Крим дүйнөсүндөгү бир туугандардын атасын атып кеткен деп 2 адам кармалды. Маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин тууганы болгон.
2008-жылы Чолпон-Ата шаарында Land Cruiser Prado унаасын автомат менен аткылап, рулда отурган Кубанычбек Коноев каза болгон. Ошол бойдон кылмышкерлер табылган эмес.
Милиция арадан 15 жыл өткөндөн кийин айыпталуучулар — 40 жаштагы К. А. жана 54 жаштагы К.Н. аттуу жарандарды таап, камакка киргизди. Алар да уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.
ИИМдин маалыматы боюнча, маркум уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Нурлан жана Мирлан Коноевдердин атасы болгон. Анын балдары да 2006-2007-жылдары ушундай жол менен өлтүрүлгөн.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG