Жанагы Сейталы мергенчи таап алган чермийиндеги күмүш топчулар, шуру-мончок, билерик-шакектердин окуясы мындай. Илгери, Бекботонун Райымбегинен – Баялы, Буларкы, Балтабай, Сыдык деген балдары болот. Райымбек малдуу-жандуу экен, кышында кыштоо, жазында жаздоо, жайында жайлоого чыгып жүрөт. Нары Калба жактагы култай элинен бир жигит жылда Бешташтын Төбөйүнө жайлоого келет. Мамилелери жакшы болгон экөө ажырабас достордон болобуз деп, достошот. Экөө тең жайлоого чыккан жылы, колуктуулары кош бойлуу болушкандыктан. Эки дос: «Колуктууларыбыз эркек төрөсө, балдарыбызды достоштуралы, кыз-эркек болуп калса, бел куда бололу» деп шерттешет. Тагдырдын буйругу экен, Райымбектин колуктуусу эркек, култайлык жигиттин колуктуусу кыз төрөйт. Жылдар өтүп эки дос-куданын кыз, баласы бойго жетет. Убада боюнча Райымбек кудасына чоң калың берип, уулу Балтабайга досунун кызын алып берип, колуктуулуу кылат.
Бирок күйөөсүн бала кезинен жактырбай өскөн келин, баш кошкондон тарта төркүнүнө көп кетчү болот. Кайта-кайта бара берген кудасын кыя албаган дос-кудасы, кызын алдап кошуп берген жагдайы бир канча ирет болгон экен. Райымбек, жаш жубайлар өзүнчө болушса жакшы жашаар деген кыязда, малга анча деле кенен болбогон аска-зоолуу Туюк Өмүр конушуна малынан бөлүп берип, көчүрүп коюшат. Күн артынан – күндөр өтүп, кыз төркүнү мурда байма-байма каттаган кызынын келбегенинен, кабар алганы кудасыныкына келишет. Райымбек уулу Балтабайдан жашоо-турмушун сураганда. Балтабай: «Келиниңер адетин карматып, төркүнө кетип калган» - дегенине ишенишип. «Кетсе, бир күнү келер деп жүрө» беришет. Ошо бойдон ыйкы-тыйкы эки тарап күнөөнүн аныгына чыгалбай, бири-бирин кыя албай, жабык аякты, жабык бойдон калтырышат. Арадан жылдар өтүп, алар да бу дүйнө коштошот. Ошо бойдон эки жаштын белгисиз сыры Туюк Өмүрдө калат.
Далай суулар агып, канча деген ай-жылдар өтөт. Туюк Өмүрдү конуштаган Сейталы мерген, аңчылыктан баспаган аска-зоосу, аралабаган кокту-колоту, кечпеген суусу калбайт. Ал бул жак гана эмес тиги Чоң Көлдөгү кийиктер чубачу жер да «Сейталынын тосмосу» аталат. Жай күндөрдүн биринде эс алып отуруп, зоонун астындагы агарган сөөккө көзү урунат. Барса, качанкы чириген чермийдеги кадалган күмүш топчулар, мойундагы шуру-мончок, кол-билерик, шакек. Күмүш топчуларды, мойундагы шуру-мончок, шакек, кол-билериктерди алып, үйүнө келет. «Кыңыр иш, кырк жылда» дегендей, бир кезде дайынсыз болгон Балтабайдын колуктуусунун сөөгү Туюк Өмүрдүн зоосунда калып, ага тийиштүү буюм-тайымдары менен табылганы дайын болот. «Белгисиз окуянын сырын, Сейталы мерген ачты» деген эл оозунда окуянын уламыш тарыхы ушундай, – деди Курманбек аке.
Уламыштын баары эле чындыктан алынат эмеспи, «уккан кулакта, жазык жок», «калка айтса, калп айтпайт» деген лакап-кептер бекеринен айтылбаган. Мындай кызыктуу окуя жалаң эле Туюк Өмүрдө эмес, башка дагы тоо койнунда көптөгөн окуялуу сырлардын чыга берерине ынандым...
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта