Өзүң жок өзгөргөнсүйт аалам дагы,
Өзгөлөр ыйман нурун жагалбады.
Сагындым бүгүн сени Пайгамбарым,
Сабатсыз сенсиз жүрөк агарбады.
Билимсиз биз дүйнөгө кече келдик,
Бирикпей динден алыс кете бердик.
Жүз көрсөтүп келбесең Пайгамбарым,
Жүрөктөргө жашоодо текеберлик.
Суусуз калган чөлдөргө айланганмын,
Суусап турат диниңе кайран жаным.
Саамайыңды көрбөдүм бирок сезем,
Сагынычым бар өзүңө Пайгамбарым.
Сен көрсөткөн жолуңдан аттабайын,
Сен тийгизген нуруңа какталайын.
Сен жок кезде шайтанга азгырылган,
Сезимдердин көз жашын даттанайын.
Таштап коюп жашоонун түрмөктөрүн,
Күн караңгы сен көргөн күн көктөмүн.
Катар-катар катаны капташтырган,
Каткаан жүрөк болууда үммөттөрүң.
Айткым келбейт мен эми калгандарын,
Адамдар акылдарынан тайгандарын.
Сабатың Кудай менен Куран менен,
Сагынып турам сени Пайгамбарым...
Өзгөлөр ыйман нурун жагалбады.
Сагындым бүгүн сени Пайгамбарым,
Сабатсыз сенсиз жүрөк агарбады.
Билимсиз биз дүйнөгө кече келдик,
Бирикпей динден алыс кете бердик.
Жүз көрсөтүп келбесең Пайгамбарым,
Жүрөктөргө жашоодо текеберлик.
Суусуз калган чөлдөргө айланганмын,
Суусап турат диниңе кайран жаным.
Саамайыңды көрбөдүм бирок сезем,
Сагынычым бар өзүңө Пайгамбарым.
Сен көрсөткөн жолуңдан аттабайын,
Сен тийгизген нуруңа какталайын.
Сен жок кезде шайтанга азгырылган,
Сезимдердин көз жашын даттанайын.
Таштап коюп жашоонун түрмөктөрүн,
Күн караңгы сен көргөн күн көктөмүн.
Катар-катар катаны капташтырган,
Каткаан жүрөк болууда үммөттөрүң.
Айткым келбейт мен эми калгандарын,
Адамдар акылдарынан тайгандарын.
Сабатың Кудай менен Куран менен,
Сагынып турам сени Пайгамбарым...