Орозо кармаганга даярдануу
Акылдуу адамдар, даанышмандар сыноого алдын ала даярданышат. Мисалы, спортсмендер деле күч сынашууга, мелдешке чыгаар алдында муун-булчуңдарды тынбай машыктырат. Антпесе, физикалык оорчулук болгондо, булчуңдар жабыркап, ден соолугуна олуттуу зыян келтирип алмак. Андыктан бул жооптуу мезгилге даярдануу боюнча адистер берген кеңештерге көңүл бурабыз ⬇️
1⃣ Орозо кармоого дароо киришкенде кыйналып калбас үчүн, дүйшѳмбү, бейшемби же айдын ортосунда бир күндѳн ооз бекитип турганда, адамдын аң-сезими да, ден соолугу да кѳнүп, алдыда кармай турган орозого даярданат. «Ар айда үч күн орозо кармоого кѳнүккѳн адам ар жылы орозо кармайт», - деп Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи васаллам) деле насаат калтырган экен. Айрыкча быйыл биринчи жолу орозо кармоого ниеттенгендер жана былтыр жаңы кошулгандар үчүн бул кеңеш абдан пайдалуу.
2⃣ Азыртан эле куурулган, майлуу, жарым фабрикат тамакка чектѳѳ киргизип баштоо зарыл. Кумшекер, таттуу, ун азыктарынан даярдалган тамак, фастфуд, газдалган суусундуктар, чипсы, кетчуп, майонезди, консервант менен узак сактоого ылайыкташкан азыктардын бардык түрүн ченеп колдонгонго кѳнүгѳ бериңиз.
3⃣ Кофе менен чайды азайтыңыз. Ѳзгѳчѳ баш ооруганда, кофе же чай ичип эс алып калгандар болсо орозо кармоо учурунда кыйналып калышат.
4⃣ Жок дегенде, жумасына бир күн тазалануу жүргүзүңүз, же күнү бою жашылча-жемиш менен тамактануу керек, шире же суу менен тазалануу дегендей, тандоо сиздин кѳңүлүңүздѳ.
5⃣ Орозо кармоодо ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысын билесиз. Демек, бүгүндѳн баштап уктоо режимин да ѳзгѳртүп, ал жагдайга аң сезимди, организмди кѳнүктүрүү да орчундуу маселе. Антпесе уйку да Рамазан айында ѳзүңүздү бактылуу жана сергек сезиш үчүн маанилүү нерсе. Орозо кармоонун шарттарын туура аткаруу үчүн, сиз сергек болушуңуз талап. Уйку канбай калганда, адамда кызыгуу, туура ой жүгүртүү да бузулат. Стресс жана ачуулануудан качыш үчүн, эрте жатып, эрте турган шартка даярдана бериңиз. Балким Рамазан айы башталганга чейин, түштѳ бир маал уктап эс алып алганга убакыт таап кѳнүгѳ берүүнү ойлонуңуз.
6⃣ Рамазан айы кадам жакындаган сайын жакшы иштерди жасоого жүрѳктү даярдоо абзел. Ыйык Куранды окуу, намаз окууга мечитке каттоо, кайрымдуулук иштерин кылуу менен алек болгон учур келди.
7⃣ Жаман адаттардан жана терс сыпаттардан арылууга аракет кылыңыз. Куранда айтылгандай: «Аллах адамга эки жүрѳктү бир денеге тартуулаган эмес!» Орозо учурунда намазды калтырган болбойт. Ыйманга чакырбаган, адамдык адеп-ахлакка туура келбеген берүүлѳрдү кѳргѳндѳн баш тартыңыз. Андай болбосо, ачка жүрүп күнѳѳ топтогондон не пайда 😬
8⃣ Эгер буга чейин гастрит, ашказан жарасы сыяктуу ашказан-ичеги оорулары менен ооруп болсоңуз же ооруп жатсаңыз, кант диабетинен жабыркаган болсоңуз орозо кармаардан мурда дарыгериңиз менен сѳзсүз кеңешиңиз. Биз ден соолуктун абалын текшере албай турган орто кылымда жашабайбыз. Белгилүү болгондой, бат-бат аздан тамак ичип турууну талап кылган кээ бир оорулар бар экенин эске алуу керек. Жараткан болбой турган нерсени талап кылбайт, ошол үчүн кош бойлууга, дарманы жок карыга, оору менен алышкан ноокаска жеңилдик берген.
9⃣ Рамазан айынын мааниси жѳнүндѳ жакындарыңызга, айланадагыларыңызга түшүндүрүп айтыңыз, бирок орозо кармоого мажбурлабаңыз.
❤️ Аллах Таала баарыбызды келе жаткан берекелүү Орозо айына жеткирсин!
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
Телеграм каналга кошулууңуз!
https://t.me/firdauskanal