Холиёр САФАРОВ ЭРДИН УРМАТЫ Аял түнү бою ыйлаган небереси менен келинин ээрчитип, ооруканага барууну чечти. Бактына, кайниси үйдө экен, аларды машинеде заматта шаарга жеткирди, бирок эми чилдеси чыккан наристе чырылдап апасына да, чоң энесине да көнбөй, өзүн артка таштап ыйлап жатты. Өчөшкөндөй, дарыгердин кабыл алуусунда да адамдар көп экен. Келин эмне кыларын билбей, баланы бооруна басып, назик үн менен эркелетип сооротууга, эмизүүгө да аракет кылды, бирок наристенин ыйы токтогон жок.
— Мага бер, келин, – кайненеси ымыркайды колуна алды.
— Ой, садагам менин. Кел, жаным. Ой, ой, сен балага эмне болду? Сенин жаның ооруганча, менин жаным ооруса болбойт беле? Сени ушинтип кыйнаган мендей энеге наалат, балам. Атаңа эмне дейм эми?
Кайнене сооротуу үчүн өзү менен өзү сүйлөшүп, небересин кучактап, коридордун бир четинен экинчи четине чейин баса баштады. Аял шашканынан, жоолугун да жакшы орогон эмес экен. Башында бир тарапка кыйшайып калыптыр. Көңүл бурган жок. Карап турган келинине: «Бир аз отура тур. Сени да кыйнады бул бала», – деди. Анан кезек күтүп тургандардын алдына барды.
— Садага болоюндар, уруксат бергиле, биз кирели. Балам түнү менен ыйлады, эч көндүрө албай жатабыз.
— Мен да эрте менен кезекте турам, эжеке, – деп жооп берди бир аял.
Анын артында өзүнө тең курактагы аял да небересин көтөрүп турган эле, анын ичи ачыды.
— Мейли, биздин ордубузга кириңиз. Байкуш наристе кыйналып кетти.
Артында турган аялдын сөзүнөн уялган жаш келин кечирим сурап, кезегин берди.
— Макул. Кириңиз, — деди акыры.
— Ыракмат, карындашым. Өмүрүңө береке берсин. Ылайым, балдарыңдын ыракатын көр.
Кайнене ага ыраазычылык билдирип, келини менен ичкериге кирди. Аларды карап турган кайнисин да чакырды.
— Сиз да кириңиз. Биз врачтын сөзүнө түшүнбөйбүз.
Алар бири-бирин ээрчишип врачтын алдына киришти. Дарыгер баланын жүрөгүнүн согушун жана дем алуусун текшерди. Курсагын сылап, басып көрдү.
— Курсагында жел бар, ашказаны бузулган, – деди, — Эмчек эмеби?
— Ооба, эмет, – келиндин ордуна кайненеси жооп берди. — Бирок сүтү аз болгону үчүн күнүнө эки-үч маал кошумча сүт беребиз.
— Кандай сүт бересиз?
— Дүкөндүн сүтүнөн, – ал пакеттеги сүттүн атын эстей албады. — Аз-аздан беребиз.
— Ошол сүттү бербеңиз. Келиндин өзү көбүрөк эмизсин. Азыр деле эмизсин. Жакшылап тамактансын. Мен дары жазып берем. Аны аласыз, ашказаны айыгып кеткенден кийин, дагы кайра алып келиңиздер.
Врач алакандай кагазга бир нерселерди жаза баштады.
— Ымыркайдын аты ким?
— Аты Дилшод.
— Фамилиясы ким?
— Фамилиясы... – аял кайнисине карап — Сиз айтыңыз.
Таң калып турган кайниси окшош болсо керек деп өзүнүн фамилиясын айтты.
— Жок, бул киши чоң атаңыздын атына коюлган. Мен ар дайым фамилияны жаздыруу учурунда өтө кыжалат болом да.
— Ой... – кайниси эми түшүндү. — Рустамов.
Аларды карап турган дарыгердин денеси чымырап кетти. Кыска кыркылган чачынын ортосунан башталган калтырагы анын таманына чейин барды. Кайтып, найза сыяктуу жүрөгүнө сайылды. Анын күйөөсүнүн аты да Рустам.
Курбуларына окшоп ал да күйөөсүнүн атын толук айтат, эч кыжалат болбойт, буга тили да, дили да үйрөнгөн, азырак сеп этип келсе же эртең менен берген тапшырмасын аткарбаса, эч жерде иштебеген бошоң күйөөсүн жемелеп койбойт. Ачууланганда көз кызарат, ачуу басылганда жүз кызарат. Ачуусу келгенде ал «Сага тийип эмне көрдүм?» деп тилине эрк берет. «Сени мен багып отурам, тапканымды заарыңа жеп жүрөсүң го», – деп бетине айткан учурлары да көп болгон, бирок күйөөсү унчукпайт. Аны сүйүп алган. Өзү бышырган аш.
Дарыгер наристенин атын жазып жатып, ушулар жөнүндө ойго батты, анан аялдан сурады:
— Эже, күйөөңүз эмне кылат?
— Кожоюнумбу? – аял назик жылмайды. — Ал киши чабан. Күнү-түнү ээн талаада жүрөт.
Дарыгер аял денесиндеги титирөөнү сездирбөө үчүн ак кагазды кычыратып, баланын сакайып кетиши үчүн керектүү дарылардын атын жаза баштады.
Оодарган Нодирбек ЮЛДАШЕВ#котормо
____________________
👉
"Кыргыз поэзиясы"🙏
Каналга колдоо көрсөтүү🎀
Ардак такта