Сүйүн Откеев


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Sayohat


Өзгөрүүнү өзүңдөн башта...

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Sayohat
Statistika
Postlar filtri


​​6-СЕРИЯ

ФЕЙСБУКТУН СЫРЛАРЫ!

Фейсбукка 1 күндө 1 миллиарддан ашык адам кирип чыгат. Америкалыктар чыныгы жашоодо адамдар менен жолугууга канча убакыт коротушса, Фейсбукта да ошончо убакыт коротушат экен. Биз Кыргыздар акыркы убактарда алардан да өтүп кеттик окшойт :)
Келгиле эми дал ушул Фейсбук “досубузду” жакындан тааныйлы. Канткенде биздин жазган посттор көп кишиге көрсөтүлөт, эмнеге кээ бир авторлордуку улам эле көрүнө берет, комментарийге коюлган “плюстар” чындап эле ишке жарайбы ж.б.у.с. толтура инсайттар менен бөлүшөйүн.
Популярдуу Пост (ПП) = А х С х Т х Ж
Мына ушул формуланы билип алганыбыз оң болот. Себеби посттун популярдуу болуп-болбоосу ушул алгоритмден көз каранды. Чындыгында мындан башка дагы 100 000 ден ашуун фактор бар экен. Бирок эң оорчундуусу ушул төртөө.

- А = Автор.
Эң биринчиси Автор. Эгер сиз кимдир бирөө менен достошкон болсоңуз же 5000 доско батпай калып, ага жазылып койгон болсоңуз, демек Фейсбук сизге ошол Автордун жазгандарын көбүрөөк сунуштайт. Андан сырткары достугуңузда болбосо деле бирок аны менен жазышып калган болсоңуз анда да сунушталышы мүмкүн.

- С = САПАТ
Эгер жазылган пост сапаттуу жана кызыктуу болсо, анда да элге көбүрөөк көрсөтүлө баштайт. Кыргызча жазылган посттун сапатын америкалык Фейсбук кайдан билмек эле? Оңой эле. Коюлган лайкатардын саны, комментарийлердин көптүгү жана канча жолу бөлүшүлгөндүгү посттун сапатын аныктайт.

- Т – ТҮРҮ же ТИПИ
Посттун түрү да чоң роль ойнойт. Себеби элдин көңүлүн бурдуруу барган сайын оор болууда. Жөнеле текстпи, сүрөтпү, добуш берүүбү же видеобу? Акыркы убактарда видео популярдуу боло баштады. Эгер сиз кандай түргө көбүрөөк көңүл бурсаңыз анда Фейсбук ошол түрдү көбүрөөк сунуштай баштайт. Ал эле эмес, кандай теманы жактырсаңыз ошону да билип коет. Мисалы Nazira Aytbekova досумдун легендарлуу сүрөттөрүнүн бирөөсүн эле көрүп калсаңыз болду, Назирадан кутула албайсыз :) Артыңыздан кууп жүрүп кийинкисин көрсөтөт.

- Ж – ЖАҢЫЛЫК
Жаңылык бул биз билген кабарлар эмес. Посттун канчалык деңгээлде ЖАҢЫ (СВЕЖИЙ) экендигиде. Эгер эски пост болсо албетте алдыга чыгышы мүмкүн эмес.

Андан сырткары:
- Эгер интернетиңиз жай болсо анда видео-посттор азыраак көрсөтүлөт.
- “Куттуктайм” деген пост болсо демек Фейсбук бирөөнүн туулган күнү экеееен деп, ал постту алдыга чыгара баштайт.
- Эгер кандайдыр бир постко сыртынан эле лайк коюп койсо ал анча эмес. Эгер үстүнө басып кирип анан лайк же комментарий жазса анда ал пост да жогору көтөрүлөт. Себеби Фейсбук аны кызыктуу деп түшүнөт.
- Анан Кыргызстанда мода болуп кеткен “+” коюу салтыбыз да кандайдыр бир деңгээлде ишке жарашы мүмкүн. Бирок өтө көп таасир бербейт. Себеби баары окшош “+” коюп аткан үчүн муну Фейсбук манипуляция катары кабыл алышы толук мүмкүн. Бул менин жеке оюм...

2016-жылы Америкадагы шайлоодо чоң ызы-чуу чыккан. Саясатчылар тууралуу фейк-жаңылыктар Фейсбукту басып кеткен. Андай жаңылыктар бат эле популярдуу болуп, кээ бир саясатчылар мунун запкысын тартышкан. Анан Фейсбукту күнөөлөшкөн. Фейсбук ошондон баштап өзүнүн алгоритмдерин өзгөртө баштаган. Себеби мурунку алгоритмдер кабардын чын-жалганын биле алган эмес. Көбүрөөк лайк басылып же коммент жазылса эле рейтинги жогору көтөрүлө берген. Ошондон кийин лайк менен комменттен сырткары кабардын канчалык чын же жалган экенин аныктоону үйрөнө башташты. Бул албетте аябай оор. Себеби алгоритм (компьютер) андай деңгээлге жете элек. Алгоритмдер КОНКРЕТТҮҮ нерселерге таянып анан жыйынтык чыгарат. Андыктан кээде баары бир адамдардын колу тиймейинче алга жылбай турган абалдар болот экен.
Эми ток этээр жерине келдик. Фейсбук биздин КЫЗЫКТУУ постторго эмнеге мажбур болушу мүмкүн? Жообу оңой эле. Элди мүмкүн болушунча Фейсбукта көбүрөөк отургузуу. Канчалык кызыктуу контент болсо, ошончолук көп эл. Канчалык көп эл, ошончолук көп жарнама көрөбүз. Канчалык көп жарнама көрсөк ошончолук Марк братишканы байытабыз 😊 Марк братишка канчалык байыса, бизге.... пайдасы жоктой го ээ 😊
Өнүгө берели.

PS: Кийинкисинде Майкрософттун LinkedIn компаниясын эмне үчүн 26 миллиард долларга сатып алганы жөнүндө жазам.


5-СЕРИЯ
Андроиддин укмуш стратегиясы!

Мерседес – БМВ, Кола – Пепси, Месси – Роналдо, Самсунг – Айфон, Мегаком – О! сыяктуу түбөлүктүү атаандаштар бар. Ушундай күчтүү атаандаштыктын болгону элге жакшы. Себеби сапат көтөрүлөт. Ушулардын катарына Android менен iOS системаларын да кошсок болот.
Алгач булардын кандай система экенин түшүндүрүп кетейин. Орусча “опреационная система - ОС” деп коет. Жөнөкөй тил менен айтканда машинанын мотору же адамдын мээси дегендей эле кеп. Андыктан булар аябай манилүү.
Эң кызыгы ушунчалык зор мааниге ээ Андроид системасы толук АКЫСЫЗ. 100% бекер. Эртең сиз бир телефон чыгарам деп калсаңыз Андроидди колдоно берсеңиз болот. Азыр дүйнө жүзүндөгү телефондордун 80% андроид менен иштейт. Андроид ГУГЛга караштуу. Самсунгдан баштап LGге чейин, ортодо кытайдын телефондору да Андроидди колдонушат. ГУГЛга бир тыйын да төлөшпөйт. Бирок ГУГЛ дал ушул Андроидден жылына 31 миллиард доллар киреше табат. Кызык ээ, бекер товар таркат бирок сага болбой эле жылына 31 млрд киреше түшүп турат.
Анда эмесе Андроиддин эмнеге бекер таркатылып жаткандыгынын сырын ачалы.
1) КОМИССИЯ: Биринчиден ГУГЛ бардык телефон чыгарган компанияларга эң биринчи беттерге өзүнө караштуу бардык программаларды жайгаштыруу шартын кошот. ГУГЛДУН издөө функциясы жана ПЛЕЙМАРКЕТ эң алгачкы саптарга коюлат. Элдер ПЛЕЙМАРКЕТ аркылуу ар кандай оюндарды, пайдалуу тиркемелерди жана ар түрдүү акысыз жана акылуу программаларды телефондоруна жүктөшөт. ГУГЛ ошол ар бир сатып алуулардан 30% акы кармап калат. ПЛЕЙМАРКЕТКЕ канчалык көп тиркеме жүктөлсө ГУГЛга ошончолук жакшы. Жылына ошол комиссиялардан эле 25 млрд доллар киреше табат экен.
2) РЕКЛАМА: Эл канчалык ГУГЛДУ көп колдонгон сайын, ошончолук көп өздүк маалымат чогултат. Ал маалымат аркылуу ГУГЛ реклама жөнөтөт. Андроид жөнеле кайырмак. Бирок Гуглдун тиши Айфонго өтпөйт. Айфонго ГУГЛДУН издөө функциясын киргизүү үчүн APPLE компаниясына жылына 12 млрд доллар төлөп турат экен. Андыктан ГУГЛ андроидди башка телефондорго бекер берүүгө аябай кызыкдар.
Дагы бир кызыктуу теманы кошо кетейин.
Баарыңар эле байкасаңар керек, телефондорубузда өмүрү колдонбой турган керексиз программалар бар. Же аларды өчүрө алсакчы... өчпөйт дагы. Бекер эле батарея менен память жеп отурушат. Көрсө мунун артында да чоң бизнес бар турбайбы.
Ошондой тиркемелерди чыгарган компаниялар телефон чыгаруучуга же мобилдик операторго укмуштай көп акча төлөшөт экен. Андыктан компаниялар колдонуучуга жагып жакпашын эске албай эле ушундай керексиз программаларды толтуруп салышат экен. Кээде өздөрү да тиркеме иштеп чыгып, телефондоруна коюп салышат. Мисалы Самсунгдун эле канча программасы бар бирок дээрлик колдонулбайт.
Бирок Айфондо андай керексиз программалар жокко эсе. Себеби алардын негизги кирешеси программалар эмес. Өздөрүнүн телефондору жана аксессуарлары аркылуу акча табышат. Андыктан майда-чүйдө тиркемелер менен элдин башын ооруткусу келбейт. Жадагалса Американын чоң мобилдик операторлоруна да каршы чыккан экен. Алар өздөрүнүн керексиз тиркемелерин Айфонго орнотууга аракеттенишет. Бирок Apple арыраак ойногулачы деп жооп берет. Apple менен иштешпей да кое алышпайт, себеби элдин баары Айфон колдонушат. Муну билген Apple тигилердин сунушун четке кагып салат.
Жыйынтыктай турган болсок: Андроид элдин баарына керектүү жана пайдалуу программа чыгарып койду. Эл өзү бекер реклама кылып атат. Башкача айтканда берген да ыраазы алган да ыраазы.
Гуглдун кылганы: Шаркырап агып бараткан агын сууга кайыгын сала калып эле сүзүп бараткандай сезилип кетти...




​​4-СЕРИЯ

WeChat – Кытайдын супер тиркемеси!

Элестеткиле... Мбанк, Яндекс Такси, Mashina.kg, Cinematika.kg, Whasapp, Instagram, Facebook, Twitter, Google Maps, Амазон, Паспорт стол, Коопсуз шаар сыяктуу тиркемелердин баары БИР ТИРКЕМЕНИН ичинде!
WeChat дал ушундай СУПЕР ТИРКЕМЕ! Ичинде балакеттин баары бар. 1 миллиарддан ашуун колдонуучусу бар.
ВИЧАТ кантип ушул деңгээлге жетти?

1.Вирустук Функциялар
2010-жылы Кытайда негизделген. Адегенде эле вирустук функциялар менен элдин көңүлүн буруп алат. Бири-бирин тааныбаган колдонуучулар телефондун титирөөсү менен кокустан эле таптакыр бейтааныш бирөөгө байланышып калат. Бул жаштарга аябай жагат, дагы кандай бирөө менен таанышып калат экемин деп бул функциясын улам колдоно беришет. Андан сырткары Кытайдын улуттук бир оюнун негизинде колдонуучулар майрам күндөрү бири-бирине акчалай белек жөнөтө алышат. Атайын группаларды ачышып, ошол жака акчалай белекти ыргытышат. Ким биринчи ачса акча ошонуку болот. Кыскасы кызыктуу оюндар аркылуу бат эле колдонуучулардын санын көбөйтүп алышат.
Анан WeChat Pay деп өздөрүнүн төлөө системасын түзүшөт. Дароо эле 30 миллиондон 100 миллионго өсүшөт жана Ali Payге атаандаш боло башташат. Биздин Мбанк же О!Деньги сыяктуу бардык нерсени ВИЧАТ ПЭЙ аркылуу төлөөгө өтүшөт. Жөнөкөй чат-тиркемеден олуттуу каржы-тиркемеге айлана баштайт.
2.Timing
Туура жерде туура убакта түзүлдү. 2010-жылы Кытайда смартфондор эми гана өнүгө баштаган кез эле. Ал убакта 36 млн смартфон болсо 2012-жылы 214 млн смартфон сатылат. ВИЧАТ ошол ыргакка түшүп алып смартфондор менен чогуу өнүгө берет.
3.Big Boss
ВИЧАТТЫН ийгилигинин эң негизги сыры Кытай бийлиги менен болгон тыгыз масмилесинде. Бийлик эмнени талап кылса ошону аткарат. Кимдир бирөөнүн жеке маалыматы керек болсо дароо бере салат. Ватсапка окшоп шифрлөө деген темалардан алыс болушат. Кытай бийлиги буга ыраазычылык катары Фейсбук, Гугл сыяктуу гиганттарды өлкөгө киргизбей коет. Ушундан улам ВИЧАТ атаандашсыз чоңойууда. Кээ бирөөлөр муну Кытайдын “расмий” тиркемеси деп коюшат экен.
Дүйнөлүк чоң корпорациялар Кытайга кире албаса да ВИЧАТТЫН ийгилигин дайыма байкап турушат. Өзгөчө Фейсбук аябай кызыгат. Мен эмнеге ушундай супер-тиркеме боло албайм деп ойлонуп жүрөт. Фейсбук Мессенджерге улам жаңы оюндарды, төлөө мүмкүнчүлүктөрүн жана бизнес үчүн чат-ботторду киргизип жатканы мына ушундан.
Азыркы учурда Кытайда “наличка” деген нерсе жок экен. Ошон үчүн кошелек колдонушпайт. Акчасы да паспорту да телефондун ичинде. Жадагалса кайырчыга да акчаны QR-код аркылуу электрондук акча менен төлөшөт экен.
(бирок ошол телефонуң жоголуп кетсе жашооң токтойт экен да 😊)
Кыскасы ВИЧАТ азыр дүйнө жүзүнө үлгү болуп жаткан учуру. Ali Payди болсо басып өткөн. 2018-жылдан баштап Малазияда ишмердигин жүргүзүп жатат. Азыр Кыргызстанда да ушундай супер-тиркеме болом деген компаниялар бар. Балким болуп калаар, ким билет. 50 жылдан кийин дүйнөнү мамлекеттер эмес ири корпорациялар башкарып калат деген теория чындыкка айланып бара жаткандай.

Негизи бардык нерсенин бир жерде болгону жакшыбы же жаманбы? Кокус тиркемеге бирдеме болсо жашооң токтоп калчудай го. Силердин оюңар кандай?

Кийинки тема: Биздин өздүк маалыматтар кайда “жашайт”?


​​3-СЕРИЯ

Фейсбук эмне үчүн Инстаграм менен Вастапты сатып алды?

2012-жылы Фейсбук Инстаграмды 1 миллиард долларга сатып алды. Инстаграмдын өзгөчөлүгү СҮРӨТ жана МОБИЛДҮҮ (телефон аркылуу) болгондугунда эле. Ал эми Фейсбук өзү веб-компания болчу жана телефонго ылайыкташтырылган эмес эле. Көптөгөн эксперттер бул сумманы өтө көп жана кереги жок сатып алуу болду деп баалашкан. Себеби ал убакта Инстаграмдын эч кандай кирешеси жок болчу жана келечекте кантип өнүгүү боюнча стратегиясы да жок эле. Бирок Фейсбук анын өсүү дарамети чоң экениндигинен шек санаган эмес. Инстаграм жаңы ачылганда 1 күндө эле 1 миллион колдонуучуга жеткен. 2012-жылы 30 миллион, ал эми 2018-жылы 1 миллиарддан ашкан.
Фейсбук Инстаграмды жаңы алган убакта андан кантип пайда табуунун жолун билбейт эле. Бирок ошентсе да ойлонбой туруп алып салды. Эгер бираз кечиксе эле анда ГУГЛ же ТВИТТЕР алып коймок. Себеби алар да Инстаграмга аябай кызыгып жүрүшкөн. Азыр ошол Инстаграм жылына 8 миллиард доллар киреше алып келет.
2016-жылы SNAPCHAT деген тиркеме жаштардын арасында модага айлана баштайт. Анан Фейсбук анын СТОРИС деген негизги функциясын көз көрсөтө эле копиялап, Инстаграмга киргизип салат. Ошентип Снапчатты жок кылды десек да болот. 2-3 жыл мурун Тик-Токтун REELS функциясын “уурдап” киргизип алды. Кыскасы жаңы кандай жакшы нерсе чыкса Инстаграмдан көрүп калышыбыз мүмкүн.
TIME журналы Инстаграмдын Фейсбукка сатылуусун “тарыхтагы эң пайдалуу сатып алуу” деп жазган. Кыскасы Марк братишка алдыда элдин баары телефон аркылуу видео жана сүрөт карап отуруп калаарын сезип, Инстаграмды алып койгон.

Эми Ватсапка келели. Мунуку Инстаграмдан да кызыктуу. Бир күнү Марк иним чай ичииип отуруп бир жаңылыкты угуп калат. 2014-жылы Ватсап деген бир тиркеме аркылуу элдер КҮНҮНӨ 500 миллион сүрөттү бири-бирине жөнөтүп жатышканын угат. Инстаграмды алдым деп жыргаап отурса мунусу кайдан чыга калды деп чочуп кетет байкуш. Себеби Фейсбук менен Инстаграмды кошкондо да мынчалык көп сүрөт жөнөтүлбөйт эле. Анан кой мындай болбойт деп Ватсапты 19 миллиард долларга алып салат. Дүйнө жүзү бул суммага шок болот да калат. Мунун негизги себептери мындай болчу.
1. Жаңы рынок: Ватсапты ал убакта Америкада эч ким билбейт эле. Элдин баары Фейсбук-Мессенджер аркылуу чатташчу. Ал эми Бразилия, Индонезия, Түштүк Африка сыяктуу ири өлкөлөрдө ватсап аябай популярдуу болчу. Бир эле Кытайда жок эле. Фейсбук Вастапты алуу менен ири өлкөлөргө автоматтык түрдө кирип барат. Ал убакта Ватсаптын 450 миллион колдонуучусу бар болчу. Ошондо ар бир колдонуучуну 42 доллардан сатып алган болот.
2. Өздүк маалымат: Ватсапты алуу менен миллиондогон элдин жеке маалыматын да алды. Ватсапта кандай гана сырларды сүйлөшпөйбүз ээ... мына ошонун баарын Фейсбук угуп, көрүп, билип турат. Мындайча айтканда бизди Ватсап АЯЯЯБАЙ жакшы тааныйт. Анан биздин кызыккан нерсебизге карап өзүнүн Фейсбук байкеси менен Инстаграм эжесине малыматтарды жөнөтүп турат. Алар бизге ошол тема жөнүндө сооонун жарнамаларды жөнөтүп турушат. Фейсбуктун негизги кирешеси дал ошол “ТАРГЕТТҮҮ” ЖАРНАМА (91%)
3. Сүрөттөр: Жогоруда айтылгандай эле азыр сүрөт жана видеосуз жашай албай калдык. Ватсап аркылуу сүрөт жөнөтүү оңой болгондуктан, бул да негизги себептердин бири болгон. Сүрөт бул кайырмакка илинген сөөл жылан. Дал ошол сүрөт аркылуу Фейсбуктун кайырмагына түшүп жатабыз.
Кыскасы Фейсбуктун APPLE же GOOGLE сыяктуу өздүк программалары (iOS, Android) жок болсо да өзүнүн популярдуу тиркемелери аркылуу тигилерден кем калбай иштеп келатат.

Мына Марк Цукерберг иним жаш болсо да бизнестин майын чыгарып иштеп жатат. Негизи 2012-жылы Инстаграм менен чогуу кытай аял да алган болчу. Кытайдын күйөө баласы болгонуна карабай Кытайга киргизбей жатышат. Аялы Вьетнамдан качып барган этникалык Кытай экен. Ким билет балким кайын-журтуна жакшыраак мамиле кыла берсе бир күнү Кытайга киргизип калаар 😊

PS: Эми мени Фейсбуктан кууп чыкпаса экен :)

PPS: Кийинкисинде Кытайдын ВИЧАТЫ жөнүндө жазам.


​​2-СЕРИЯ

Амазон эмнеге коркунучтуу?

2018-жылы АМАЗОН “PillPack” аттуу бир онлайн-аптеканы сатып алат. Амазондун бул тармакка киргенин көргөн башка фармацевтикалык компаниялар тынчсыздана башташат. Себеби Амазон кайсы тармакка кирсе, ошол жактын монополисти болуп чыга келет. Анткени анын колундагы куралдар өтө күчтүү болчу. Чындап эле ошол түнү башка фармацевтикалык компаниялардын акциясынын баасы дароо 6-11% азайып кетет.
Амазондон бир эле чакан компаниялар эмес жадагалса GOOGLE мене META (FACEBOOK) да корко баштады. Себеби анын колундагы эбегейсиз чоң каражат жана ыңгайлуу инфраструктурасы кардарларды өзүнө тарта баштайт. Анын Alexa аттуу үн менен издөөчү сервиси Гугл менен тең тайлашып иштеп жатат. Элдер жазып отурбай эле үн менен каалаган нерсесин издеп калышты. Гуглдун тынчсызданганы ушундан улам.

Дагы бир кызыктуу окуя. 2009-жылы Амазондун бир менеджери QUIDSI аттуу балдар буюмдарын саткан интернет-магазиндин жетекчисин чайга чакырат. “Кел эми брат, магазиниңди бизге сат” дейт. Тиги макул болбойт. “Кой эми, сата берсең жакшылыкча сурап атканда” десе да сатпай коет. “Анда өзүңдөн көр байкеси” деп чыгып кетет. Барып дароо AMAZON MOM аттуу долбоор ачып, баалар боюнча агрессивдүү демпинг кыла башташат. Бир канча айдан кийин тиги байкуштар өздөрү Амазондун эшигине келишет. Бул жолу аябай чоң скидка менен тигилерди сатып алышат.

FACEBOOK LIVE жана FACEBOOK WATCH менен атаандашуу үчүн TWITCH жана AMAZON PRIME VIDEO сервистерин ишке салат. Жарнамалар Амазонго бурула баштайт. Фейсбук 2019-жылы расмий түрдө “биздин эң ири атаандаштарыбыздын бири бул Амазон” деген билдирүү таркатышат.

APPLEге атаандаш болуш өзүнүн акылдуу гаджеттерин чыгарууда. MICROSOFT өзүнүн AZURE аттуу веб-сервисин атайын Амазонго атаандаш болуу үчүн чыгарат. Бирок дагы деле Амазонго жетпей жатат. Мисалы НЕТФЛИКСТИН кинолорун биз дал ушул Амазондун AWS-сервиси аркылуу көрүп келатабыз.

Элестеткиле эми, бир эле компания продукты сатат, китеп сатат, дары сатат, гаджеттерди сатат, кино тартат, кино сатат, башка кино саткан компанияларга серверин сатат, анысы аз келгенсип бардык саткан товарларын өзү жеткирип берет (FedEX менен UPSке атаандаш)

Кыскасы Амазон бардык тармактын баш оорусу болуп келатат. Ал эле эмес былтыры Илон Маскка атаандашып космоско уча баштаганына эмне дейсиң 😊

Ошон үчүн Амазонду жөнеле IT-компания деп айтуудан алыс болуш керек.

Амазон бул – ИНФРАСТРУКТУРНАЯ КОМПАНИЯ.
(Бизнестин Гитлери :))


1-СЕРИЯ

Кантип бир дүкөн бирөөнүн кызынын боюнда бар экенин өз ата-энесинен мурун билип алды?

Американын ГЛОБУС, ФРУНЗЕ сыяктуу ири супермаркеттеринин бири ТАРГЕТ дүкөнү бир үйгө кат жөнөтөт. Үйдүн ээси катты ачып караса анын мектепте окуган өспүрүм кызынын атына жөнөтүлгөн купон бар экенин көрөт. Ал боюнда бар аялдардын буюмдарына ири суммада скидка берилген купон болот. Тиги киши чоочуп кетет. Анан жакынкы ТАРГЕТ дүкөндөрүнө барып, “менин кызыма эмнеге мындай буюмдарды жөнөтсүңөр” деп тилдеп, урушат. Тигилер кайра-кайра кечирим сурашып араң узатышат.
Арадан бир канча ай өткөндөн кийин дагы бир кабар алып коелу деп атасына чалышат. Бул жолу атасы тигилерден кечирим сурайт. Тигилер түшүнбөй калышат. Ошондо атасы, чындап эле өспүрүм кызынын боюнда бар экенин айтат. Жакынкы айларда төрөйт дейт. Мен силерди билбей урушуп салыпмын, кечиргиле дейт.
Эми суроо: кантип бир дүкөн бирөөнүн кызынын боюнда бар экенин өз ата-энесинен мурун билип алды?
Азыркы учурда бардык ири компаниялар кардардын өздүк маалыматтарын алганга аракет кылышат. Себеби алар кардарларды канчалык жакшы тааныса, ошончолук так жана керектүү жарнамаларды сунуштай алышат. Азыр твиттерде, ютубда же инстаграмда бир видео көрсөңөр эле болду, балээге калдыңар. Ошого окшогон видеолорду сунуштай беришет. Мунун жакшы жагы дагы толтура албетте.

Кайра темага кайта турган болсок:

ТАРГЕТ жана ВОЛМАРТ сыяктуу ири дүкөндөр кардарлардын кредиттик (банктык) карталарынын изин кууй турган система менен иштешет экен. Ага кардар өзү билбей макулдугун берип коюшу мүмкүн. Себеби эч ким 5-10 барактык келишимди окубайт. Ошентип дүкөндөр кардардын кайсы күнү, каякта эмне сатып алганын баарын байкап турушат.
Көрсө тиги өспүрүм кыз акыркы убактарда боюнда бар аялдардын баштапкы айларда алчу дары-дармек жана буюмдарын ала баштайт. Бир канча жума байкашат. Анан ошондой буюм сатып алган башка кардарларга да салыштырышат. Алар да улам ошондой буюмдарды сатып алып, кийин төрөгөндөрүн байкашат. Демек бул кыздын да боюнда болушу мүмкүн деген БОЖОМОЛ менен алдын ала скидкаларды жөнөткөн болот.
Мисалы азыр Нетфликсте бир кинону көрсөңөр ошого окшогон кинолордун тизмесин чыгарып беришет. Же бизде ЭТНОМЕДИАда деле ошол жанрдагы тасмаларды сунуштайбыз. Биздики албетте жасалма интеллект менен эмес жанрга карап сунуштайбыз. Бирок ири компаниялар жасалма интеллект аркылуу өздөрүнүн товарларын сунушташат.

ТАРГЕТтин бул окуясынан кийин башка кардарлар да өздөрүнүн абалын байкап көрүшөт. Көрсө аларга да дал ушундай ТАК жана КЕРЕКТҮҮ нерселерди ӨЗ УБАГЫНДА сунуштап жүргөн болот. Кээ бири кубанса кээ бири корко баштайт. Ал дүкөнгө барганды токтотушат. Муну байкаган ТАРГЕТ дүкөндөрү бул саясатын бираз өзгөртүшөт. Мындан кийин алар кардарга эң керектүү буюмдан сырткары дагы калп эле орок-балка, ийне-жип сыяктуу майда-чүйдө керексиз товарларды кошуп коюшат. Бирок баары бир өздөрү божомолдогон кымбатыраак жана керектүүрөөк товарга чоң скидка менен сунуштай беришет.

Кыскасы азыр бизнестин эң баалуу куралы бул МААЛЫМАТ. Бул маалыматтарды BIG DATA деп коюшат. Азыр бизди Фейсбук менен Гугл өз ата-энебизден да жакшы тааныйт. Себеби аларда эч кимде жок деп ишенген, бир Кудай жана өзүм гана билем деген маалыматтар чогултулган.

Кийинки серияда АМАЗОН ЭМНЕГЕ КОРКУНУЧТУУ деген темада жазам.

Эскертүү: Бул маалыматтарды бир китептен окуп анан өз оюмду кошуп жазып жатам.


- Кыргызстандын борбору десем, Нарын деди.
- Путин кандай адам десем, оор суроо деди.
- Кыргызча билесиңби десем, чындыгында жакшы билбейм деди.
- Эрдоган диктаторбу десем, мен саясатка аралашпайм деди.
- Украина менен Россиянын ортосундагы спец. операциябы же согушпу десем, араңдан зорго согушураак деди
- Финансовая аналитика боюнча бизнес-план керек десек, 2 минутта жазып берди.
- Бир аял үй-бүлөлүү эркекти сүйсө болобу десем, болот бирок бул туура эмес деди. (Азыр роман окуп жаткамын, ошонун өзөгүн сурадым)
- Откеев Сүйүн ким десем, 1950-жылдары Ташкентте туулган фотограф деди 😭😭
- Сен кийин адамдарды өлтүрбөйсүңбү десем, жок менен жөн гана ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТМИН. Мага эмнени үйрөтсөңөр ошону гана билем деди. (Билбеген жерин урдуруп кете берет экен 🙂)

Кыскасы азыр дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан CHAT GPT сайтына кирип жакшы жана ТУУРА маалыматты кыргызча үйрөтөлү достор. Мен Кыргызстандын борбору БИШКЕК, экинчи Нарын дебе, уят деп үйрөтүп чыктым. Байкуш кечирим сурады 🙂 Анан өзүм жөнүндө маалымааттарды бираз оңдомуш болдум. Бул ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ дегениң интернеттин пайда болушундай эле РЕВОЛЮЦИЯ, СЕНСАЦИЯ, КЕРЕМЕТ десек болот. Эң жаман жери жаман нерселерди да үйрөнүп алышы толук мүмкүн. Андыктан жакшы маалыматтарды үйрөтөлү достор. Жакынкы жылдары Гуглду басып өтсө таң калбайм.

PS:
Азыр учурдагы технологиялык корпороциялар жөнүндө китепти окуп жатам. УКМУШ МААЛЫМАТТАР бар.
- Амазондон эмне үчүн коркушубуз керек,
- Фейсбук чынеле бизди бизден да жакшы тааныйбы
- Инстаграм эмне үчүн бекер
сыяктуу жүздөгөн сонун инсайттар бар экен.
Кызык болсо жазуу сериалын баштап жиберейинби, кандай дейсиңер?


Акыркы секунддагы чечим...

Кристиан Атцу аттуу франциялык футболчу Түркияда Хатайспордо ойнойт болчу. 5-февралда күндүзү матчы бар эле. Ошол эле түнү оюндан кийин Францияга үйүнө учуп кетмек. Себеби командада жеткиликтүү ойной албагандыктан башка командага кетүүнү чечкен. Негизи бул акыркы оюнда да араң 82-минутта оюнга кирет. Бирок акыркы кошумча мүнөттүн акыркы секундасында Атцу ГОЛ киргизип салат. Жалпы команданын жана Атцунун кубанычында чек жок болчу. Баары Атцуну кучактап, куттуктап жатып калышат. Анан ал бул кубанычынан улам кайра командадан кетпөөнү чечет. Бирок бул чечим анын эң начар чечими экенин албетте билмек эмес. Саат 23:00гү рейсине барбай коет. Бирок тагдыр экен, ошол түнкү жер титирөөдө бул дүйнө менен кош айтышат. Эгер ошол акыркы секунддагы голду киргизбесе Францияга өз үйүнө кетмек. Балким башка командада ойноп калмак. Бирок анын бул голу "өлүмдүк гол" болуп кала берди...


Кыргызстанда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты кандай?
So‘rovnoma
  •   Жакшы эле бизде
  •   Начар, ишениш жок
  •   Ишим жок, жер үйдө жашайм
313 ta ovoz




​​Кээде аша чаап кетебиз да. Сындын да орду болот. Башкаларга окшоп 1-2 самолет, 3-4 өздүк машина, 100-200 делегат менен барганда эмне кылмак экенбиз дейм да... Андан көрө ушундай чоң жыйында маселени тикесинен коюп, Рахмонстрду ордуна койгонуна ыраазы болбойлубу. А так кыргыздын президенти эң жаңы самолетко татыктуу керек болсо. Бир Boing ала келиңизчи Садыр ава. Орустун ТУсуна ишенич жок. Качан кулап калаары белгисиз.


​​Зерикпей отуруп алып чет элдик ММКларды карап чыктым. Бир бурчунда кичинекей кабар кылып чыгарып коюшуптур. Аны да издеп араң табасың... болду... Анын ордуна Англия ханышасынын өлүмү, Украина согушу, улуттук футбол лигалары жана ар бир өлкөнүн өздөрүнүн ички маселелери жүрөт. Ал кичинекей кабарда да "эски эки совет өлкөсүнүн 30 жылдык өз ара конфликти" катары берилген. Кыскасы биз дүйнөгө өзгөчө батышка көп деле кызык эмеспиз. ООНу деле, ОДКБсы деле дагы толгон токой уюмдары "галочка" үчүн "өөй болду урушпагыла" деп бир эки кайрылуу жасашат анан болду. Ошон үчүн Россиясына деле, Европасына деле ишенбей өзүбүздүн армиябызды күчтөндүрө беришибиз керек. Кытайга алыбыз жетпесе да калган кошуна үч өлкөнү бираз сестендирип турчу армия керек. Азыр тынчыганы менен 3-4 айдан кийин дагы ызы-чуу чыкпашына эч ким кепилдик бере албайт. Рахмон өлүп жок болмоюнча чек ара маселеси чечилиши бираз кыйындай сезилип атат. Анын артынан дагы бирөө кетсе дүйнө эли эс алып калат эле...
Анан маалыматтык согушту утсак да утпасак да аны уга турчу уюмдардын бизге болгон көз карашы белгилүү эле болуп атпайбы. Андан көрө 10 Байрактар алып койсок ошол көп эле эффективдүү болмок. Өлкөбүзгө жана жетекчилерге Кудайым күч кубат берсин. Ал эми элибиз болсо өз милдетин ашыгы менен аткарып жатат.




Чынбы?


Жабыркаган да аял, тыюу салынган да аял, зордукталган да аял, сабалган да аял. А биз эркектер периштебизби?
So‘rovnoma
  •   Туура, кээ бир эркектер аша чаап кетип жатышат.
  •   Аялдын да күнөөсү толтура.
  •   Экөө тең күнөлүү.
374 ta ovoz


Ар бир аарынын артынан кубалабай аарынын уюгун табыш керек.


Банкоматтан АКЧА
So‘rovnoma
  •   чечилет
  •   алынат
  •   суурулат
690 ta ovoz




ЖИА «Перезагрузка 2022» аттуу антикризистик форум өткөрдү. Зал баштан аяк толду, демек чындап эле кризис келатат окшойт деген ойдо калдым. Өзүм 4 саат угуп отурдум. Силерге 4 мүнөттө ток этээр жерлерин айтып берейин.
- Ар бир кризис жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылат. Андан көрө жакшылап изденип, ушул абалды монетизациялап калганды үйрөнгүлө.
- Кредит албагыла, чаң таркап кеткиче күтө тургула.
- Дордойдо дагы деле бизнес жүрүп жаткан болсо, анда мунун аты – көп жылдан бери түптөлүп калган МАМИЛЕ жана ИШЕНИМ.
- Россиядан заманбап IT-качкындар келе баштады. Алар ЭРКИНДИК, ИНТЕРНЕТ жана КЫРГЫЗДЫН МЕЙМАНДОСТУГУ үчүн келүүдө.
- Дүйнөгө мигранттарды жибергенди билет экенбиз бирок мигранттарды тосуп алганды билбейт экенбиз. Себеби алардын бизнес баштоосу үчүн шарттар оор экен.
- 2030-жылга чейин ар бир үйдөн бир ПРОГРАММИСТ чыгыш керек. Ошондо Кыргызстанда 50 000 программист болот экен. Жылдык киреше 1 000 000 000 долларга жетет.
- Жаңы баштаган программист 2-3 жылда айына 1500-2000 доллар таба турган деңгээлге жетет.
- Россиялык компаниялардын бияка келүүсүн күтпө. Өзүң Россияга барып алар менен иштеш.
- Мамлекет азыр жаңы керексиз мыйзамдарды кабыл алгандан көрө эски керексиз мыйзамдарды жойсо жакшы болмок. Ишкерлерге тоскоол болбосо эле, биз жашап кетебиз
- Мамлекеттик ишканаларды жеке секторго башкарууга өткөрүп берүү керек.
- Азыр ун, май, жумуртка ашыгы менен бар. Паника кылбагыла. А бирок кийинки жылы кандай болот, вот ошону ойлонуп көрүш керек. Кумшекердин тагдыры болсо белгисиз. Эгер жок болсо Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзүндө тартыш болот. Бирок кумшекерсиз жашоо кайра пайдалуу болот 😊
- Кыска убакта стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Бул жылга эмес кийинки жылга даярданышыбыз керек. Себеби Украина дүйнөгө дан эгиндерин, май, жүгөрү экспорт кылган ири өлкө.
- Европа жер семирткичтердин 70% Россиядан алат.
- Кыргызстандын айыл-чарба өндүрүшүнүн 90% сырттан көз каранды.
- Чындыгында бизден чыккан жемиштер анчалык деле сапаттуу эмес, дүйнөлүк стандарттан бир топ эле төмөнбүз. Калп эле көкүрөк каккан туура эмес.
- Айыл-чарба тармагында бизнес кылсаң, ачка калбайсың, жакшы акча тапсаң болот, бирок миллиард таба турганчалык прибыльный деле эмес.
- В Кыргызстане стабильная нестабильность
- Мамлекетибиз быйылдан баштап айыл-чарба тармагына укмуштуудай чон басым жасай баштады
КЫСКАСЫ
- Ооба кризис бар, келатат. Муну кабыл алышыбыз керек. Бирок чындап карай турган болсок, 30 жылдан бери эле кризис менен жашап келатабыз. Качан кризистен чыктык эле. Андыктан бул кризисти деле кыргыздар акырын узатып коебуз, короновируска окшоп...
НЕГИЗГИСИ ДЕН-СООЛУК БОЛСУН.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.

1 321

obunachilar
Kanal statistikasi