“12 жылдыка өтүүдө мугалимдер тартыштыгы жаралбайт”. Билим берүү министринин билдирүүсүБилим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева “Кабар” мамлекеттик агентигине 12 жылдык системага өтүү боюнча кыскача интервью берген.
Ата-эне, педагог, бийлик жетекчилигине чейин сарсанаа болуп , жаңы системанын күңгөй-тескейин талкуулап отурганда мурдун балта кеспей, мамлекеттик казынадан миллиондогон сомдорду коротуп командировкалап жүргөн Кендирбаева негизинен 3 себептен улам 12 жылдык окууга өтүү керектигин айткан.
📌 Чет мамлекетке окууга тапшырган балдарыбыз кайрадан 1 жыл даярдоо курсунан өтүшүүдө.
📌 “Piza” эл араляк мелдешинен 11 жыл окуганыбыз үчүн эң арткы орунду алып калуудабыз
📌 Азыр технология өнүккөн заманда бардык окуучулардын үйдөн кошумча билим алуу мүмкүнчүлүгү бар.
📌Бул айым Кыргызстанда эле жашайбы, деген суроо жаралат. Балдар жаңы технология эмес бүтүн китепке, компьютерге эмес, мектебине жеткирчү транспортко эч кур дегенде партада кенен отура албаган мектеп деңгээлдери менен кайсы технологияларды айтууда?
📌Эмнеге бизге андай деле пайда алып келбеген Piza га ылайыкташууга жандалбасташыбыз керек?
📌Догдургүл айым, чет элге тапшырган кыргызстандык абитуриенттер 12-классты эмес, ошол элдин тилин үйронүү үчүн даярдык курсун окуп жатканын кантип билбей калсын?
📌Дүйнөнүн 190 ашык өлкөсүнүн 150 сү 12 жылдыкка өттү, биз да өтө калалы эмес, эмнеге калган 40ы өтпөй жатат, эмнеге Улуу Британия баш тартса Кытай сыяктуу ири державалар такыр эле колдобойт, деп эмнеге анализ жасалган жок?
Соңунда айтарым, мугалимдер жетишсиздиги көйгөй жаратпайт, дептир. Министр айым азыр эле өлкөгө миңдеген мугалимдер жетишпестигин билбейби?
Өзгөчө ошол кыргыз тилинен башка тилдерди окуткан педагогдордун таңсыктыгын унутуп калдыбы?
Батыштын гранттарына маарыш үчүн жалпы билим берүү системасын курмандыка чалып жатканы келечегибиз үчүн кыйпысыр доорду жаратпаса болду.
@kgosho Билип жаша!