Баян Акматов


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Блоги


Чыгармачылыгым тууралуу сиздер менен бөлүшкүм келет. Себеби мен силерди жакшы көрөм.

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Блоги
Статистика
Фильтр публикаций


Чоң эне

91 ден кийин турмуш начарлап
Тоолор кулап биз ишенген катарлап
Шаар байкуш жели чыккан шар болуп
Шаабайы суз узап кеттик сапарлап

Ай балилеп алаканын чапкандай
Айланага чачыласын чачкандай
Аалам тарып жаткан кезде бир гана
Айылыбыз кенен болду тасмалдай

Балдарынын балбылдаган чырагы
Балдар аны бар кезинде туябы?
Эстеп көрсөм чоң энемдин курагы
Энекемдин азыркыдай убагы

“Кара кыз” деп, кадырлашып эл айтат
Кара жармаң укмуш! дешип, эл алкап
Ал чоң энем неберенин баарына
Айланайын! Кагылайын деп айтат.

Аялзаттын баары сүйкүм, жакшы эне
Анда пейил азыркыдан жакшы эле
Үч бир тууган бир айылга батпадык…
Үч бөлмөгө анда баары батчы эле

Көп кайгырып, а бирок аз күлдүңүз
Өзүңдү эмес өзгөлөрдү сүйдүңүз
Кайда жүрөт гиннес деген сокурлар?
Канча байпак, канча мээлей түйдүңүз?

Аба ырайын айтып берген үлгүбүз,
Алыстарды көрө билген дүрбүбүз.
Кайран токоч, айран, жарма, тамагың,
Канча жуулду колуңуздан киймибиз?

Келбейт тура биз аларды билгибиз
Келесообуз неге мынча жиндибиз?
Жиндилерди адам кылам деп жүрүп,
Канча тоңуп, канча ысыкка күйдүңүз?

Ак батаңыз аруу эле мол эле,
Айтканыңыз ашуу эле жол эле.
Азыр деле жинди бойдон жүрөмүн,
Адам боло албай койдум чоң эне.

Окуп-чокуп турмуш мени өңөрдү
Ошол бойдон сизди күндө көрөмбү?
Келип кетем учурашып сиз менен,
Келбетиңде бырышыңыз көбөйдү.

Азайгандай кубануу да кайгыңыз,
Аз ичип жеп, жоош болуп калдыңыз
Миң азапка түшсөң дагы биз үчүн
Милдет кылбай улгайууга бардыңыз.

Батар күндөй баарын карап турдуңуз
Балдарыңдан бакыт шаарын курдуңуз
Абышкам деп айтып жүрүп акыры,
Ана ошентип акка мойун сундуңуз.

Ыры даяр таңдайында төгүлгөн
Нуру даяр маңдайында көрүнгөн
Баласаак болуп жашап өмүрдө
Баласаак бойдон өттүң өмүрдөн.

Көрүстөнүң көрдүм эне көмүлгөн
Көркүң кетпейт жылмайыңкы көңүлдөн.
Неге жазбайм сиз жөнүндө эскерип?
Небереңмин чоң энеге өбүлгөн!!!

Б.Акматов 2025 25-март.13:50


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
https://youtu.be/fFaCOkNGKxQ?si=BcOGkS-ip_-fcbnU


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
https://youtu.be/B_GTEKnEKlo?si=0IRsw56dY1_ekGcA

Жаңы чыкты көрүңүздөр. Жүрөктү эзет.




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
https://youtu.be/nmDOSdDp_nQ?si=wBgjrGT8Uq-AGA24

Кыздар тууралуу ыр жазабыз, гүл сунабыз… ананайындар!!! 🌺


“Мейманыма”
Мен өнөрдүн керилген бейиши элем,
Мен өнөрдүн төгүлгөн жемиши элем.
Эртең балким белгисиз мезгилдерде
Эңсегендер оозанат деп ишенем.

Азырынча арсыздар азыктансын
Айланамда кагылган казык калсын
Казык чирип жок болгончо күтөмүн
Кайда менин мейманым бакыт жарчым

Эрте келчи мейманым кагылайын
Эскирбейин кайрадан жаңырайын
Кусадармын келсеңиз кучактайын
Кучагымда турсаң да сагынайын

Куйулган ыр, күү болуп жаңырайын
Куймак болуп каймакка малыгайын
Эссиздер тамырыма казык каккан
Эзелки бир дартыман айыгайын

Өнөрүмдү түшүнгөн конокторум
Өмүрдөгү түркүн түс бойокторум
Дартым дастан, күйүтүм күүгө айланып
Сыбызгыдай сыздайын шолоктойун

Кел мейманым тасмалым белен кезде
Бир ыр ырдап берейин деген кечте
Кечигип келе көрбө зарыктырып
Бир ый ыйлап берейин деген кезде.
Кел мейманым тасмалым белен кезде
Бир ыр ырдап берейин деген кезде…


Элимен айланайын.

Караанын көрсөм Кыргыздын
Карегимен жаш чыгар,
Кыдырсам бүтүн дүйнөнү
Кыргыздай улут аз чыгар…

Деп жар салып “Баяндан баян” аталыштагы кечемди жыйынтыктап алдым.
Төкмө акын дагы эстрада ырдайбы? -деп таңыркагандар болду😊.
Бат эле бүтүп калды дегендер андан көп…
Бирок 2 саат 20 минутага узак созулду.
Оңой менен терме-санатты чыдап уга албаган жайыбыз бар го. Бирок кечеде карегинен жашы кылгырып мээлүүн-тынчтыкта угуп отурдуңуздар. Сагынычымды тараттым деп ойлогом. Бирок кайрадан залга толгон элди сагына баштадым.




Репост из: Nurbek Barkybaev
Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Бисмилла!!! деп туруп Календарыңызга белгилеңиз! Сизди күтөм. Ырларым менен сырларым менен кучактайм. Анткени сиз экөөбүз замандашпыз, бул жолугуу биз үчүн берилген мүмкүнчүлүк деп түшүнүңүз. Албетте Алла таалам буюрса.

Кайрыктарым бир кыз үчүн эмес, Кыргыз үчүн.


Сүрөт
Тарталбай жүрүп сүрөттү
Таарынттым окшойт жүрөктү
Таланттарым ичтеги
Тартыша берип жүдөттү

Жаз, жай өтүп күз кирди
Күз өтүп кайра кыш кирди
Бир алып жүрүш оңойбу?
Шишкин менен Пушкинди

Ойлорго батам жүдөсөм
Жүдөсөм дагы күрөшөм
Баарына бирдей жетишкен
Сүймөнкул кыйын киши экен

Жайылат качан чоң барак
Жайылган сымал чоң канат
Жакшы бир сүрөт тартсам деп
Жашоодо жүрөм жол карап

Сыяга суусап кол дагы
Сыр дайра болуп ой дагы
Дартымды айыктырсам дейм
Да Винчи болбосом дагы

Өмүрүн издеп көп бардым
Өнөрпоздорго көз салдым
Башаты баардык өнөрдүн
Сүрөтчү экен деп калдым.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram











Показано 18 последних публикаций.