#Чыныбай_ТУРСУНБЕКОВ
БАЛАЛЫК
Оюмда санаа жок эле,
Мүнөзүм тентек, шок эле.
Байкабай бассаң бакырткан
Балалык–кызыл чок эле.
Жарышып желге чуркачу,
Белине турбай турсасы.
Бал экен көрсө ал курак
Чайыңа салып ууртачу.
Кири жок таза ойлонгон,
Наристе сүйүү ойгонгон.
Кызарып кетчү кыздар-ай
Колунан кармап койгондон.
Булутту кечип жүргөн кез,
Булактай тунук күлгөн кез.
Дайыма бала болсом не
Кекселик жагын үйрөнбөс.
Азыр да ага кетсем дейм,
Артынан кууп жетсем дейм.
«Чоңойсом экен» деп жүрүп,
Чоң акыл кийин, кеч келген!!!
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү
БАЛАЛЫК
Оюмда санаа жок эле,
Мүнөзүм тентек, шок эле.
Байкабай бассаң бакырткан
Балалык–кызыл чок эле.
Жарышып желге чуркачу,
Белине турбай турсасы.
Бал экен көрсө ал курак
Чайыңа салып ууртачу.
Кири жок таза ойлонгон,
Наристе сүйүү ойгонгон.
Кызарып кетчү кыздар-ай
Колунан кармап койгондон.
Булутту кечип жүргөн кез,
Булактай тунук күлгөн кез.
Дайыма бала болсом не
Кекселик жагын үйрөнбөс.
Азыр да ага кетсем дейм,
Артынан кууп жетсем дейм.
«Чоңойсом экен» деп жүрүп,
Чоң акыл кийин, кеч келген!!!
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү