Диби_деди✨


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Жүрөктөгүнү жазам. Арманды төгөм. Кыялды бөлүшөм. Сүйүүнү сүйдүрөм. Бул менин эркин аймагым. Ким тынчтыгымды бузса өчүрөм. Ар бир жазуум #диби_деди хэштеги менен алынбаса акым адал эмес. Көп жазсын десеңер жазууларымды көп бөлүшкүлө. 🐣Ошондон эргүү алам:)

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Өзүңөрдү өзүңөр кантип соттойсуңар?


Мен сенин мага болгон сүйүүңдү сүйөм!

#бүтпөс_романым


Кызык эле болом, кээде, жөн эле, жай эле өз жашоомду жашайын деп атсам “бир күнү сенин да түгөйүң табылат. Насип болоруна аз калды” дешсе…

Чын эле кызыктай сезим болот…
Анан ушинтип түн катып уктабай чыгам, эртең маанилүү күн экенине карабай…
#диби_деди


көп нерсе адамга зыян окшойт:

Тандоо көп болсо, башың адашат
Каалоо көп болсо, напсиң семирет
Баалоо көп болсо, көзүң май басат
Жектөө көп болсо, сөзүң алсырайт
Сүйүү көп болсо, баасын жоготот
Күтүү көп болсо, артын муң басат
Сагынычтын көптүгү ден соолуктун уурдалганы
Байлыктын көптүгү тынч уйкуңдун бузулганы
Анан эң арманы - баарлашууга мүмкүнчүлүк көп, бирок баарлашарга пикирлеш жок…


#диби_деди


депмин…
Кара-Балтада жашап атам азыр.
Дагы да жашайм…✨


Диби_деди✨ dan repost
2024 жакшылап акча топтойм да, башка шаарга жашаганы кетем. Иштегени эмес, жашаганы.


Бу жылды тынч баштасам болмок да!
Эч ким, эч нерсе жөнүндө жазбай эле,
Эч ким, эч нерсе жөнүндө ойлобой эле,
Сагынбай эле,
Сыздабай эле,
Бу жылды жөн жашасам болмок…!
Кайдан?!
Өзү төгүлбөдүбү!
Жүрөк каалабадыбы…

#диби_деди


Эси-дартымдын баарын ээлегидей сенден эмне таптым деп өзүмө суроо салдым. Андан бери көп убакыт өтсө да унутулбаганыңа, оюмдан чыкпаганыңа түшүнө албадым. Мени эбак унутуп, өз жашооңду жашап жатканыңды ойлоп, мен сенден эмне тапканымды санагым келди. Жылдыздуу көзүң, жылуу мамилең, жумшак сүйлөгөнүң анан аяр тигиле караган каректериң көз алдыман жылбай койду… китепке каарман кылсам, суналган боюңа, шадылуу колдоруңа, жарашыктуу жылмайган жүзүңө, боорукер жүрөгүңө көбү ашык болмок да…анан батына албаган тартынчаактыгыңа, коркоктугуңа, чечкинсиздигиңе андан көбү ачууланмактыр.
Мен да бир ашык болуп, бир ачууланып жашап келем…

#бүтпөс_романым


Баары мурдагыдай эмес!

_________________________
бир сүйлөм өкүнтөт же сүйүнтөт

#диби_деди


2025те ушуларды тапкым келүүдө✨


Сүйүүдөн
“2” алуу же “5” алуу
тагдырбы же тандообу?

#диби_деди


Азабың да,
Жыргалың да,
Бир берилген дүнүйө.

#диби_деди


Билбейм…
Көп нерсени кээде билбей эле койгон жакшы…
Азырынча сага…
билбейм,
эмне сезип жатканымды…

#бүтпөс_романым


Ийгилик жаратууң үчүн баарын нөлдөн башташ керек деген түшүнүгүмдүн туура эместигин түшүнүп, өксүп ыйладым…

#диби_деди


Таңкы түз эфирде конокто болдум. Жазууларыңыздан окуп бериңизчи деди. Аябай уялдым. Эл алдына чыгып мен жазмакермин дештен тартынат экенмин. Акыркы учурда сөз курабай калганым да себептир, балким… же сенин жоктугуң…

#бүтпөс_романым
#диби_деди


Кандайсың, берекем?
Абалың кандай? Көптөн бери жазбай кеттим го. Сагынган чыгарсың…


Бүгүн “Делбиримди” “сүйүүнү сактагыла!” деген дем менен жыйынтыктадык.
Сактагыла.
Ал баарына эле буйруй бербейт…

#диби_деди


Силерге бир сонун жаңылык менен кайтып келейин деп ойлогом. Тагдыр бул тамашаңды кой деп койду.
Билесиңер сүйүүнү сезип жазган баары бир сонун… бир күнү эми 😌✨

#диби_деди
#бүтпөс_романым


Жараткным жакшыны жазганына күмөнүм жок…
🤲🏻✨

#бүтпөс_романым


Сезим кызык. Аны сезүүң керек.
Таалай кызык. Аны табууң керек.
Бакыт кызык. Аны багууң керек.
Сүйүү кызык. Аны күтүүң керек.
Жашоо кызык. Мунун баарын өз учурунда берет…

#диби_деди

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.