ИСЛАМ БУЛАГЫ


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Адамзаттын эң биринчи биле турган нерсеси - бул таухид.
Таухид- бул Исламдын булагы.
✒Автор: Нематулла Кадайев (Медина, ислам эл аралык университети)

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


https://youtu.be/JmonpRPQhS8?si=R1tOF9TMzAzQla5L

Имам ибн уль Коййим (рахимахуллах) мындай деп айтат:"Эгер садака берүүчүнүн садакасы кедей-кембагалдын колуна жетээрден мурда Аллахтын колуна жетээрин билгенде, садаканы алуучунун ырахатына караганда бергендин ырахаты көбрөөк болмок".
📚 Мадарижу ась-Саликин: 1/26.

Садака берүүңдө Шайтан сени ар кандай ойлор менен азгырып, Аллахтын мээримине жетүүңдөн тосот!


الشَّيْطَانُ يَعِدُكُمُ الْفَقْرَ وَيَأْمُرُكُمْ بِالْفَحْشَاءِ ۖ وَاللَّهُ يَعِدُكُمْ مَغْفِرَةً مِنْهُ وَفَضْلًا ۗ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

"Шайтан силерди кедейлик менен коркутуп, бузукулукка буйруйт. Аллах силерге Өзүнүн кечиримин жана ырайымын убада кылат. Чындыгында, Аллах – баарын Камтуучу, Билүүчү!

Куран, Бакара: 268.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!


Шейх Салих Фаузандын «БЕРЕКЕЛҮҮ РАМАЗАН АЙЫНДАГЫ ЖЫЙЫН» деп аталган китебинен.

Тозоктон коркуу боюнча он төртүнчү кеңеш: 58 бет.

المجلس الرابع عشر في الخوف من النار: 58 ص.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy


https://youtu.be/JmonpRPQhS8?si=R1tOF9TMzAzQla5L

БАЛА ЭМИЗГЕН АЯЛ ОРОЗО КАРМАБАСА БОЛОБУ?

Суроо:
Эмчек эмизген аялга орозо кармоо оор болсо, орозосун тутбаса болобу?

Жооп:
Ооба, эгер орозо кармоо ага кыйынчылык жаратса же баласын эмизүү үчүн сүтү азайуусунан корксо, анда оозун ачса болот. Кийинчерээк кетирген күндөрдүн казасын толтуруусу керек.

📚 Шейх Мухаммад ибн Салих Усеймин. Орозо тууралуу 48 суроо (52-бет).
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy


https://youtu.be/JmonpRPQhS8?si=R1tOF9TMzAzQla5L

Пайгамбарыбызﷺ Абу Хурайра (радиаллаху анху)
риваят кылган хадисте мындай деп айтат: "Жесир жана кедей-кембагалга жардам берген адам, Аллах жолунда согушуп, же түнү туруп ибадат кылып, күндүзү орозо кармаган сыяктуу".
📙 Имам Бухари: 5353. Имам Муслим: 2982.

Жесирлерге, кедей-кембагал, муктаждарга жардам берген адам өмүрүнүн күндүз күндөрүндө жеп, түнү уктаса да, орозо кармагандардын жана түнү туруп ибадат кылгандардын тобу менен чогуу болуп, алардын даражасына жетип, алар алган соопту алышат.

Андыктан ар бир ыймандуу адам бул чеги жок, түгөнбөгөн соодага ынтызар болуп, талпынып Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн жесирди, кедей-кембагалды издеп, аларга жардам берүүгө болгон аракетин жумшап, бел байлайт.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!




БЕЙИШ ТАКЫБАЛАР ҮЧҮН ДАЙАРДАЛГАН

Имам Ибн Ражаб айткан:

«Оо, Адам баласы, эгер сен напсиңдин кадырын билгениңде аны күнөө менен кор кылбайт элең! Сен макулуктардын ичинен тандалып алынгансың. Эгер Аллахтан корксоң, сен үчүн бейиш дайардалган. Бейиш – такыбалардын мүлкү. Ал эми дүйнө – Иблис шайтандын мүлкү, ошондуктан ал анда мөөнөт берилгендерден».
📚 Лата’иф аль-Маариф: 337-бет.
Катталыңыз ➤➤👉 https://youtu.be/a01Czg1wPJ4?si=tVZ0b_LNO7rb5WKh
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy
➖➖➖➖➖➖➖➖
🔘https://t.me/dr_elbukhary/4077

🔄


ТИЛДИ ЖАНА ЖҮРӨКТҮН САЛАМАТТЫГЫН САКТОО

Имам Ибн Касир айткан:

Ахмад бин Асим аль-Антаки... анын зухд жана жүрөккө болгон мамилеси тууралуу жакшы сөздөрү бар... ошол эң сонун сөздөрүнүн ичинен:
“ЖҮРӨГҮҢДҮ ЖАКШЫРТКЫҢ КЕЛСЕ АНДА ТИЛИҢДИ БАШКАРЫП, АГА ЖАРДАМ БЕР”.
📚 Ал-Бидая уа н-Нихая: 14/ 357, 358.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

➖➖➖➖➖➖➖➖

🔘https://t.me/dr_elbukhary/4080

🔄


"Кан тамак-аш менен суусундуктан жаралаары талашсыз, Адам жеп-ичкенде шайтандын жолдору кеңейет (ал кан аркылуу чуркайт), ал эми орозо кармаганда, шайтандын жолдору буулуп, жүрөк жакшылык кылууга, күнөө иштерден баш тартууга үндөлөт".
📚 ибн Таймия. "Мажму' аль-Фатауа": 25/246
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!


Суроо:
Мусулман аялдар көбүнчө ашканада көп убакыт өткөрүшөт, ар кандай тамактарды жасоо менен алек болушуп бул айды өткөрүп жиберишет. Оо, шейх Рамазан айында тамак жасоо менен алек болгон аялдар сооп алышабы жана аларга эмне кеңеш айтасыз?

Жооп:
Ооба, ал аял орозо кармагандарга тамак даярдагандыгы үчүн сооп алат. бул жакшылык менен такыбалык иштерде кызматташуу, жардамдашуу болуп саналат. Ошондуктан ал үчүн сооп берилет.

Тамак жасоо жана үй иштери менен алектенүү анын Аллахты зикир кылуусуна, жана Курандан жаттаган сүрөөлөрүн окуусуна тоскоол болбойт.

📚 Шейх Салих Фаузан. Булак: Имам Аль-Ажурри сайты.
═════════
башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз.
Эгер ал аны үйрөнүп жашоосунда аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да ошондой сооп кемибестен жазылып турат.
Буга далил пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан: "Жакшылыкка жол көргөзгөн адам, ошол жакшылыкты кылган адамдын сообундай сооп алат".
📚 Сахих Муслим.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy


Суроо:
Эмне үчүн бул ай РАМАЗАН деп аталган?

Жооп:
«Рамазан» деп аталды, анткени ал күнөөлөрдү кетирет.
Башкача айтканда: Ал жакшы амалдар менен күнөөлөрдү күйгүзүп жок кылат.

📚 Имам Шавкани (Аллах аны ырайымына алсын), Фатхул Кадир: 1/185.
➖➖➖➖➖➖➖➖
✍ Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link


Суроо:
Аял орозо кармоо үчүн этек кирин токтотуучу таблеткаларды колдонуусунун өкүмү кандай?


Жооп:
Мен мунун аларга зыяны тийбесе, эч кандай жаман жерин көргөн жокмун жана бул эч кандай көйгөй эмес, көйгөй деп билбейм. Анткени, алар эл менен бирге орозо кармоого, кийин казасын тутпоого абдан кызыкдар.


📚 Шейх Ибн Баз (Аллах аны ырайымына алсын). Фатвалар жыйнагы: 15/201.
https://search.app/VqiycuRf3wREacM37
➖➖➖➖➖➖➖➖
✍ Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!


Катталыңыз ➤➤👉 https://youtu.be/a01Czg1wPJ4?si=tVZ0b_LNO7rb5WKh

Кадырлуу мусулман бир тууган!


Ислам дининин беш шартынын төртүнчүсү - ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо парз болуп эсептелет.

Орозо – адам ар кандай күнөөлөрдөн оолак болуп, өз напсисин көзөмөлдөөсү үчүн өтө ыңгайлуу ибадат болуп эсептелет. Адам баласын жалкоолукка жетелеген, ибадаттарын аткаруусуна тоскоолдуктарды жараткан жана анын көп уктоосуна себепкер болгон нерсе – бул кумардануу, аша тоюнуу. Андыктан, орозо кармоо жолу менен адам баласы ачка жүрүүгө, кумардануудан алыс болуп, напсисин көзөмөлдөөгө үйрөнөт. Ошентип, орозо кармаган адамдардын ач жүргөн адамдарга болгон айоо, жардам берүү сезимдери күчөйт. Асыресе, орозо арам иштерден оолак болууга, ыплас сөздөрдөн, ушак-айыңдан алыс болууга үйрөтөт.

Рамазан айында мусулман баласы орозо кармоо, Куран окуу, таравих намазын окуу жана башка ушул сыяктуу ибадаттар менен руханий жашоосун жандандырат.

Жандандыруу аракети анын бир жыл бою ушул калыбынан жазбай жүрүүсүнө шарт түзөт. Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу менен гана чектелбестен, арам нерселерди кароодон, арам тамактан, жаман сүйлөөдөн, урушуудан жана пайдасыз нерселер менен алектенүүдөн оолак болот. Орозодо адамдын дене-мүчөлөрү да орозо кармоосу керек.

Жабир (радияллаху анху) айтат: “Эгерде орозо кармасаң, анда кулагың да, көзүң да, тилиң да жалган жана жаман арам нерселерден орозо кармасын. Кол алдыңдагы кызматчыңа зыян бербе. Орозо кармаганыңда сенде токтоолук жана тынчтык көрүнүп турсун. Орозо кармаган күнүң менен башка күнүң айырмаланып тургандай кыл”.

Орозо - убакытты туура пайдаланууга үйрөтөт. Болбосо орозо кармаган адам жеп-ичүүнү токтоткону менен башка жаман адаттарын таштабаса, хадисте айтылгандай, жөн гана ач болгону болбосо, ага эч кандай сооп болбойт.
Орозо адам күнөөлөрдөн да сактануусу керек.

Пайгамбарыбызﷺ айтат: “Ким (орозо учурунда) жалган сөздү, жалган иш-аракеттерди жана наадандыкты таштабаса, Аллах анын тамак-аштан баш тартуусуна муктаж эмес”.  Бухари 6057.

Түшүндүрмө:
Хадистин мааниси орозо кармабай эле койсун деп буйрук берүү эмес. Балким ошол айтылган күнөөлөрдөн кайтаруу.

Орозо – адамдын эркин күчөтүп, жакшы мүнөздөрүн калыптандырат жана ага ырааттуу жашоону үйрөтөт. Адамды сабырдуу болууга үйрөтөт. Орозо – байларга, бардарларга, кедей-кембагалдардын абалынан кабардар кылат. Адамдардын бири-бирин туура түшүнүүгө, жардам көрсөтүүлөрүнө жол ачат.
Ошондой эле, орозо - адамдын ден-соолугу үчүн да абдан пайдалуу ибадат.

Орозо - адамдын мурунку күнөөлөрүн тазалайт. Бул жөнүндө Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан: “Чын ихлас менен жана сообун бир Аллахтан күтүп, үмүт кылып, Рамазан айында орозо кармаган адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилет”. (Бухари).

Бул ай – сабырдуулуктун айы. Сабырдуулуктун түбү – бейиш.
Бул ай – жакшылыктын, жардам берүүнүн айы.
Бул ай – момун-мусулмандын ырыскысы көбөйгөн, ырыскысына береке кирген ай.

Орозо чын ихлас менен Аллах үчүн орундалуусу зарыл. Ибадат ихластуулук менен орундалат.

Мусулман баласы күчүнүн жетишинче жаман адаттардан арылууга аракет жасайт. Жеп-ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу, албетте, орозо үчүн шарт. Ошону менен бирге орозо учурунда мусулман адам жакшы иштер менен алектенип, тилин жалган сүйлөөдөн, ушак-айыңдан алыс тутуу менен, зикир кылып жараткан Аллахты даңазалоо менен жан дүйнөсүн аруулоо керек.

Орозо кармаган адам Куран окуп Аллахты көп зикир кылуусу зарыл. Рамазан айында күндүзү орозо кармап, түнкүсүн Таравих намазын калтырбай окууга аракет кылуу керек. Ооз ачаарда аша тоюнбоо зарыл. Ооз ачарга жалаң байлар гана эмес, кедей-кембагалдар да чакырылышы кажет.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!


Катталыңыз ➤➤👉 https://youtu.be/a01Czg1wPJ4?si=tVZ0b_LNO7rb5WKh


Катталыңыз ➤➤👉 https://youtu.be/a01Czg1wPJ4?si=tVZ0b_LNO7rb5WKh

АДАЛ ТАМАК МЕНЕН ООЗУҢУЗДУ ЖАБЫП, АРАМ НЕРСЕЛЕР МЕНЕН ООЗУҢУЗДУ АЧУУДАН САКТАН!


Аллах Куранда "Хужурат" сүрөөсүнүн 12- аятында мындай деп айтат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اجْتَنِبُوا كَثِيرًا مِنَ الظَّنِّ إِنَّ بَعْضَ الظَّنِّ إِثْمٌ ۖ وَلَا تَجَسَّسُوا وَلَا يَغْتَبْ بَعْضُكُمْ بَعْضًا ۚ أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَنْ يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتًا فَكَرِهْتُمُوهُ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ تَوَّابٌ رَحِيمٌ.

"Оо, ыймандуулар! Жаман ой - күмөндөрдүн көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени, айрым шек-күмөндөр – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири бириңерди артыңардан тилдеб, гыйбат кылбагыла. Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганынын этин жешти жакшы көрсүн?! ( Себеби, ушактап, гыйбат кылуу – ушакталган адамдын этин жеген менен барабар оор күнөө) Силер аны жактырбайсыңар! Аллахдан корккула. Чындыгында Аллах – тооболорду Кабыл Кылуучу, Боорукер".

Бирөөнүн артынан ушактап ал жөнүндө жаман сөз айтуу бул гыйбат болот.

ГЫЙБАТ - ДЕГЕН ЭМНЕ❓

Гыйбат деген сөз арабчада: ГЫЙБА деп айтылат. Мааниси: Ушак - бир киши жогунда анын жаман жагын, кемчилдигин айтуу мына ушул ГЫЙБАТ.

Ал эми ЧАГЫМЧЫ деген сөз арабчада: НАМИЙМА деп айтылат, кыргызча түшүнүгү: эки адамды же эки тарапты бир бирине чагымчылап уруштуруу максатында сөз ташуу. Мына ушул киши чагымчы!

ГЫЙБАТтын шарияттагы өкүмүн бардык уламалар бир пикирге келип ЧОҢ КҮНӨӨ деп айтышкан.

Имам Куртубийдин сөзүндө "Ижма" уламалардын баары ГЫЙБАТ менен ЧАГЫМЧЫЛДЫК бул чоң күнөөлөрдөн деп айтып кеткен.

Чоң күнөөлөрдөн айтсак, зынаа кылуу, арак ичүү, уурулук кылуу, тууганчылык алаканы үзүү, ата-энени нааразы кылуу ж.б.у.с. күнөөлөр кирет.

Аллахтын элчисиﷺ сахабалардан: Гыйбат деген эмне экендигин билесиңерби?!» - деп сурады. Алар Аллах жана Анын Элчиси билет», - деп жооп беришти. Ошондо Аллахтын элчисиﷺ: Гыйбат деген - бул бир адамга тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылганың». Сахабалардан бирөөсү: А, эгер менин айтканым ал адамда болсочу?!» - деп сураганда, Аллахтын Элчисиﷺ айтты: «Эгерде сенин айтканың ал адамда болсо, анда аны ушактаган болосуң. А, эгер сенин айтканың ал адамда жок болсо, анда жалаа жапкан болосуң».
📚 Имам Муслим.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!




https://youtu.be/a01Czg1wPJ4?si=tVZ0b_LNO7rb5WKh

УШУНДАЙ АДАМДАРДАН БОЛУП КАЛУУДАН АБАЙЛАГЫЛА!


Имам Авзаи мен Яхья бин Абу Касирдин мындай дегенин уктум: «Кээ бир адамдар адал жакшы нерсе (тамак аш жана суу менен) ооз бекитип, а, бирок бир тууганынын этин жеген акыбалда (гыйбаттоо, жамандоо) аркылуу арам жаман нерсе менен ооз ачып жүрүшөт».
📚Абу Нуайм «Аль-Хиля» 3/69.
═════════
башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз.
Себеби, сиз жиберген бир эле маалымат, балким кимдир-бирөөгө пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер ал аны үйрөнүп жашоосунда аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да ошондой сооп кемибестен жазылып турат.
Буга далил пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан: "Жакшылыкка жол көргөзгөн адам, ошол жакшылыкты кылган адамдын сообундай сооп алат".
📚 Сахих Муслим.
Зубайд аль-Куфи ( рахимахуллах) айткан: «Мен бир сөз уктум, Аллах аны менен мага отуз жыл пайда берди».  
📚 Ас-Сияр: 5/297.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy


https://youtu.be/a01Czg1wPJ4?si=tVZ0b_LNO7rb5WKh

Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан: “Ким (орозо учурунда) жалган сөздү, жалган иш-аракеттерди жана наадандыкты таштабаса, Аллах анын тамак-аштан баш тартуусуна муктаж эмес”. 
📚 Бухари: 1903.

Хадиске түшүндүрмө:

1⃣ КӨЗДҮ Аллахты зикир кылуудан алаксыткан бардык арам нерселерди кароодон сактоо керек.

2⃣ ТИЛДИ пайдасыз сөздөрдөн, жалгандан, ушактан, гыйбаттан, чагымчылыктан, душмандыктан, талашып тартышуудан тыюу жана аны унчукпай жүрүүгө, Аллахты зикир кылууга жана Куран окууга көндүрүү керек.
 
3⃣ КУЛАКТЫ бардык жаман сөздөрдөн сактоо. Кайсы бир сөздү айтуу арам болсо, анда ага кулак салуу да арам болот. 

4⃣ КОЛ, БУТ сыяктуу денинин башка мүчөлөрүн жаман иштерден сактоо керек.
———————————
башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз. Себеби, сиз жиберген бир эле маалымат, балким кимдир-бирөөгө пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер ал аны үйрөнүп жашоосунда аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да ошондой сооп кемибестен жазылып турат.
Буга далил пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан:"Жакшылыкка жол көргөзгөн адам, ошол жакшылыкты кылган адамдын сообундай сооп алат".
📚 Сахих Муслим.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




السَّلامُ عَلَيْكُم ورَحْمَةُ اللهِ وَبَرَكاتُهُ

Бүгүн 4-Март Бишкек убактысы боюнча Аср намазынан кийин Шейх Салих Фаузандын «БЕРЕКЕЛҮҮ РАМАЗАН АЙЫНДАГЫ ЖЫЙЫН» деп аталган китебинен телеграм каналыбызда онлайн сабак болот.

📔 Шейх Салих Фаузан.
Ахлю Суннанын учурдагы эң көрүнүктүү аалымдарынын бири. Сауд Аравияда “Чоң уламалар уюмунун” жана “Фатва берүү боюнча туруктуу Комитеттин” мүчөсү.

Сабакты биздин каналдан түз байланышта уга аласыздар.
➖➖➖➖➖➖➖➖

🎙 Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy



Показано 20 последних публикаций.