Багы барлардын 3 белгиси бар: Адалдан жейт. Илим үйрөнүү жыйындарына катышат. Беш маал намазды жамаат менен окуйт.
Жаман амалдуулардын 3 белгиси бар: Аллахтын буйруктарын орундоодо жалкоолук кылат. Айланасындагылардын баарына зыяны тийет. Өзүнө жакшылык кылгандарга жамандык менен жооп берет.
Күнөөкөрлөрдүн 3 белгиси бар: Көп жаңылат жана ката кетирет. Убактысын оюн-зоок, бий жана музыка менен өткөрөт. Унутчаак болот.
Опасыздын 3 белгиси бар: Тууган-уруктарын тажатат. Кошунасына кордук көргөзөт. Күнөө кылууну жакшы көрөт.
Аллаху таала жүзүн бургандардын 3 белгиси болот: Калпты көп сүйлөйт. Жалган сөз менен көп ант берет. Элге кыйынчылык тарттырат.
Достун 3 белгиси бар: Мал-мүлкүн сага курман кылат. Напсин сага курман кылат. Сенин сырыңды сактап жүрөт.
Ыймансыздын да 3 белгиси бар: Дининде күмөндөнөт. Аллаху тааланын досторун өзүнө душман деп билет. Раббине моюн сунбайт жана ибадат кылбайт.