Трамп Канада, Мексика жана Кытайга бажы салыгын киргизди Жарлыкка ылайык, Мексика менен Канаданын импорттук товарларына 25%, Кытайдын товарларына 10%дык бажы салыгы киргизилген.
Аткезчиликке айыпталган өлкөлөр жооп кайтарышты. Биринчилерден болуп Канада АКШдан импорттолгон товарларга 25%дык бажы салыгын киргизгенин жар салды. Ал эми Кытай Трамптын жарлыгына нааразычылыгын билдирип, Пекин Дүйнөлүк соода уюмуна даттанарын, тиешелүү жооп кайтарарын айтты. Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум өз кезегинде "тарифтик жана тарифтик эмес" чараларды колдонорун белгиледи.
Трамп буга чейин Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн айткан.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG