– Эже, анда мен ишке орношконумду майлап берейин-деди. Экөө ээрчише басып жакын жердеги кафеге кирип, тамакка заказ берип, коюшуп узун сөзгө жаңы киргенде оңдой берди болуп Керимбек бир досу менен келип калды. Алгач аны Айнура байкаган эмес, Керимбек өзү келип учурашканда гана Айнура саламды алик алып, аны Элмира менен тааныштырды. Ошонтип,оңдой берди болуп төртөө бир столго олтуруп, кенен таанышкан соң ортого ичимдиктин түрү алынып, сөз-сөзгө уланып, олтуруш кеч бешимге чейин уланды. Керимбектин досу үйүнө конок келээрин айтып шашпаганда, дагы канча убакытка чейин олтурушат эле ким билет. Бул олтуруш өзгөчө, Элмирага жакты. Анткени, ага Керимбек биринчи көз караштан эле жагып калып, аны менен кенен сүйлөшүп, өзүнө тартканга аракет кылды. Керимбек, Айнурадан жасганып, ашыкча сөз сүйлөбөй өзүн карманды. Элмиранын жагымдуу көз карашынан ага жагып калганын даана сезип, аны ичинен купуя жактырып турду. Бир чети Айнуранын ачыла албай олтурганы дагы, кандайдыр бир деңгээлде карманганга түрткү берди. Айнура, бир учурда Элмиранын көз карашынан бир сырды байкап калып, атайын сыртка чыгып кетип кайра келди. Бул аракети өзгөчө Элмирага жакты. Качан Айнура келгенде Токтомуш:
– Бата кылып туралы, үйгө конок келмек эле-деп, үй-бүлөөлүү экенин билгизди. Айнурага ушул эле сөз керек белем:
– Мен дагы шашам, кызымды садиктен алыш керек болучу -деп, дагы тиги экөөнө мүмкүнчүлүк түзүп бергенге аракет кылды. Керимбек кара күчкө:
– Айнура, мен сени жеткизип койсом кандай болот?-деди эле, Айнура ушул эле сөздүн айтылышын күтүп тургансып:
– Жок, мен өзүм эле кетем, такси менен. Аны коюп,Элмира эжени жеткизип койсоң дурус болмок. Айтмакчы, Керимбек, эжемди капа кылба, эртең өзүнөн сурайм-деп, кылыктана карап, сөөмөйүн кесеп, тамаша экенин билгизип койду да, тасмалга бата тиледи. Бул кылыгы өзүнө жарашып, столдо олтургандарды мыйыгынан күлгөнгө түрткү берди.
Жолдо келатып, өзүнчө сүйүндү, мунун себеби Керимбектен эми кутулдум деп ойлоду. Буга чейин ага жолуккандан жазганып “Анын мага арнаган сүйүүсүнө эмне деп жооп берем?”-деген суроого эми так жооп табылды. Бирок, ал бир кезде айткан эле “сага үйлөнмөйүн, бойдок жүрөм”-деп. Балким ал сөзүнө турса Элмиранын тарткан тузагына деле моюн сунбай коюушу толук мүмкүн. Ушул ойдун жетегинде келатып үйүнө кантип келип калганын өзү дагы билбей калды. Керимбек таксинин акчасын төлөп, салып жиберген болучу. Үйгө келсе, апасы алдын тосуп чыгып:
– Кызым кайда жүрдүң?! Сени баятан бери күтүп жатабыз, Ырсаалы таякеңдер конокко чакырган, сени ала келгиле, чогуу тамак ичип кетсеңер болот эле, деп айтты эле. Бол тез, даярдан. Айнура кабагы ачык:
– Апа, буйруса иш оңунда, бүгүн ишке орношуп келдим, айлыгы дагы жакшы экен. Эртең ишке чыкмай болдум. Бул айтылган сөздү атасы дагы угуп:
– Кызым, болсун ал эмне иш экен?-деди кызыгуусу арта: Айнура жадырап күлүп
– Ата, менчик фирма экен, туристтерди тейлеген. Менин үч тилди билгеним аларга абдан жакты. Биринчи айлык эки жүз доллар, кийинки айда дагы көтөрүшөт. Кыскасы мен аларга өзүмдү көрсөтүшүм керек , иш билгилигимди. Кызынын кабагынан эле байкаган Мамбет:
– Кызым, иш өзүңө жакса болду. Бол эми даярдан бизди күтүп калышты деп шаштырган болду. Бул учурда таякеси Ырсаалы жол карап сыртта күтүп жүргөн. Машинанын карааны көрүнгөндө гана артка тартты.
Тасмал жөн эле министрди тосо тургандай жасалган экен. Айнура иймене олтуруп жатып:
– Таяжеңе, сизге ыракмат, тасмалды ушунча жакшы даярдаптырсыз, эмне дагы кишилер келеби?-деп суроолу карады эле, Гүлтаажы өзүнүн дарегине карата айтылган жылуу сөзгө ыраазы болуп:
– Жок, силерге эле арнап жасадык. Сен ооруканада жаткан кезде дагы абалыңды сурап бара албай калдык. Андан дагы канча болду чогуу олтуруп тамак иче элегибизге. Бүгүн бир черден чыга сүйлөшүп, шашпай олтуралы деп, атайын даярдандык.
Сөз чай алдыга келгенде башталды. Негизи Ырсаалы сөз баккан адам. Анын ар бир айткан сөзү даректүү жана маанилүү. Ырсаалы, алтымыш эки жаштын тамагын ичип, карылыктын айылына кадам таштап бара жаткан кези. Сөз удулу келгенде адатынча угуп олтургула дегенсип, белги берип жөтөлгөн болуп,анан сөз баштады: