Бир адам Куранды ар дайым окуйт болчу.
Бирок андан эч нерсе жаттай алчу эмес.
Ошол адамдын кичинекей уулу атасынан сурады:
- Ата, сиз Куран окуйсуз, бирок эч нерсе жаттай албайсыз, анда анын сизге эмне пайдасы бар?
Атасы уулуна мындай деди:
- Балам, мен сага түшүндүрөйүн, бирок алгач бул себетти алып, суу толтуруп кел.
Бул себет адатта көмүрдү ташуу учун колдонулчу.
Уулу:
- Ата, бул мүмкүн эмес да!
Атасы:
- Сен аракет кылып көр, эмне болорун байкайбыз.
Уулу бул сөздөн кийин себетти алып, суу толтуруп келүүгө аракет кылды. Бирок жарым жолго жетпей эле, суу бүт агып кетти.Уулу атасына:
- Ата, көрүп жатпайсызбы, бул мүмкүн эмес нерсе!
Атасы:
- Мейли, дагы бир жолу аракет кыл,- деди.
Уулу дагы аракет кылды.
Бир жолу, эки жолу... бешинчи жолу болгондо, аябай чарчап, атасына:
- Ата, сиз өзүңүз да билесиз, бул мүмкүн эмес.
Эмне үчүн кайра-кайра аракет кылууга
мажбурлап жатасыз?
Анда атасы уулуна:
- Балам, себеттен эч нерсе байкабадыңбы?
Уулу карап, түшүндү да мындай деди:
- Ооба, ата, себет таптаза болуптур.
Атасы мындай деди:
- Ушундай,балам, бул себет сууну кармап кала албаса да, аны кайра-кайра жууп таптаза кылды.
Ошол сыяктуу эле, адамдын жүрөгү да дүйнө иштеринен булганат, бирок Куран окуу менен жүрөгүбүз аны жаттай албаса да, бул себет суу менен тазалангандай тазаланат.
- Балам, Куран - жүрөгүңдүн жана рухуңдун тазалоочусу, азыктандыргычы, шыпаасы.
Шайтандын:”Жаттабаган нерсенин эмне пайдасы бар?”-деген азгырыгынан сактан! 🕊️