#Алик_АКИМАЛИЕВ
КҮЗДҮН АКЫНЫ
Сергей Есенинге
Көкөйгө тийген көйгөй, чатактуу даңк,
Жек көргөн жөнөкөйлүк, өктөмдүгүң.
Ырларын бар Есенин, -
Россия
жөнүндө тартылган чоң көркем фильм!
Эх!.. Ыраак ыймандуу айыл, дыйкан достор,
Жол карап апаң күткөн жалгыз дайым:
Чаң боз жол... Үймөктүү аңыз.. Көз эмген көк,
Чатыр там.. Чачын жайган сары кыз – кайың.
Келгенге чама-шарт жок. Чоң казатка,
Чыккан эл улуу шаарда Питер деген.
Салгансын тагдыр менен башты азапка,
Калгансын кемең кыйрап үйөрде сен.
Суурулган от, жер, суудан сулуу талант,
Журтунун бут муң-зарын алган жууруп.
Жанкечти ыңкылаптан тагдыр матап,
Кан кечкен ат такасы айдай ыргып…
Кагылыштар кайрап жанын. Эң курч ырлар.
Каламга карышып кол канап жазган.
Турмушун түстүү экран чагылдырып,
Туулган журт элестери – кинотасмаң.
Кең пейил жакыр элге бооруң ачып,
Керемет көз чачырап жашка толду,
Сүйчүсүң бака күүсүн тыңшап кечте,
Сүйкүм деп шакмар мурун чочколорду.
Таанышкам бала чакта. Жаңылбапмын,
Азыр да бар, жашайт деп тирүү акын.
Эски дос, жанкурдашым, тагдырлашым,
Алтын чач ханзаадасы Лириканын!
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү
КҮЗДҮН АКЫНЫ
Сергей Есенинге
Көкөйгө тийген көйгөй, чатактуу даңк,
Жек көргөн жөнөкөйлүк, өктөмдүгүң.
Ырларын бар Есенин, -
Россия
жөнүндө тартылган чоң көркем фильм!
Эх!.. Ыраак ыймандуу айыл, дыйкан достор,
Жол карап апаң күткөн жалгыз дайым:
Чаң боз жол... Үймөктүү аңыз.. Көз эмген көк,
Чатыр там.. Чачын жайган сары кыз – кайың.
Келгенге чама-шарт жок. Чоң казатка,
Чыккан эл улуу шаарда Питер деген.
Салгансын тагдыр менен башты азапка,
Калгансын кемең кыйрап үйөрде сен.
Суурулган от, жер, суудан сулуу талант,
Журтунун бут муң-зарын алган жууруп.
Жанкечти ыңкылаптан тагдыр матап,
Кан кечкен ат такасы айдай ыргып…
Кагылыштар кайрап жанын. Эң курч ырлар.
Каламга карышып кол канап жазган.
Турмушун түстүү экран чагылдырып,
Туулган журт элестери – кинотасмаң.
Кең пейил жакыр элге бооруң ачып,
Керемет көз чачырап жашка толду,
Сүйчүсүң бака күүсүн тыңшап кечте,
Сүйкүм деп шакмар мурун чочколорду.
Таанышкам бала чакта. Жаңылбапмын,
Азыр да бар, жашайт деп тирүү акын.
Эски дос, жанкурдашым, тагдырлашым,
Алтын чач ханзаадасы Лириканын!
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү