АЯЛДАРДЫ СЫЙЛУУ ГАНА АДАМ СЫЙЛАЙТ
Аял заты кандай жакшы. Наристе кезинде ата-апасына бейиш эшигин ачып берет. Бойго жеткен кезде күйөөсүнүн динин толуктайт. Эне болгон кезде кадамынын астында бейиш болот.
Бир киши аялы менен урушуп калат.
Аялы ачууланып "төркүнүмө кетем" деген ойдо, кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт.
Абалды түшүнүп калган күйөөсү, аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып:
- "Эмне кылып жатасың, алтыным?" деп сурайт.
Аялы:
"Кышкы кийимдеримди салыштырып, жазгы кийимдеримди чыгарайын дедим эле" - деп жооп берет.
Аял заты назик келет, аларды бир жакшы сөз ыраазы кылып, бир жылмаюу кайгы-капасын кетирет.
Өз аялына кичи пейилдик, жумшактык жана сылыктык менен мамиле кылуу - чыныгы эркектердин гана сыпаты.
~ "Дүйнө базарындагы саалихтер" китебинен