Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзгөн субъекттерге каржылоодон пайдалануу мүмкүндүгүн арттыруу, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2023-жылдын 22-сентябрында № 2023-П-12/60-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) кабыл алынган.
Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» эки токтомунун (мындан ары – токтомдор) колдонуу мөөнөттөрү 2024-жылдын 30-мартына чейин узартылды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында:
www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
______________________________________________________________ В целях оказания поддержки гражданам и субъектам предпринимательства, проживающим и ведущим хозяйственную деятельность в Баткенской области Кыргызской Республики, в расширении возможностей по доступу к финансированию, создании необходимых условий для восстановления и развития административно-территориальных единиц, в том числе поврежденных в результате вооруженного конфликта, произошедшего в сентябре 2022 года в Баткенской области, а также в целях содействия в реализации Указа Президента Кыргызской Республики «О первоочередных мерах по восстановлению и развитию Баткенской и Ошской областей» от 17 сентября 2022 года УП № 313, Правлением Национального банка Кыргызской Республики 22 сентября 2023 года принято постановление «О внесении изменений в некоторые постановления Правления Национального банка Кыргызской Республики» № 2023-П-12/60-1-(НПА) (далее – постановление).
Данным постановлением на период до 30 марта 2024 года продлеваются действия двух постановлений Правлений Национального банка: «О некоторых решениях Национального банка Кыргызской Республики по вопросам оказания поддержки клиентам коммерческих банков, небанковских и специализированных финансово-кредитных организаций, пострадавшим в результате вооруженного конфликта в Баткенской и Ошской областях» от 6 октября 2022 года № 2022-П-12/62-2-(НПА) и «О некоторых временных решениях Национального банка Кыргызской Республики по вопросам выдачи кредитов заемщикам Баткенской области» от 18 ноября 2022 года № 2022-П-12/71-1-(НПА).
Постановление размещено на официальном интернет-сайте Национального банка по адресу:
www.nbkr.kg / О Банке/ Банковское законодательство/ Постановления Правления Национального банка.