ЭКӨӨ ТЕҢ КҮНӨӨЛҮҮ
Жанаша турган эки үйдүн биринде күн сайын казан аяк кагышып, ызы-чуу чыгып турса, экинчи үйдөн деги эле үн чыкпайт экен.
Чуулгандуу үйдүн жашоочулары баягы адатынча урушуп жатканда аялы:
- Деги эле ушул кошуналардын урушуп, жаңжалдашканын такыр көргөн жокмун?! Урушпай кантип жашай турганын билип келчи?!- дейт күйөөсүнө.
Күйөөсү байкатпай коңшусуна барып, терезесинен үйдүн ичине көз салат. Ар ким өз иши менен алектенип, аялы ашканада тамак жасап, күйөөсү столдо бир нерсе жазып отурган болот.
Бир маалда телефон шыңгырап, күйөөсү аны ала коём деп столдо турган идишти байкабай түртүп, сындырып алат да, тизелеп олтура калып сыныктарды чогултуп кирет. Ашканадан аялы жетип келип, ал да олтура калып, сыныктарды терише баштайт.
Күйөөсү аялына:
- Кечирип койчу, телефонду ала коём деп сындырып албадымбы?! - десе, аялы:
- Эч нерсе эмес, мен өзүм туура эмес жерге коюп койгон турбаймынбы?! - деп жооп берет.
Экөө бири-бирине жылмайып, сыныктарды чогултуп, ар кимиси өз ишине кайтат.
Аларга терезеден көз салып турган киши үйүнө келгенде, аялы бейпил үйдүн сырын билдиңби - деп сурайт.
Ооба, билдим. АЛАРДЫН ҮЙҮНДӨ ЭКӨӨ ТЕҢ КҮНӨӨЛҮҮ ЭКЕН, А БИЗДЕ БОЛСО, ЭКӨӨБҮЗДҮКҮ ТЕҢ ТУУРА - деп үшкүргөн экен күйөөсү.
~ "Дүйнө базарындагы саалихтер" китебинен