🌐BATKEN_TV


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


🇰🇬Баткендиктер үчүн атайын Telegram каналы!
🌎 Жаңылыктар биздин каналда!
📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👇 @Batken_Tvbot

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
“Баары кинодогудай көрүнөт, бирок чыныгы жашоодо аягы жакшылык менен бүтпөйт”. УКМК синтетикалык баңгизат саткандар боюнча социалдык видео жарыялады.

Атайын кызмат мындай окуялар тууралуу маалымат болсо, +996708314813 номерине (WhatsApp жана Telegram) чалууга болорун эскертти.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кутман таң, замандаш!

Бүгүн күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүйдө 27, Таласта 25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 28, Ысык-Көлдө 19, Нарын жергесинде 21 градуска чейин жылуу болот.

Ал эми Бишкек күндүн табы 24...26, Ош шаарында 25...27 градуска чейин көтөрүлөт.

Күнүңүз көңүлдүү өтсүн!


#Сунуш

🔰 Ойгон, телефонду кармаба!

▫️Уюлдук телефондун экранынан чыккан көк нур көп учурда уйкусуздукту пайда кылат.

Эртең менен телефонду көпкө тиктеп отурсаңыз, тынчсыздануу деңгээлин жогорулатат.

Эртең менен, тескерисинче, жемиштүү иштөөгө даярдануу мезгили.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
КАНТИП VPNди ТУУРА КОЛДОНУУ КЕРЕК?


❗️ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курч бойдон калып жаткандыктан кыргызстандыктарды Израиль, Иран, Сирия, Ирак, Ливан жана Палестинанын аймактарына барбай турууну эскертет

Ал эми аталган өлкөгө баргандар же жүргөндөргө ал жактагы абал бир калыпка түшкөнгө чейин коопсуздук чараларын сактап, абайлап жүрүүнү суранат.

📌Сурап-билүү номерлери:

▪️Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800

▪️Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги: +966583769945

▪️Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +989352505226

▪️Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +96525359951


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кыргызстандыктарга жакынкы чыгыш элкэлэруне барбай туруу сунушталды


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырды. Маданият министрлиги бул социалдык тармакты өлкөдө тыюу салуу чечимин өткөн жылы чыгарган. Аталган мамлекеттик органдар ТикТок балдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип жатканын жүйө кылышат. ТикТокту бөгөттөө мүмкүнбү, блогерлердин пикири кандай?


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📹 Кыргызстанда "ТикТокко" тыюу салуу. Депутаттар чектөөгө кандай карашат?

👉 @batken_tv 👈


Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеш коррупционерлерден дагы "тазалана" турганын айтты

УКМК төрагасы парламентке акчасы көп же чоң кызматтагы таанышы барлар эмес жөнөкөй, мекенчил адамдар келиши керектигин белгилеген.

"Коррупционер, мамлекетти уурдаган, зыянкеч адам экенин билип туруп деле акчасына кызыгып шайлаганды токтошубуз керек. Парламентке дагы туура эмес адамдар келип калган. Аларды тазалоо аракети жүрүп жатат, дагы тазалайбыз. Ош, Баткен облустарынан аттанып жаткан талапкерлер, элди алдап, добуш сатып алууга аракет кылсаңар, мыйзам чегинде чара көрөбүз", — деген Ташиев.

Ал мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер да шайлоого таасирин тийгизбеши керектигин эскерткен.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жылан чакса же жолундан чыга калса емне кылуу керек


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
⚽️ Сүйүнчү! Футзал боюнча Азия кубогунда Кыргызстан Япониянын командасын сенсациялык түрдө жеңип алды.

Белгилей кетсек, Япония азыркы Азия чемпиону болуп саналат.

Тайпалык этаптын биринчи оюнунда улуттук курама команда “самурайларды” 3:2 эсебинде утуп алды.

Биздин команданын голдорун Самат Жаннат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди.

Эми Кыргызстан Тажикстан (20-апрель) жана Түштүк Корея (22-апрель) менен ойнойт. Тайпадан эң күчтүү эки команда чыгат.


Казакстандагы селден улам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн экенин депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, бийлик азыр бул маселени ойлонуп, буудай менен арпаны камдашы керек.

“Коңшу мамлекетте суу ташкындарынан улам түшүм жыйноодо кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн”, — деди Жумабеков.

📌Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга 370,8 миң тонна буудай импорттолсо, анын 351,4 миңи Россиядан, калганы (19,4 миң) Казакстандан келген.

Ошондой эле 2023-жылы 38 миң тоннадан ашык ун импорттолгон: 29 миң тоннадан ашыгы Казакстандан, 7,8 миңи Россиядан алынган.


📖"Акылман" президенттик лицейине каттоо 20-апрелде башталат

Министрлик сынак 6-класстардын окуучулары арасында болорун, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, атасы же энеси жок, томолой жетим балдарга артыкчылык берилерин белгиледи.

Өткөрүү графиги:

▪️2024-жылдын 20-апрелинен 30-апрелине чейин каттоо жүрөт

▪️I этап: 4-5-6-майда алдын ала онлайн тестирлөө

▪️II этап: 10-майда I этаптын жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган 2 000 талапкер кайра онлайн тестирлөөдөн өтөт

▪️III этап: 14-майдан 20-майга чейин II этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 700 окуучу дагы бир жолу оффлайн тестирлөөдөн өтүшөт.

Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз. Табият таануу, математика жана техникалык билим берүү багыттарына басым жасалат.


🚫 TikTok Кыргызстандын аймагында иштебей калды


⭕️⭕️⭕️ Эмне үчүн жаз күнүнөн алыс болушуңуз керек?

Жазгы күн биздин денебизге канчалык жагымдуу жана эс алуучу көрүнбөсүн, адистер бул мезгилде күндүн астында көпкө турбоону сунушташат.

Адистердин айтымында, жазында күндүн УК индекси жогорулайт.
Натыйжада моюн, колдо, көкүрөктүн үстүнкү бөлүгүндө ыйлаакча, бүдүрчөлөр, кызыл тактар, күйүк түрүндөгү ар кандай исиркектер пайда болот. Кээде териде исиркектер, кычышуу жана шишик да байкалат.

Ошол себептен жаздын ачык күндөрүндө саат 10:00дөн 15:00гө чейин күндүн астында көпкө жүрбөөнү сунуштайбыз.

👉 @batken_tv 👈


🌪 Коркунучтуу көрүнүш

Дубайда кечээ катуу жамгыр жааган.


Окумуштуулар уйкунун жетишсиздиги адамдын сырткы келбетине кандай таасирин тийгизерин көрсөтүштү.

Эгерде сиз 7 сааттан аз уктасаңыз, анда бетиңизде бырыштар пайда болуп, көзүңүздүн астындагы кара тегерекчелер пайда болуп, клетканы оңдоого убакыттын жетишсиздигинен териңиз кургап калат.

Ошондуктан 7 сааттан кем эмес уктоого аракет кылыңыздар.


❗️ Кыргызстанда мындан ары 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь дем алыш эмес, иш күн болот. Жаңы Эмгек кодексинин долбооруна ушундай өзгөртүүлөр киргизилди (министрлер кабинети жактырган, кезек парламентте).

Бул даталар майрам күндөрү бойдон калып, бирок иш күндөрү болот.

Жаңы кодекске ылайык, 8-март, 21-март, 5-май, 9-май жана 31-август жумуш эмес күндөр бойдон калат.

Дагы бир жаңылык: дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылат. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми мындай болбойт.

Документте жаңы жыл (1-6-январь) жана май майрамдары (1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май) да так көрсөтүлгөн.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Идиш жуугандан тажаган айымдар үчүн лайфхак..😂


❗️Кенелер ойгонду, этият болуңуз

Энцефалиттин белгилери:

▪️оорунун инкубациялык мөөнөтү бир күндөн 14 күнгө, кээде 60 күнгө чейин созулат

▪️энцефалитке чалдыккан учурда адам чыйрыгып, башы катуу ооруп, жүрөгү айланып, кусуп, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт

▪️көбүнчө моюн жана ийин ооруксунуп, көкүрөк, бел жана кол-буттун булчуңдары ооруйт

Кенеден сактануу үчүн жаратылышта эс алууда түстүү кийим кийип, шымды өтүктүн ичине же байпакка кыстарып коюу зарыл. Ал эми үстүңкү кийимди шымдап алуу керек. Дененин ачык жерлерине курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем сүйкөп туруу зарыл.

📌Кене энцефалити — борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Ал адамды майыптыкка жана өлүмгө да дуушар кылат.

Показано 20 последних публикаций.