Зыйнат келгенде ,эже эчак муздап калган болчу.Ал энесин кучактап алып,бети башынан туш келди өпкүлөп,көкүрөгүн аймалап,төөчө боздоп ыйлап жатты.
- мен сени өлбөйт дечүү эмес белем.Оо,армандуу дүнүйө,бизди кимге таштап кеттиң?Ак сүтүңдү актай албай калдык.Бул арман,бул өкүнүч менин өмүрүм менен бирге жашап көз жумаар!Оо, менин мезгилсиз кеткен алтын апам...
А Эмил болсо апасын ажалдан мурда эле,өзү жыга чапкансып,унсүз, сөзсүз катып турду.
-Эй балдар тургула өйдө.Эми ыйдан пайда жок.Байкуш Аккыз жакшы киши эле.Жаш да болчу.Акыл эсиңерди жыйнап,өлүктү коюунун камын кылгыла эми.Акчанар барбы?-деп сураган кошуналардын сөзүнөн улам эсиме келе түштүм.Көрсө менда санаага катуу чөгүп кетиптирмин.
-Канча керек дедим көз жашымды сүртүп.
-Миң сом болсо жетээр бекен?
-Миң сом?- Мен чочуп кеттим.
Эмил катуу уйкудан жаңы ойгонгон немеден бетер,башын, көтөрө берип,сүйлөп жаткан адамды максатсыз карагандай томсорду.
-Ооба миң сом.Ошондо да шан-шөөкөтсүз койгондо ,деди кошуна карыя менин сөзүмө жооп кылып.- көр казган,кепин алган,куран түшүргөн ,андан башка жаназа дооран дегендер болот.Кара ашына эмне соёсунар?Муну кошо эсептеш керек.Күрүч ,май,боорсок бышыргандай ун,анан дагы кант,чайы.Мындан тышкары жуучуга берүүчү кийимдерин толуктайсынар. ..
Бул сөздү угуп көңүлүм караңылай түштү.Бир кезде Эмил менен Зыйнатты карасам менден беш бетер тигил кишинин оозун жансыз тикиеп муздай тоңуп турушуптур. Эненин күйүтүнөн оор кайгы,бизге эми акча деген балакет оор болуп турду.Мурда мындай оор кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрө элек биз үчүн ,өлүк коюу өзүнчө эле бир кыямат болду.