Бишкекте үй-бүлөлук жаңжалдан дагы бир келин көз жумду
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө бүгүн таңкы саат 7:40та ооруканадан коңгуроо кагылып, бычактан жаракат алган 1997-жылы төрөлгөн аял киши келип түшкөнү боюнча маалымдалган.
Тартип сакчылар жетип барган кезде келин алган жаракатынан өзүнө келе албай жан бергени, ал эми 1990-жылы туулган жолдошу реанимацияга жаткырылганы белгилүү болгон.
Жаңжалдан аялы-күйөөсү экөө тең жаракат алышкан. Окуя шаардын Шералиев көчөсүндө жайгашкан турак-жайлардын биринде орун алган.
Учурда реанимациядагы жабырлануучунун палатасына көзөмөл орнотулуп, тергөө иштери башталганы кабарланат.
Жаңжал кызганычтан улам келип чыкканы, күйөөсү аялын 10 жолу бычактап, андан соң өзүнө кол салганы айтылат. Жубайлардын ортосунда 2 баласы бар.
@kgosho Билип жаша!