен. Артка кетейин десе алы жетпейт. Эби да келбейт. Кийими да бир нерсеге илинип калгандай. Кыскасы, тыгылды да калды. Суу болсо барган сайын күчөп, көкүрөк-башын каптап аптыктырып келет. Оозу ылай-баткакка, акыр-чикирге толгон түтүк көлкүлдөп толуп келатат. Башын тырыштыра көтөрүп түтүктү сүзүп турганы менен барган сайын мойну талып чыкты. Суу болсо аны аячудай эмес. Акырындап алдына толуп, ээгин каптап, кичине бошоңдой түшсө оозуна кире калат.

Шаштысы кеткенде алдын карай дагы жүткүндү. Бирок, бул аны куткармак эмес. Тескерисинче, ого бетер тыгылып, сууну деңгээлин ого бетер көтөрдү. Мындай тар жерде бир сөөм аралык дагы тагдырды чечип коёт тура. Эмеле ээгинен келип турган суу эми оозуна жетип, ууртуна келип калды.

Ошол маалда сыртта бирөө болгондо жаш баланын аянычтуу чыңырыгын укмак. Улам үзүлүп, улам токтоп аптыга чыркырап аткан үндү укчу киши жок эле айланада. Көчөдө бир жан жок экенин билип турса да жан аргасы кылып, жашоо үчүн күрөшүп аткан наристенин акыркы аргасы болчу ал.

Балким ошол күнү жарык жалп этип, компьютер иштебей калбаганда, телевизор жым өчүп, Айнурдун интернети үзгүлтүккө учурабаганда биздин аңгеме мындан да аянычтуу бүтмөктүр. Балким, ошол күнү алар айласы жок бир бөлмөгө чогулуп отуруп калбаганда, балким бири-бирин нааразы болуп тиктеп, жинин кимден чыгарарын билбей кучунаштап чогулушпаганда биз бул аңгемени жазбай да коймоктурбуз. Ооба, кээде бизге жамандык катары сезилген нерселер, тескерисинче, ушинтип жакшылык менен бүтөт тура. Кай бирде бир саам өчө калган жарык биротоло жалп этчү жашоо шамына от тутантат экен. Же бир чырт этип үзүлгөн жип, же бир жалп этип өчкөн от алгач бизге жамандык, же бир кычастык сезилгени менен, кийин так ошол нерсе уланган учуктун башаты, башталар жолдун чыйыры болуп калат тура. Деги бул аңгемени жазуудагы максатыбыз дагы турмуштун так ушул оош-кыйышын баса белгилөө болуп отурбайбы.

Кыскасы, так ошол түтүккө тыгылган бала чучуктай чыңырып, өз ажалы менен күрөшүп турган маалда же бир чагылган тийдиби, же бир шамал үздүбү, айтор жарык жалп өчүп баарынын маанайын бузду. Кубан столун бир коюп компьютеринен турду, Салия пультту бир коюп ашканадан чыкты. Ал тургай вайфайдын өчкөнүнө туталанып Айнур да ваннанын эшигин ачты. Ким айтты аларга, ким чакырды ким билсин, айтор баары чубап залга кирди. Сүйлөнүштү. Нааразы болушту. Дулдуңдап бири-бирин коркутушту. Атасы уйкусу бузулганына наалыды. Апасы Мустафаны көрбөй калганына наалыды. Кызы кеби бүтпөй калганына, уулу душманын атпай калганына тырчыйды. Аны айтышты, муну айтышты. Аны каргашты, муну каргашты. Анан-анан барып Субанды эстешти. Анан-анан барып Субандын күчүк дегенин, Субандын түтүк дегенин эстешти. Анан-анан барып сырткы эшиктин ачык калганын байкашты. Дагы жакшы түтүк буларга жакын болчу. Ал эмес, бир аз тынчтыкты сактап, бир аз кунт коюп тыңшашса чучуктай чыңырып турган наристенин үнү да угулмак. Деги акыркы убакта жалаң ушул күн-түн билбеген оюн-зооктун, тыным албаган музыканын, мааниси жок сөздөр менен кайдыгерлик баскан уйкунун айынан далай чыңырыктар угулбай, далай кадамдар ташталбай калганы калп эместир. Көрсө, тынчтыктын, жымжырттыктын дагы опол-тоодой кадыры бар тура…

Эне туйду эң биринчи. Ата укту уулунун үнүн. Жалп өчкөн жарык менен ачык калган эшик алда немедей наристенин аман калышына себепкер болду…

Ким билет, балким ошол күнү жарык жарым эле саат өчпөгөндө, алда немедей наристенин жаркын дүйнөсү биротоло өчмөктүр…


________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Насыпбек АСАНБАЕВ

ЖАЛП ӨЧКӨН ЖАРЫК

Кичинекей Субан шатырата төгүп кирген жаандан улам шашмалап үйүн көздөй жөнөгөн. Бирок, үйүнө жете берерде кайдан-жайдан күчүктүн кыңшылап атканын угуп калды. Тиягын карады, жок. Биягын карады, жок. Эч нерсе көрүнбөйт. Акыры издеп атып күчүктүн үнү арыктагы түтүктөн чыгып атканын байкады. Эңкейип караса түтүктүн ичинде эки көз жылтырап турат. Бечара күчүк нары да кетпей, бери да кетпей орто ченинде туруп калыптыр. Мойнундагы жип бир нерсеге илинип калса керек. Субан аны чакырып да көрдү, түтүктүн нары жагынан чыгабы деп кубалап да көрдү, болбоду. Баарынан жаманы, төгүп турган жаандан улам туш-туштан суу чогулуп, түтүктүн ичин карай ага баштаптыр. Балким, бул суу толуп да калышы мүмкүн эле. Анда эле байкуш күчүктүн өлгөнү ошол
эмеспи.

Субан айласы кеткенде үйүн көздөй чуркады. Чоңдордон бирөө жардам бербесе болчудай эмес. Үйгө кирип түз эле салонду карай бет алды. Кудай жалгап диванда атасы жатыптыр.

— Ата! Ата! – деди Субан шашмалап. – Неме... Тиги... түтүккө күчүк тыгылып калыптыр!

Атасы былк эткен жок. Катуу уктап атканбы, же жөн эле көңүл бургусу келбедиби, айтор нары караган бойдон былк этпеди. Шаштысы кеткен Субан берки бөлмөгө чуркады. Анда компьютерин тиктеп агасы отурат.

— Кубан байке, күчүк түтүккө тыгылып калыптыр! – деди Субан. Бирок, Кубан аны карап да койбоду. Анын ордуна:

— Артыңда турат! Ат! Атпайсыңбы! – деп микрофондон бирөөгө кыйкырып кирди. Жакында бери карачудай эмес. Субанда болсо бир мүнөт дагы убакыт жок эле. Түтүк бат эле толуп калышы мүмкүн.

Эмне кыларын билбей далиске жүгүрдү. Так ушул маалда эжеси көрүндү. Ал бөлмөсүнөн чыгып келатыптыр. Бирок, ага айтканга да жетишпей калды.

— Айнур эже, күчүк... – деп эми баштап келатканда, тиги сөөмөйүн оозуна такай калып «чүш-ш!» деди да, бирөө менен шыңкылдап сүйлөшкөн бойдон ваннага кирип, эшигин ичинен илип алды. Субан эмне кыларын билбей тегеренип кетти. Ошол маалда ашканадан чоң эле кишинин үнү угулгандай болду. Көрсө, апасы сериал көрүп атыптыр. Шып этип кирип барып чырылдап жиберди.

— Апа! Түтүккө күчүк тыгылып калыптыр. Жүрүңүзчү чыгаралы!

Апасы Субанды бир карап алып кайра телевизорго тигилди.

— Э коё турчу күчүгүңдү! Биякта Мустафа өлгөн атса! Бар, кийимиңди котор! – деп койду ал ошол отурган бойдон.

Айласы кеткен Субан кайра артка чуркап баарын айланып чыкты. Атасы эчак коңурук тартып атыптыр. Эжеси болсо ваннадан чыга элек. Байкеси дагы эле «Ат! Ат!» – деп кыйкырып отурат. Апасы телевизорго байланып калган. Аңгыча, сырттан күн күркүрөп, чагылган жылтылдады. Терезени караса жаан мурдагыдан да күчөп кириптир. Тим эле чакалап куюп аткандай.

Бала сыртты бир карады да, аткан бойдон эшикке жөнөдү. Ал тургай артынан эшикти да жапкан жок. Ошол бойдон чуркап барып түтүккө жетти. Байкуш күчүк чын эле думукканы калыптыр. Суу көлкүлдөп курсагына жетип калган экен. Бүжүрөгөн неме мойнун созуп алып чырылдап кыңшылап атат. Муздак суудан чыйрыгып, эки бөйрөгү солкулдайт.

Субан түтүктүн бир тигил башына, бир бул башына чуркады. Бирок, эки жагынан тең жетчүдөй эмес. Кийими сыгып алма суу болгонун да караган жок. Акыры айласы кеткенде арыкка түшүп колун сунду. Кенедей неменин эки-үч карыш колу түтүктү бойломокпу. Эми эмне кылыш керек? Эми кантет? Ыйламсырап айланасын карады. Жаан куюп атат. Айланада бир жан жок.


Бакай АЛМАЗ

*    *   *

Муздаткычта жарты помидор турат, идиштин түбүндө азыраак томат калыптыр. Шкафта качандан калганы белгисиз макарон, столдун үстүндө сынган жумуртка бар. Келиштирип туруп даамдуу тамак жасадым. Даамы оозумда калыптыр. Ченеми жок баалуу татымал, замзамдан суу кошкон эмесмин. Чакандыкты сүйөм.

Жамгыр жаады. Мышыктар суу болду. Жанатан бери жаны тынбай көпөлөк кубалап ойноп жүрүшкөн немелер веранданы көздөй чуркап келишип, мага ыктай чалкалап алышып, капыстан төгүп ийген жамгыр кайсыл көрдөн чыга калды экен деп таңыркап, суу болгон жүндөрүн тили менен жалап-жуктап жаны тынып отуруп калышты.

Түш оогондон берки ысыкта верандадагы төшөктөрүндө үргүлөп жаткан иттер ордунан козголуп койбой, алыстарга көз жүгүртүшкөн болуп, алар да жамгырдын күүсүн тыңшап жатышат. Тооктор түнөгүнө чыгышты, жаңы ачып чыккан жөжөлөр күрпү тарай элек энесинин көчүгүн ээн калтырбай муштумдай жандарын салкын желден корголошот. Чакан аянтка катар-катар тыкандык менен эгилген эки жөөк помидор, бадыраң, баклажан, калемпир, болгар калемпири, окралар жыргап жуунуп алышты.

Дарбазадан кире бергенде тосуп ала турчу анча чоң эмес бакчадагы апельсин, лимон, шабдалы, зайтун дарактары улам бир койгулап жааган тамчыларга бой бербей чымырканышып, тик турушат. Бакчаны аралай үйгө алып кирген жолдо тизилген аппак жалпак таштар өз ыраңына чыга келишти. Бапестелип каралган көк майсаң табийгаттан энчисин алып, жашыл шибер жыты көңүлдү сергитип турат.

Эмелеки ысыктан куйкаланып турган топурак жол дыбырап жааган жамгырдан тоборсуп, жыпар жыты менен кишини мас кылууда. Алиги жаңы эле тигилип, көргөндүн көзүн кубандырган чакан бакчадан жалпак таштарды абай басып кирип келгенде атайын суу өткөрбөгөн чатыр жабылып, бою полдон шыпка жеткен көлөмдүү терезелер орнотулуп татынакай жасалгаланган ичи-тышы жапжарык үй оро-параңа чыга келет.

Ага уланып жасалган аппак кафелдери мраморду элестеткен верандадагы чакан стол, жайлуу селкинчек-диван, көргөн көздү кубанткан миң түмөн өндөгү гүлдөр жана дагы анын маңдайында майлуу боёк менен тартып койгон полотнодой кериле жыш токой орун алат. Андан ары назар сала бергенде учунан кибиреп чалкыган деңиз көрүнүп, Күн кызарып батып бараткан болот.

Төбөдө жайгашкан ушул жалгыз үйүмдөгү селкинчегимде жай-баракат желбиреп, токойдон терип келип, күнгө кактап кургаткан чөптөр менен жасап алган чайымды уурттап олтуруп, бүт өрөөндү кучагына алган алакандай уямда токойдо сайраган куштардын, эртең кайра чыга турчу Күндүн ырахатын сезип, буркан-шаркан түшкөн турмуштун ызы-чуусуна көңүл бөлүүгө убактым болбой – ага кажет деле жок абалда – ар бир өткөн көз ирмем, майда-барат көрүнүштөрдөн ырахат алып, телегейим тегиз бактылуу жашап жатам.

Таң эрте туруп тоокторума жем чачып, ар дайым белен турчу уячасынан жумурткасын алып, бакчадан терип келген помидор, көк калемпирим менен таңкы нанүштөмө камыгам. Дал ошол кездери адамга мындан башка эч нерсе керек эместигин түшүнүп жеткен болом, минималист жашоонун канчалык баалуу, барктуу экендигин бүткүл аң-сезимим менен кабылдаган болом. Эң башкысы, жашоого жана тагдырга каниет кылганды үйрөнгөн болом.

Ал эми баягы бирде дыбырап, бирде нөшөрлөп жааган эрке жамгыр болсо акыры токтойт. Жөжөлөрүм күндөрдүн биринде какылыктап жумурткасын сүйүнчүлөгөн мекиян болушат, бакчам кеңейип, мөмөлөр ээ-жаа бербей төгүлүп турушат. Эң башкысы, ак эмгегимдин үзүрүн көрүп жаткан болом.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


– Ой, туура! – деди ал шашып, – туптуура! Сый белек сеники! – деди да, 50 сомдун ордуна колуна кире калган 100 сомдук бир кагазын берип жиберди.

Дагы тымтырстык өкүм сүрдү.

Өзү бир кечиримсиз иш кылып койгондой, бардык мугалим атпайды директорун кошуп эл алдына алып чыгып маскара кылып таштагандай болуп, ал өтө жаман кыжалат абалда барып ордуна отурду. Ошол оор, ыңгайсыз тынчтыкты бузуп:

– Ии, кандай экен? – деди о бир оокумда, ошол мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалим, куду бир чоң жеңишке жетишкен сыяктуу көздөрүн жүлжүйтө кытмыр, табалагансып кыт-кыт күлүп, баарысын айландыра карап: – Тил менен адабият сабагын огеле оңой ойлогон пенделер, кандай экен? (Ким антип ойлогонун, же айтканын так айткан да жок) оозуңарга талкан сугунуп алгансып, бириң да ооз ача албай калдыңар го! Хе, дагы окутуп койгон экенбиз, мына, биздин окуучу жооп берди… Азаматсың сен, ким элең, фамилияң да эске келбей турат, чорттуку?..

«Ой, өзүң кайда элең, неге өзүң жооп бербедиң?» деген да эч ким болбоду. Жанагы ырдын автору менен атын тапкан неме: «Мен бул мектептен окуган эмесмин!» – деп да айтпады.

Мындан кийин отуруш көп деле узабады. Баары үйлөрүнө тарап кетишти. Анткени эртең сабактары бар эмеспи, окуучуларга билим беришет эмеспи!..


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ

МАЙРАМДА ОКУЛГАН ЫР

«Мугалим тегирмен сыяктуу. Тегирменге тынымсыз жаңы суу агып келип, парасын тегеретип турбаса, ал иштегенин токтотот. Демек,чанагынан чубурган данды негизги азык-ун кылып чыгара албайт. Андыктан, тегирмендин суусу жок токтоп туруусу, анын бузулуп, талкалануусуна алып келет».
Автор.

Анын бул жамаатта мугалим болуп иштегенине бир айдын эми жүзү оогондо, Мугалимдер күнү келип, баарысы жумуштан кийин өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилеп коюш үчүн мектептин ашканасында сайран курушуп, жеп-ичип, бирин бири куттукташып дегендей аския айтышып, тамашалашып, көңүлдүү отурушту. Сөз кезеги акыры ага да келип жетип, кесиптештерин куттуктаган соң, алардын аны-муну, көртиричиликти сүйлөшкөн сөздөрүнөн бир аз болсо да алаксытып, жандүйнөсүнө таасир этер деген максатта, (балким, башкалардан өзгөчөлөнгүсү келиппи же…) баарысына угуза:

– Урматтуу кесиптештер, азыр мен сиздерге бир ырды көркөм окуп берем. Эгер кимде-ким ушул ырдын авторун жана атын тапса, майрамдык белек тартуулайм. Ал – 50 сом! – деп жар салды да, өтө берилүү менен окуп кирди.

«Айнегинен чагылат аккан суунун
мажүрүм тал шактары чуудаланып.
Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу,
тарайт күмүш саамайын сууга малып…»

Шаңдуу окуп жатты ал.

«…кылыч менен талдарды чаап шакка
кетти кызыл атчандар батыш жакка,
батыш жакка күн батып бара жаткан».

Бир кезде чочуткандай селт эттире үнүн көтөрүп:

«Кушка окшоп канатка аткан
бир жаш атчан
кулады аттан…» –

деп окуусун улантты. Анын көзүнө күндүн кылкылдап батып барат-
каны элестеп турду. Кулагына аттардын дүбүрттөрү угулгансып жат-
ты. Бара-бара үнүнөн кайгы, муңайымдуулук угулуп, анан барып:

«ыйлаба, мажүрүм тал, ыйлабачы,
ыйлаба,
ыйлабачы…» –

деп бүтүрдү.

Баары тымтырс болуп калышты. Баягы саясатты «сайроочулар» да, «мен башкаларга караганда билимдүүмүн» деп үн чыгарып айтпаса да, дымагынан билинип туруучулар да, «мугалим дегендин кругозору кенен болууга тийиш. Өзүң окуткан предметиңдин окуу китебинен башка да нерселерди билбесең, анан кайсы мугалимсиң» дечүлөр да, алибетте, мектепке мойнунан байлагансып келип-кетип жүргөндөр да, атургай мектептин директору, анын орун басарлары да үн чыгарбай калышты. Өлүү тынчтык алда канчага созулду. Мунун себеби: окулган ырдын көркөм касиетиби, же берилген тапшырманын татаалдыгыбы? Бул, ал үчүн табышмак эле. Акыры чыдабады окшойт бир математик мугалим:

– Ой, бул Аалы Токомбаевдин ыры да… – дей салды. Анын бул айтканына караганда акын атпайлардан А.Токомбаевдин гана атын биле тургандыгы сезилип турду. «Туура эмес» дегенчелик кылып, ал башын чайкады.

Дагы тымтырс болуп калышты. Убакыт өтүп жатты. Ал ичинен өзүнө өзү кейип койду: «Кайдагы балээни баштадым эле?!. Мугалимдердин мынчалык экенин («өтө билимсиз экенин» дегиси келип, бирок өзү да мугалим экенин ойлоп, анте албады) кайдан билдим кокуй?! Ушу алтымыш ашык мугалимден кантип эле бири билбесин?»

Аңгыча мектептин директору ишенимдүү өкүм үнү менен:

– Эй, жолдоштор, токтогула,– деди эле баары ага карап калышты. «Кудайга шүгүр, – деп ойлонду ал, – бар экен го бир адам!..» Үмүттөнө карады ал директорду.

– Менимче,– деди директор сөзүн чоё айтып, – бул жигиттин өзү да ыр жазып жүрөт деп укканмын. Абдан берилип, жүда кайдасын келтирип, айтканына караганда, бул ырды өзү жазган, ырдын атын алибетте өзү айтат да, – деп салса болобу кызыталак, ылайым кысталышта өзүңдүн да үмүттүң акталбагыр!

– Ие, туура, туура, – деген үндөр жапырт аны коштоп кетти.

Ал чийки май чайнагандан да жаман болуп туруп калды.

Ошол кезде бир кызык болду. Столдун о ылдыйында кенже техникалык кызматкерлер деп аталуучу топто отурган (алар: пол жуугучтар, мектептин караулу, электриги, от жагуучулар) бирөө:

– Биз айтсак да болобу? – деп үн салды.

– Болот, – деди айласын таппай турган неме.

– Эми биз силердей билимдүү эмеспиз, – деди ал какшык аралаштыргансып сүйлөп: – Катасы болсо кечиресиңер, агайлар, эжекелер. Менимче, бул ыр түрк акыны Назым Хикметтин «Мажүрүм тал» деген ыры.


Расул ГАМЗАТОВ

БАЛКАР МЕНЕН АНЫН ЧОБУРУ ЖӨНҮНДӨ АҢГЕМЕ

(“Менин Дагстаным” китебинен)

Бир балкар өзүнүн шордуу атына карапа, кумура, илегендерди артып алып, сатып келмекке айылдарды кыдырып жөнөптүр.

Авар айылында ошол күнү ат жарыш болгону жаткан экен. Каны кызуу боз балдар өздөрүнөн бетер кызыган аттарын жулкунтуп ушу жерге келишиптир. Эл дуу-дуу этип, жигиттерди да мактап, аттарды да мактап. Жигиттер да шыңга бойлуу келишкен, аттары андан өтүп суналышып, жагалданып. Жигиттердин көздөрү оюн кызыгына жүрөк отунан күйсө, аттарынын көздөрү чыдамы кетип, күйүп турат дейт.

Жарышка түшчүлөр мына эми катарга тизилип туруп калган кез экен, аңгыча эле чобурун теминип, баягы жай келаткан балкар аянтка чыга түшүптүр. Балкардын түрү үргүлөп зорго келаткандай, а астындагы аты басып да, уктап да бараткандай имиш. Ошо жерден эле боз балдар дуу этип, балкарды күлкү кылып алышат:

– Кел, эй, катарга, жарышка түшпөйсүңбү?

– Болуптур, сенин чобуруңду аргымак деп эле коёлу.

– Түшө бер, же атыңдын төрт туягы бар экени жалганбы?

– Жарышсаң жарыш, биздин аркабыздан такаларды чогулта турган да бирөө керек.

Балкар өзүнө тийип жаткан шылдың кептин бирине да унчукпай, атын токтотуп, үстүнөн карапа, кумура, илегендерди түшүрө баштайт. Буюмдарын бир жерге жайма-жай чогуу коюп, атына жайма-жай минип, жигиттердин катарына келип кошулат.

Жигиттердин аттары жер чапчып, кош аяктай калып, тизгин жулкуп зорго турса, балкардын аты башын жерден албай үргүлөп турат дейт…

Аңгыча жарыш да башталат, куюн болуп аттар кетет. Чаң туман болуп көтөрүлөт, ошол туманга илээшип-илээшпей чуркаган болуп балкардын аты да жөнөйт. Аттар бир имерилип келиптир. Анан экинчи, үчүнчү айлампа. Карап тургандарга аттардын чарчаганы даана байкалып, шалак-шалак тер кетип, бара-бара омуроодон ысык чаңга балп-балп этип көбүктөр ыргып түшө баштайт. Буттары чалыштап, жүрбөй калышат. Камчы үстүнө камчы басып, өпкөгө тепкилегенине карабай жигиттердин аттары барган сайын алдан тая баштайт. Бир гана балкардын чобуру баягы калыбында: куюндап да кетпейт, жүрбөй да калбайт. Ал элден мурун артта бараткандарды кууп жетет, анан ортодогулар менен теңелет, анан акырында, онунчу айлампада алдыда келаткандарды да басып өтөт.

Балкардын башын жерге салган чобурунун мойнуна баш байгенин желбиреген жоолугун байлашат. Балкар болсо жайма-жай атын карапаларынын жанына жетелеп келип, буюмдарын артып, андан ары жолун улантып кете берген экен.

Ат чабыш ат чабышы менен деңизчи, бирок адабиятта деле мындай окуялар аз эмес.

Которгон Аман ТОКТОГУЛОВ



#котормо
____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Казат АКМАТОВ

«КААК-КААК»

Ошол эле күнү, ошол эле поезд менен каргалардын Бишкекке окууга кеткен үч баласы өз айылына келип түштү.

Алар Бишкектеги жаңы ачылган консерваториянын биринчи бүтүрүүчүлөрү эле. Үчөө тең чоң кубанычта келишти. Каргалар да тиги бакалар сыяктуу үч баласын салтанат менен тосуп алышты.

— Кана эми, азаматтар! Өнөрүңөрдү көрсөткүлө! – деди тургандар тигил үчөөнө. 

Биринчи карга чемоданын ачты да, скрипкасын ойной баштады. Композитор Бетховендин «Ай сонатасын» созолонтту. Элиме, журтума жагайын деп ал ушунчалык жанталашып, берилип ойноду деңиз, бирок каргалар негедир тигини жактырбай отурушту.

— Ушу да музыкабы?

— Ушул үчүн беш жыл убара болбой эле койсо болмок экен, дешти өз ара шыбырашып.

Ошентип биринчи каргага кол чабылган жок. Экинчиси болсо кол ойнотуп, шартылдата комуз чертип кирди. «Насыйкат», «Маш ботой», «Камбаркан» деген чоң күүлөрдү кайрып, туугандардын бир черин жазайын деди, экинчи карга. Бирок да эч бири жактырбады. Ал түгүл, комуз чертилип бүткүчө бир далайы уктап да кетишти.

— Атакөрү, бекер эле чыгым болгон экенбиз, буларга, дешти.

Үчүнчү карга болсо чемоданын да ачкан жок. Эки колун бөйрөгүнө таяна калды да, үнүн каргылданта: — «Каа-ак! Каак!» – деп кайта-кайта какылдай берди.

— Каргалар мына ушунда гана шатырата кол чаап, «бали-бали» – деп кыйкырып киришти. Акыры тигил «какылдаганын» токтоткондо, аны кайрадан суранып чакырышты…

— Азаматсың! – деди акырында карыя карга тигил жаш карганы бооруна кысып, азаматсын уулум! Жогортон билим алып келип, эл керегине жарайт деген ушул!


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Урматтуу замандаштар жана адабият күйөрмандары!

Эртең (29-январда) саат 14.00 дө Бишкек шаарындагы Исанов көчөсү №78 дарегинде жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы китепканада белгилүү акын, публицист жана адабият талдоочу Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ менен жолугушуу кече болуп өтөт.

Автордон кол тамгасы менен китеп алгысы келгендерди күтөбүз. Бөлүшүп коюңуздар!


Балдары аталарын, урматтап сыйлап алсын, ак бата күчү менен чоң оомат жыйнап алсын, атанын тилегинде, улуулук, дөөлөт бар, ошону сезсең жыласың, ар бир бала урматтап, периштелер ойногон, сакалынан сыласын, акылымдын барынча, айттым сөздүн ырасын, атасыз өткөн турмушта, далай жолу сынасың, андай болсо аталар, ааламдагы мурасың.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Бектурали ИСАМИДИН уулу

БУЗУК ТЕЛЕФОН

Ар кимдин ырыскысы ар тараптан, ар кандай жолдор менен табылат. Бирөө кара жумуштан, бирөө таза жумуштан, бирөө акылы менен, дагы бирөө жакыны менен, бирөө басып жүрүп буту менен, бирөө кол коюп калемдин учу менен, бирөө бийлеп жүрүп, бирөө сүйлөп жүрүп акча табат, албетте жанды багат. Иштеген ишим үчүн нааразы болбоймун, келечектен үмүтүм чоң, жакшылыкты болжоймун. Жашап келем эл жашаган катарда, жумушум жеңил, телефон оңдойм базарда, кейибейм капаланып заманга, алдыга жылуу үчүн аракет керек адамга, бирок ишеним болуусу зарыл, ташталган ар бир кадамда. Бул жумушту аркалоо үчүн билимим жок атайын, бирок муктаждыктын мектеби ушундай өнөрдү үйрөттү, эми өз арабамды өзүм тартайын. Ушундай иш күндөрдүн биринде, бул окуя унутулбай калды дилимде. Телефондор ар кай бурчта жатат чачылып, бирөөсү түзөлгөн, бирөөсү бүтөлгөн, бирөөсүнүн башы турат ачылып, курсагым ачты, ашканага жөнөгөм шашылып. Аңгыча кара күрмө көтөрүп алган, күрсүлдөп жөтөлүп алган, жашы жетимишке барып калган, колунда таягы бар карып калган, жүзү кубарып азып калган, билбейм же тагдыр башына жазык салган, сакалы ак басып жайкалган, колунда түйүнү бар эле, бурчу чыгып тургандыктан, телефон экени байкалган, кыргылдаган үнү менен  кеп салды, “балам, үзүр, бул тилпонду (телефон дегенге тили келбей) карап берчи, көзүм жетпейт, карыганда керекке жарап берчи” деп салды. Атамдай адам турса кантип айтылат “жок” кебим, бирок курсагым ач, аксакалдын батасын алам, ошону ойлоп” хоп” дедим. Майын чыгара жасайм бир иштин, бул инсанды кубантайын деп, жумушума катуу кириштим. Тан калдым карап алып мен ошондо, назар салдым көп убакыт телефонго, сүйлөсө угулат, баскычы ордунда, толо бирдиги бар, жапжаңы маркасы, сынбаган аркасы, анда неге бузулат. Убакыттын кеткенине кайгырып, аксакалга кеп салдым, телефон туурасында кайрылып; “Чон ата, телефондун айыбы жок, кемтиги, бузук жери, жазыгы жок, баскычы иштейт баары тең, эски да эмес, акыркы чыккан жаңы экен, түйбөңүз, менден белек болсун, бул капчыкка салыңыз, баары ордунда, муну эми алыңыз”. Ошол замат аксакалдын жүзү кубарып, көзү тунарып, мени тике карабай, шолоктоп ыйлап калды баладай.

Ай балам: “жаңы көрүп сен муну кенебейсиң, тилипон иштеп жатса, балдарым бир жолу чалбады, өзүн айтчы, неге дейсиң, өтүп жаткан күндөрдү санай берем, үмүт гана өчпөйт экен, азыр эле чалат деп, тилипонду карай берем, окшош күндөр өтүп жатат, мен аларды далай жеңем, күч –кубаттан бара жатам арылып, келди мага карылык, балдарым, айланайын балдарым деп, Кудайдан тилеп жүрүп алганым деп, көздөн да жаш түгөндү, анткени зарладым көп. Басууга, ашууга баягыдай дарманым жок, балдарды көрсөм болду, дүйнө түгөл, арманым жок.”

Ай жарыктык, жарыктык ай! Атаны ыйлатып, ак бата тилээр кезде, аппак тон кийээр кезде, жүргөнү жарашабы, көздөрүн ый басып, атага жетпей келет, канчасы ыйлашып. Кор кылды, көр кылды, ачыгында байлык жанды, атадан артык турган, айткыла байлык барбы? Атанын ак батасы, ааламдын кеңдигине тең ошол го, күнөөнү балага эмес, карачы аксакалды, коюптур бузулдуң деп, жапжаңы телефонго. Кабарын албай коюп, телефон чалбай коюп, балдары кайда жүрөт? Жардамга жарабаган адамдай, өзүм да капаландым, карегинен жаш акпасын, кадырлуу аталардын, ый-муңду көрбөйт элем, мындайын билгенимде, башынан көнбөйт элем, ишимди жемеледим, ыйлаттым неге дедим, көтөрүп чепкенин, байкабай калыпмын, аксакал кеткенин. Көзүмдөн жаш куюлган, өзүмдү кыйнап жаттым, кулпуну колго алып, баарысын жыйнап жаттым. Болду, айылга кетем дедим, атакем төшөктө, оорукчан кесел дедим, атама арнап алган, капчыкка белек толду, аксакалдын телефону, атамды сагынууга, чынында себеп болду. Шашылып чуркап жаттым, жай баспай баштагыдай, атама аман жеткир, абалын сакта Кудай.


Рюноскэ АКУТАГАВА
 
АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БАЛДАР
 
Ата-эне гана балдарын багып, баралына жеткирет деген кыйла күдүк маселе. Туура, уйларын багат, аттарын асырайт, анда талаш жок. Арийне эзелки салт-сабырдын негизинде эрезеге жеткирип, табият кут кылган жосун ушундай деп балдарын тарбиялоо деген ата-энелерин куру шылтоодон ашпаган таянган тоосу. Агер ар салт-сабырдын баарын табият мыйзамдарына таяй берсек, алгачкы доордогу кыз уурдап үйлөнгөндү да актаган болор элек.
 
 
ДАГЫ ОШОЛ ЖӨНҮНДӨ
 
Эненин балага болгон сүйүүсү – эч качан байыгыс сезим. Арийне ал сезим баланы балакатка жеткирип деле жарытпайт. Ал сүйүүнүн аркасы менен, ары дегенде таасири аркылуу ашкан зөөкүр же жеткен адепсиз болуп өсөт.
 
* * *
 
Адам турмушунун биринчи трагедиясы бала төрөлгөндө башталат.
 
* * *
 
Атам замандан бери ата-энелердин күкүктөй кайталаган сөзү ушу: «Мен жолум болбой калды. Эми баламдын жолу болсун үчүн бар күчүмдү аябашым керек».
 
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ



#котормо
____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Зинакан ПАСАҢОВА

КУУРАГАН ТЕРЕК

Бак-шактуу чакан айылдын ортосунда куураган байтерек турат. Анын көктөбөй калганына үч жылдын жүзү болду. Теректин чырмаган дарты өзөгүнө жеткен сайын как болуп куураган бутак-шактары шамалга, жамгырга урунуп түшө берип, буура моюн жоон бутактары мунжудай болуп каржайып калган.

Ага көзүм түшсө кейиш менен эстебей коё албайм. Оо, биз бала чакта, мындан отуз-кырк жыл илгери, бул терек айылдагы дарактардын алпындай сезилчү. Суналган кылда учун чалкалай араң тиктечүбүз. Коюу шактаган оор тулкусу шамал жүргөндө деңиздей шуулдап чайпалса, жалбырактары кол чабышкандай шатырашып, ансайын шамалды күчөтүп чакырып турчу. Эч бир дарактын жалбырактары теректикиндей ойноок болбойт. Эрке желге тынымсыз дилдиреген бариктердин бетине күндүн нуру ойноп, түнкү асмандагы жылдыздардай жымыңдашып көз уялтаар эле.

Бул теректин жаз менен жайдын нөшөрлөп төккөн жамгырына бой тосуп тунжурап турган учуруна да көп суктангам. Ал эми күзүндө жалбырак күбүгөн маалы өзүнчө шаанилүү. Үлп эткен желге сапырыла жабалактап жаап кирген аселдей тунук жалбырактары жерге килемдей болуп төшөлүп калчу. Шагында куштар уялап, бир короо чымчыктардын конолгосу болгон. Балалык өмүрүмдүн, андан кийин кырчын жаштыгымдын жомоктой бир элесине айланган ошол теректин азыркы тагдырына анан кантип кейибейин.

Айылдын да буга тынчы кеткенине көп болду. «Айыл ичинде куураган терек турса жаман болот экен» деген күбүр-шыбыр үйдөн үйдү аралап, укканды бушайманга салат. Теректин мураскору Теңизбай акеге кулак кагышса: «Кыйбайм! Атамдан калган терек! Тура берсин!» – деп кызаңдап бериптир. «Атадан терек калмак беле, бала калат да» – дешип аксакалдар ортого салып пештешсе да ынанбаптыр. Ошентип, куураган теректин наалаты Теңизбайга калган менен, анын түбүнө жеткен күнөөкөр адам эч нерсени көрбөгөн, билбеген болуп тымпыйып жүрөт.

Бул мындайча болгон эле. Теңизбай акенин атасы короолош олтурган бир тууганы Максыт менен батышпай, ата-бабасынан калган эски конушун жерип көчө качат. Терегин өскөн ордунда калтырышка аргасыз болот. Терек турган жерди Максыттын уулу ээлеп там салды, бак тикти. Аталарынын аразы алардын көзү өткөндөн кийин балдарынын арасын да ансайын алыстатып, биротоло жат кылды. Бара-бара көлөкөсүнөн башка зыяны жок терек да өгөйлөнө баштады. Максыттын уулу бакчасында өскөн биртике картошка, сабизинен, алма-өрүгүнөн ырыскы талашып, аба жутуп, суу ичип жатканына ичи тарыды. Колунан келсе отоо чөптөй тамырынан жулуп таштагысы келет, ов! Бирок теректин мураскорунан коркот, эл-журттан айбыгат.

Акыры теректи жок кылуунун амалын тапты. Бөртө баштаган маалда түбүнөн кабыгын балталап, кыйып койду. Аялы тамырына чакалап кайнак суу куйду. Теректин өзөгүн өрттөгөн дарт тез эле тулкусуна жайылып, өңдөн аздырды, жашоосун кыйды. Кийинки жылы көктөбөй калды. Биротоло куурагандан кийин шак-бутактары күбүлүп түшүп, куштар конорго сөөмөйдөй да илинчеги калган жок. Шамал жүргөндө деңиздей чайпалып, шуулдаган терек эми эч нерсени сезбей селейип турат. Бир кезде ойноок бариктерине тийишип дирилдеткенге кумар шамал жансыз терекке көңүлү чаппай айланып өтүп кеткенсийт.

Айылдын чок ортосунда куураган мунжу терек турат. Эки туугандын эрегишинен бейкүнөө терек өлдү. Ал ырыс-ынтымагын жоготкон тууганчылыктын, бузулган пейилдин, тар замандын эстелигине окшош, көргөн көздү жазалайт.


____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Кыскасы, бул эмне саясат экени белгисиз айыл «чоңдору» оңой менен алмашылбайт эле, же алар баары өз кызматын аябай жакшы билип, так аткарышканбы, же кадр деген таңсык беле ким билсин. Карапайым колхозчулар азыркылардай болуп алардын иштеринен кынтык таап, кызматынан кетирүүнү талап кылуу эмес, аларга каршы даап сөз кайтара алчу эмес. Тескерисинче, баарына тең ызаат, урмат менен мамиле жасалчу. Айрыкча жаш балалуу колхозчу аялдар доктурду жакшы көрүшчү. Түн болобу, күн болобу баары бир эле, кайсы маалда керек болсо доктурду издеп үйүнө бара беришчү. Ал да жок дебейт. Кайсы учур болсун кызматка даяр турган солдаттай эле. Айылдын чок ортосундагы эски клуб, ага удаа жепирейе салынган утстакана, анан почто, китепкана, мектеп. Жолдун берки бетинде болсо колхоздун контору, кампасы, атканасы, чөпканасы, анан айылдагы жалгыз дүкөн жайгашкан эле. Чоңдордун баары ушул идарада турушчу. Айылдыктардын көргөн-баккан цивилизациясы да ушул жер. Майрам күндөрү карысы да, жашы да, бала-чакасы да ушул «идарага» келип жалгыз дүкөндү айланчыктап майрам тосушчу. Жалгыз дүкөн болгону менен анда колхозчулар сатып алганга мүмкүндүгү бар нерселер көп эле. Бул дүкөндө майрамдык таттуулардан баштап, кокус бирөө жарым каза болуп калса керектелет деген каражаттар: кепиндик кездеме, күрүч, май, чай, кант өзүнчө запаста сакталып турчу. Өлүк койгон адамга жазып туруп баарын бере турушчу, ал адам акырындап төлөп карызынан кутулат. Айылда дүкөн ушинтип ажаат ачканы менен маанилүү эле. Дүкөнчү ушунусу менен кадырлуу эле.

Азыр ойлосом ошол маалда айылда «чоң» болуш бир чети абдан жеңил болгон экен. Кызматын ким берилип, жакшы аткарса, өзү тажамайынча иштей берген. Азыр айылга барсам жыл сайын мектеп деректири алмашат дешти, айыл өкмөтүн да жаңы шайланган депутаттар алып салабыз деп жатышыптыр, кыскасы, чоң болуп иштеш азыр бир топ кыйын. Эл чоңдорун аңдып эле турат дейт.

____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА

ЧОҢДОР

Биздин айылда бригат, деректир, доктур, уста, кампачы, китепканачы, почточу, дүкөнчү, завклуб деген айылдаштарым бар эле. Алардын өз ысымдары кандай экенин кийинки муун таптакыр билбей да калган. Анткени эл аларды өз ысымы менен айтпай аткарган кызматына карап айтышчу, бул аларга жеңил да, түшүнүктүү да эле, анан калса айылда булардан башка «чоңдор» жок эле, калганынын баары жөнөкөй колхозчулар. Бу чоңдор баары тең дүйнөдөн өткөнчө кызматында иштешти. Эсимде, алардын бирин да эч ким бошоткон эмес, баары тең кызмат атасынан калгансып өмүр бою иштей беришчү. Ошон үчүн алардын ысымдарын бала-чака такыр билбей калышкан. Баарынан кызыгы алардын баары тең – почточу почточу болуп төрөлгөндөй, бригат бригат болуп төрөлгөндөй, алардан башка эч ким булардын кызматын аткара албачудай сезим калтырчу. Булардын ичинен эң таасирдүүсү, бийликке көбүрөөк ээси бригадир болчу. Ал жөнөкөй колхозчудан мындай турсун, дүкөнчүнү да, кампачыны да, эч кимисин калтырбай сөгөм десе сөгүп, чабам десе чаап да коёт эле. Анын минген аты, колундагы камчысы, корулдаган жоон жагымсыз үнү, тез ачууланган мүнөзү, бетинен каарын төгүп турган мансабы – мунун баары колхозчулардын жүрөгүнө көк таштай тийген. Кадырбек бригат өмүр бою бригат болуп иштеди, колхоз тарап жок болуп кеткенде, ошондо гана кызматынан бу да кетти. Бирок анын Кадырбек ысмы эбак өчкөн. Аны карысы да, жашы да эбак колхоз тарап кетсе да бригат дей беришти. Өлгөндө да «бригат өлдү» деп элге угузушту.

Мектеп деректири да өмүр бою деректир болду. Эсимде анын чандайган курсагы, капкара кочкул тарткан жүзү, пакене бою. Ал ушул келбети менен элдин эсинде калган. Курсагы томпойгон кичинекей балдарын алар «деректирим» деп эркелетчү. Көптөгөн арык-торук карпайым калк ичинде деректир ушинтип курсагы менен бөтөнчө бөлүнүп турчу.

Дүкөнчү да өлүп калганча дүкөнчү болду. Дүкөн кышкысын жан чыдагыс суук болчу. Асты бетон, үстү бетон, каптал дубалдары бетон муздак дүкөндө жөтөлүп жүрүп соода кылган дүкөнчү, өпкөсү ада болуп өлдү дешти. Жарыктык, өпкөсү ада болгончо эмне үчүн дүкөндө иштеп жүрдү десеңиз. Китепканачы Калча эже, мен сыйлаган Калча эже китепкана имаратын бузуп, аны жоюп салганча иштеди. Кесибин сүйүп иштеди. Керээли-кечке эл тынбай кирип-чыгып турган китепканада кабагым-кашым дебей жаркылдап сүйлөп, кимге болсо элпек мамиле жасап, сураган китебин берип, гезитин сунуп. Суусадым дегендерге чай берип, кыскасы, бир топ жумушту бир учурда өзү аткара берчү. Китепкананын ичиндеги сырдалбаган эски тактай полду улам жууп-тазалап, китептер деги эле чаң басып жатпайт. Окумалдар да көп эле. Ошол китепканага түшкөн жаңы китепти элден мурун мен окуйт элем. Муну Калча эже билет болчу. Китепканага түшкөн китептердин жаңысын айыл «чоңдоруна» эмес, эң оболу мага берчү. Мен болгону мектеп окуучусумун.


Ахмедхан АБУ-БАКАР

АЛИ-ГАЖИНИН АСКАСЫ

Алыскы айылдардын биринде жыйырманчы жылы Улуу Октябрь майрамын биринчи жолу белгилешти. Бул салтанатка байланыштуу сөз сүйлөө мурдагы батракка, айылдык кеңештин биринчи председатели Али-Гажиге тапшырылды. Ал эл алдына чыгар күнү, таңга жуук, али сүйүү рахатын татып көрө элек чагында, бирок эмне үчүн күрөшкө чыкканын терең сезген анын жападан жалгыз уулу, граждандык согушта алган жаратынан көз жумду. Али-Гажи аялына сыртка чыгып, эл көзүнө көрүнбөөнү эскертип, кайгысын муштумуна түйүп, аянттын ортосунда турган аска ташка, милдетин аткаруу үчүн башын жогору көтөрүп, чыга келди да, мындай деди:

– Буга чейин: «Бул менин майрамым!» – деп ар бирибиз айта турган мындай майрам элибизде эч качан болгон эмес. Сакляда азыр эле жалгыз уулумдун жан бергенине карабай – бул менин майрамым. Менин жана ушул жерде турган ар бирибиздин, элдин жана элдердин майрамы. Жашасын Октябрь – жер жүзүнүн мыкты уулдарынын каны менен алоолонгон эркин турмуштун таңы! Мен башкача айта албаганымдан ушинтип айтып жатам, бул майрамга татыктуу болгула, адамдар! – Ушинтти да, Али-Гажи башын сыймыктуу көтөрүп, аска таштан түшүп, үйүн көздөй жөнөдү. Артынан бүткүл айыл үн-сөзсүз чубашты.

Кедейдин биринчи жолку чыгып сүйлөгөн сөзү эмгиче элдин эсинде. Ошонун эстелиги катары айылдаштары ал аска ташты Али-Гажинин аскасы деп атап коюшту.

Которгон Мырзаян ТӨЛӨМҮШЕВ



#котормо
____________________

👉 "Кыргыз поэзиясы"

🙏 Каналга колдоо көрсөтүү

🎀 Ардак такта


Мыкты акын, котормочу, талдоочу жана публицист, “Алтын калем” адабий сыйлыгынын 2024-жылдагы сын жанры боюнча жеңүүчүсү Жыргалбек Касаболоттун "СЫН КИТЕП" аттуу жаңы китеби жарыкка чыкты.

Анын бул жыйнагына кыргыз адабиятындагы, кыргыз киносундагы жана кыргыз публицистикасындагы бир катар авторлордун эмгектери тууралуу ой толгоолору киргизилген. Алар өз кезинде коомдук тармактарда, сайттарда жарыяланып кеңири окурман журтунун кызыгуусун жаратып, көп жакшы пикирлерге татыган болчу.

Жыйнак гуманитардык багыттагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнө, студенттерге жана жалпы окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Китепти алууну каалагандар Толук Бек Байзакка кайрылса болот. Байланыш телефону: 0550 380-477.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.