Салиха аял.😍👑


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва баракатуху.
🔺Биздин каналда:
🔺 Хадистер.
🔺 Куран аяттары.
🔺Диний маалыматтар
🔺Акысыз сабактар
🔺Онлайн Куран курстар
🔺 Эркектерге кирүүгө тыюу салынат 👳 👳❌❌ .
Жалаң аялдар үчүн 🧕🧕 .

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кичинекей балаңдын көз алдында соолуп бара жатканын көрүү — бул эң чоң азап жана кайгы…

Биздин балабыздын басып кетишине жардам бериңиздерчи, суранабыз!

900 000 адам 200 сомдон берсе сбор жабылат✅💯

Сиз үчүн 200-500 сом көп деле акча болбошу мүмкүн, бирок биз үчүн бул эң чоң жардам.

Сураныч, кайдыгер карабаңыз!

Эч болбосо, ушул видеону бөлүшүп, комментарийге дуба-тилектериңизди жаза кетиңиз!⤵️

Диагноз: СМА 2тип

📌Реквизиттерибиз
🇰🇬мбанк
0 709 748 481 Русланбек Р. (Атасы)

VISA: 4177490192859553
RUSLANBEK RAKHMANOV (Атасы)

🇰🇿KASPI GOLD 4400430210965734 1
RUSLANBEK RAKHMANOV

🇰🇿КАСПИ НОМЕР
87474384193 RUSLANBEK

🇰🇬О! денги:
0709748481

Optima Gold:
4169585358783958
0709 748 481

ТиньКофф Банк:
2200 7017 3686 2779 Чынгыз О.

Альфа-Банк:
2200 1545 7313 4268 Чынгыз О.

ВТБ-Банк:
2200 2480 8152 3176 Чынгыз О.

Переводы по номеру тел:
+7 (906) 068-96-57 Чынгыз О.

#zolgensma #savehamza2025 #хамзагажардам


Салиха аял. 😍👑


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Эл менен Элбиз!
Жараткан колдоп, шыпаасын берсин.🌿
Акчалай жардам бере албагандар Ыйык Рамазан айында дуа менен Куран хатмдар менен колдоп бергиле
!

#намазуйкуданжакшы #элдиною
#жүрөктөнжүрөкө #нурлуужол
#дастанмедиа #dastanmedia
#таасирдүүокуялар
🌱🌿🌱🕊️🌱🌿🌱🕊️🌱🌿🌱🕊️🌱🌿🌱🕊️
#кыргызстан #ынтымак #мурас #жетиоблусбиримдиги #чүй #ош
#нарын #баткен #талас #ысыккөл
#жалалабад #өркүндөйбер #өсөбер #🇰🇬


Салиха аял. 😍👑


Имам Абу Хамид аль-Газали орозо тутуучуларды үч даражага бөлгөн:

1. Даража: Карапайым адамдардын орозосу. 
Бул курсакты тамак-аштан жана аврет мүчөлөрүн кумар алуудан гана тыюу, бирок мында орозо чын жүрөктөн болбой, дененин башка мүчөлөрү орозонун талаптарын толук аткарбайт. Тактап айтканда, бул даражадагы адам Алла Таала тыюу салган нерселерден толук баш тартпай, ыңгайы келсе ушакчылык, чагымчылык, жалганчылык, жалган күбө берүү жана ушул сыяктуу күнөөлөрдү кыла берет. Бул даражадагы адамдар коркунучтун үстүндө турат. Себеби, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Кээ бир орозо кармагандар ачка калып суусагандан башка сооп алышпайт, ал эми кээ бир түнкү намаз окугандар дагы түнкү уйкудан калышкандан башка сооп алышпайт» – деп айткан. Кайсы бир адам өзүнүн дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн сактабаса, анда өзүн тамак-аштан, суусундуктан тыйганынан эмне пайда табат? Анткени Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Ким жалган күбөлүк берүүнү жана аны кылууну таштабаса, анда Алла Тааланын алдында анын тамак-аш, суусундукту таштаганынан эмне пайда?!» – деп айткан.

2. Даража: Өзгөчөлөрдүн орозосу.
Бул болсо экинчи даражадагы адамдардын орозосу. Мында эң биринчи кезекте курсакты жана аврет мүчөлөрүн тыюу жана ошондой эле көздү арам нерселерден, тилди жалганчылыктан, жаман сөздөрдөн, кол-бутту арам нерселерди аткаруудан, кулакты орозодо тыюу салынган нерселерди угуудан сактоо менен дененин башка мүчөлөрү күнөөлөрдөн сакталат. Себеби, орозонун араб тилиндеги мааниси да, шарияттык мааниси да «тыйылуу» дегенди билдирет эмеспи.

3. Даража: Өзгөчөлөрдөн жогору турган адамдардын орозосу. 
Бул даражадагы адамдардын орозосу жеке эле курсакты тамак-аштан, аврет мүчөлөрүн жыныстык кумардан, дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн тыюу менен чектелбестен, ошону менен бирге өздөрүнүн жүрөктөрүн Алладан алыстатуучу ойлордон жана маанисиз кеп-сөздөрдөн сакташат. Орозонун бул даражасындагы адамдар жүрөгү менен бир гана Аллага байланып, Андан башка нерселерден жүз бурган адамдар. Мына ушул даража эң бийик даража!

✨Алла Тааладан баарыбызды ушул даражага жеткирүүсүн сурайлы.✨🤲




Салиха аял. 😍👑


🌸Пайгамбар ﷺ айтты :

- Аллахтан корккула!
- Беш маал намазды окугула !
- Орозо айын туткула !
- Акчаңардан зекетин чын жүрөгүңөр менен чыгаргыла!
- Башчынарга баш ийгиле !

Мына ушундан кийин Роббинердин жаннатына киресиңер
.☝️


Салиха аял. 😍👑


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Салиха аял. 😍👑


Кармаган орозоңуздар кабыл болсун 🤍🫀.

Салиха аял.😍👑


🕯 БЕРЕКЕЛҮҮ РАМАЗАН 🕯



🌿 АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ УА РОХМАТУЛЛОХИ УА БАРОКАТУХУ 🌿📚

🌿СИЗДЕРГЕ ЖАГЫМДУУ ЖАРЫЯ .🌾📚
«Кимде-ким Аллахтын динин түшүнүүгө аракет кылса, Аллах Таала бардык түйшүктөрүн жеңилдетет жана күтпөгөн жерден жакшылыктарды берет».


🌸 АЙЫМДАР ҮЧҮН БЕРЕКЕЛҮҮ РАМАЗАН АЙЫНЫН УРМАТЫНА 1000 СОМДОН ОРДУНА 50% СКИДКА МЕНЕН 500 СОМГО КАТТАЛЫП БИЗ МЕНЕН КУРАНДЫ 0 - ДӨН БАШТАҢЫЗ.



1⃣ КУРАНДЫ НӨЛДӨН БАШТАП ҮЙРӨНҮҮ.

2⃣ ТАМГАЛАРДЫ СУЛУУ ЖАЗГАНДЫ ҮЙРӨНҮҮ.

3⃣ МАХРАЖДАРДЫ ТУУРА ЧЫГАРУУ.


4⃣КУРАНДЫ ТУУРА ЖАНА ТАЖВИД МЕНЕН ОКУУНУ ҮЙРӨНҮҮ.


📍 ОНЛАЙН ВАТСАП ЖАНА ТЕЛЕГРАМ АРКЫЛУУ ЖУМАСЫНА 3 - ЖОЛУ ӨТҮЛӨТ.

"🌿📚 КИТЕПТИ СЕН АЧСАҢ КИТЕП СЕНИ АЧАТ 🌿📚"

"🌿🌾 АЛЛАХ ТААЛАМДЫН ДИНИНЕ КЫЗМАТ КЫЛСАК ,
АЛЛАХ ТААЛАМ ДҮЙНӨНҮ БИЗГЕ КЫЗМАТ КЫЛДЫРЫП КОЁТ📚🌾"


🌾🌿 АНДЫКТАН АСЫЛЗАТ АЙЫМДАР ЧАМДАҢЫЗДАР АКЫРЕТИБИЗДИН АМАЛЫН КЫЛАЛЫ, УБАКТЫЛУУ ДҮЙНӨНҮН ЭМЕС📚🌾


КАТТАЛУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ НОМЕРГЕ КАЙРЫЛЫНЫЗДАР.

704 105 505


Башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз


Пайгамбарыбыз ﷺ жакшы көрүп, башка айлардан өзгөчөлөгөн Шаабан айына жеттик. Бул айда Аллахтын эшиктери кенен ачылып, күнөөлөр кечирилет. Ибадаттар жана жакшы иштер үчүн чоң сооптор берилет.
"Шаабан айында напсибизди оңдойлу. Бул айда жакшы ниеттерди кылалы. Себеби Аллах мени силерден өзгөчө кылгандай, Шаабан айын башка айлардан өзгөчө кылды",
«Бул ай – Ражаб менен Рамазандын ортосундагы адамдар бейкапар калтырган ай. Бул айда пенделердин кылган амалдары ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен дагы кылган амалдарымдын орозо кармаган абалымда көтөрүлүүсүн каалаймын».
РАМАЗАНГА ДАЯРДЫК


Шаабан айында кылынган ибадаттар сооптуу болгондугу үчүн сахабалар бул айга өзгөчө көңүл бурушкан. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жараша орозо кармашып, Куранды окууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө көп убактыларын бөлүшкөн.


Бул ибадаттарды кылуу менен алар Шаабандан кийинки Рамазан айына даярдык көрүшкөн. Рамазан айы башталганда, алар күч-кубат жагынан да, руханий жактан да ибадат кылууга толук даяр болуп калышчу. Рамазан айында эч кандай ачкалыкты жана чарчоону сезбестен, рахаттануу менен орозо тутушкан.


ААЛЫМДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?


«Ражаб айы – бул үрөөнчүлүк айы. Шаабан айы – сугатчылык айы. Ал эми Рамазан айы – түшүм жыйноо айы».


“Ражаб айы дене-бойду тазалайт; Шаабан айы жүрөктү тазалайт; Рамазан айы жан дүйнөнү аруулантат”.


КАЙСЫ КҮНДӨРҮ ОРОЗО КАРМАГАН ЖАКШЫ?


1. Эки күндө бир. Бул Дауд пайгамбардын (а.с) орозосу деп айтылат. Жараткан алдындагы эң сүйүктүү орозо Дауд орозу экендиги риваяттарда келет.


2. Дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү. Пайгамбарыбыз ﷺ бул күндөрү орозо туткан.


3. Айдын (Ислам календары боюнча) ортосундагы 3 күн. Аллахтын элчиси ﷺ айдын 13-14-15-күндөрү орозо кармоого чакырган
.


Салиха аял .😍👑


Адам ( Алейхи салам )дын биринчи сөз эмне болгон?
Опрос
  •   Бисмиллах
  •   Алхамдулилла
  •   Аллоху Акбар
175 голосов


Аялдар өздөрү жамаат болуп намаз окуунун өкүмү кандай?
Опрос
  •   Сүннөт
  •   Макру
  •   Ваажип
167 голосов


БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ

🧕🏻АКЫЛДУУ ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН 40 НАСААТЫ...

Кагылайын кызым кулагыңа күмүш сырга, мага кулак төшөп сөзүмдү жакшылап угуп ага бекем амал кыл!

1. Эң биринчи Аллахты сүй кызым!

2. Башкаларды да Аллах үчүн сүй ж-а жакшы көр!

3. Аллах сүйгөн амал ж-а иш м-н алек бол!

4. Аллахтын буйруктарын так аткарууга тырыш!

5. Пайгамбарыбыз с.а.вды сүй ж-а сүннөтү менен жашоого аракет кыл!

6. Пайгамбарыбыз с.а.вды жана анын кыздарын аялдарын өзүңө үлгү тут!

7. Ата энеңи, келечектеги күйөөңү сыйла, урматта, кызмат кыл разылыгын ж-а ак батасын ал!

8. Күйөөң үчүн окуучу ал эми балдарың үчүн окутуучу бол!

9. Бир туугандарың менен сылык жылуу жумшак мыкты мамиледе бол кызым!

10. Келечектеги кайын ата кайын энеңди өз ата энеңдей көр алардын кызматын кылып ак батасын ал!

11. Кайын журтуң менен мыкты мамиледе бол!

12. Мыкты тарбиянын ээси бол жана уул кыздарыңа келечек муунга мыкты тарбия бер!

13. Жакындарыңа жакшы сөз айтуудан чарчаба!

14. Эрте тур, жакшылык ишти жасаганга ашык бол!

15. Жакшылык кыл бирок милдет кылба?

16. Ар дайым жакшы ой ак ниет м-н жүр!

17. Эч кимге жамандык кылба ж-а, жамандык тилебе!

18. Ачууланба, Сабрдуу бол, Ачууланган абалда эч качан чечими чыгарба кызым!

19. Эч качан мактанба,Текебер болбо! Сылык кичипейил, ийкемдүү, берешен бол!

20. Кечиримдүү, Мээримдүү, Боорукер бол!

21. Эч бир нерсеге зыяның тийбесин, бирок пайдаң тийсин!

22. Эч качан бирөөгө кыянаттык, зулумдук кылба, аманатка бекем бол!

23. Эч кимге сынтакпа, шылдыңдаба, гыйбат-ушактан алыс бол!

24. Эч качан көрө албастык кылба, ар бир нерсенин жакшы жагынан өзүңө сабак ал!

25. Жалган сүйлөбө, Чынчыл бол!

26. Намыстуу, Абийирдүү, Уяттуу бол!

27. Ар дайым таза бол, тазалыкка жакшы көңүл бур кызым!

28. Сараң болбой, зирек бол кызым!

29. Арамдан алыс бол!

30. Ыр музыка пайдасыз нерселерден алыс бол!

31. Тилиңди күнөөдөн ж-а пайдасыз сөздөрдөн сакта кызым!

32. Ар бир мүчөңдү ж-а денеңди күнөөдөн арам нерселерден сакта!

33. Сүйлөгөн сөзүңдө пайда ж-а чындык болсун!

34. Жакшы иштин ачкычы жаман иштин жапкычы бол кызым!

35. Жакшылык иш кылууда жалкоолонбо, аянба!

36. Илим билим алууга өмүр бою аракет кыл ж-а ашык бол!

37. Дүйнөнүн кооз жалгандарына алданба кызым!

38. Ар бир жасаган ишиңден тажрыйба ал !


39. Ар бир жасап жаткан ишиңди мыкты кылып жасоого аракет кыл !


40. Эң мыкты , эң кооз кулк мүнөзүдүн ээси бол кагылайын кызым !



Салиха аял.😍👑


Сохранит бөлүмү ачык керектүү маалыматтарды жакындарыңыздар менен бөлүшүп коюңуздар ...


Ражаб айынын 27 түнүн #Мираж_кечеси деп белгилеп жүрүшөт. Мираж чындыгында болгон акыйкаттагы окуя. Бирок бул окуяга мусулмандын оруну кандай? Аны белгилөө, ыйыктоо, өзгөчө ибадат менен тосуу Шариатта барбы?

Шек күмөнсүз Исра жана Мираж бул Аллахтын Өз пайгамбарына ﷺ берген чоң мужизаларынан. Ал аркылуу анын ﷺ пайгамбарчылык миссиясынын акыйкат экени, анын ﷺ Аллахтын алдында улуу даражасы бар экени далилденди.

❌ Исра жана Мираж түнүнүн так датасы –
#Ражаб_айы'нда же башкада деп – сахих хадистердин бирөөндө да келген эмес.
❌ Аны белгилөө керектиги Куранда да, Сахих хадистерде да, сахабалардын сөзүндө да, 4 мазхаб имам-аалымдардын фетваларында да келген эмес.
❌ Пайгамбарыбыз ﷺ Мираж түнү 7-асманга көтөрүлгөнү анык. Бирок ушул окуяны белгилеп жүргүлө деп Куранда да, Хадисте да айтылган эмеc экен.

Биз жакшылык кылайлы деп, динге бидаат киргизип албайлы
.

@aalymdar

Жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар.



Салиха аял.😍👑


" Мираж түнү " атайын бир зарыл дуба же башка амалдары аткаруу керек деген нерселер жөнүндө айтылган эмес .
Бирок ошол күндө эгер Пайгамбарыбыз ( Саллаллоху алейхи васаллам) Миражга чыккан күн деп Аллах Таалага кайрылып тасбихтерди айтып койсо жакшыраак болуп эсептелинет.


Салиха аял.😍👑


••• " Мираж түнү " _ азрети Мухаммад Пайгамбарыбыз ( Саллаллоху алейхи васаллам) Мединага көчөөрдөн бир жарым жыл мурда Ражаб айынын жыйырма жетинчи түнү Харам мечитинен (Кааба ) Акса мечитине , ал жерден Аллах Тааланын алдына барган миң бир сырдуу кутту түн. •••

" Мираж түнү " Аллах Тааланын эң сүйүктүү Пайгамбарына тартуулаган өзгөчө белеги болгон .
Буга чейин эч бир периштеге , эч бир пайгамбарга , эч бир жандуу-жансызга мындай улуу сый тартууланган эмес .
" Мираж түнү " башталаар замат азирети Жабраил периште Аллахтын буйругу менен бейиштен Буракты алып , азирети Пайгамбарыбыздын ал алдына келет . Экөө алгач Акса мечитине , ал жерден "сидратул - мунтаха " деген жерге чейин барышат. Сидратул - мунтахадан кийин азрети Пайгамбарыбыз ( Саллаллоху алейхи васаллам) өзү жалгыз "рафраф" деген жандык менен сапарын улаган . Миң бир сырдуу бул сапарда азрети Пайгамбарыбызга ( Саллаллоху алейхи васаллам) жана үммөттөрүнө (бизге) 3 белек тартууланган :

1) " Бакара " сүрөсүнүн акыркы эки аяты .


2) Беш маал намаз .


3) Аллах Таалага шерик кошпогондорго бейишке кире тургандыгына сүйүнчү
.



Салиха аял.😍👑


Болочок энелерге насаат.

1️⃣. Баланы эки жыл эмизген учурда эне жөн гана баланын курсагын тойгузуп жатам деп эсептесе жаңылышкан болот. Эне баланы эмизүү менен анын курсагын гана тойгузбайт, ага рухий азык берип тарбиялайт. Анткени, эненин жүрөгүндө эмне болсо, сүт аркылуу бала ошону кабыл алат. Ошондуктан, бала эмизген учурда эне баласына болгон чексиз мээримин төгүп туруусу зарыл. Мындан сырткары бала эмизип жаткан учурда эне жаман ойлордон өзүн алыс кармоого тийиш. Бала эмизип жаткан учурда Куран аяттарын, зикир, тасбих сөздөрүн кайталап олтуруу пайдалуу

2️⃣. Тили жаңыдан чыгып жаткан балага “Келме” айтууну үйрөтө берүү керек. Баланын тили келме айтуу менен чыкса, келечекте анын дин менен жашоосу жеңил болот, ин шаа Алла .

3️⃣. Ал эми тили чыгып, сүйлөп калгандан кийин ага жеңил жана зарыл дубаларды үйрөтө баштоо керек.

4️⃣. Бала 4-5 жашка келип калгандан баштап, баардык иштердин, тамактануунун, уктоонун, салам берүүнүн, ажат өтөөнүн ж.б.у.с. адептерин үйрөтө баштоо керек.

5️⃣. Жети жашка толгондо бала менен кыздын төшөгүн ажыратып өз-өзүнчө жаткыруу зарыл.

6️⃣. Жети жаштан баштап намаз окууну үйрөтүү керек, он жашка толгончо намазды толук үйрөнүп бүтүүсү жакшы.

7️⃣. Баланы берешендикке үйрөтүү үчүн башкаларга жардам берген учурда бала аркылуу же анын көзүнчө берүү жакшы.

8️⃣. Чыдамкайлыкка үйрөтүү үчүн ар түрдүү жумуштарга жумшап туруу керек.

9️⃣. Балага жалкоолуктун, көп уктоонун зыянын эскертип туруу керек.

🔟. Бала көтөрүмдүү болуусу үчүн көп эркелетпей, кез-кезде катуу айтып урушуп туруу да зарыл.



Салиха аял.😍👑


Ар бир аткан таңга , ар бир минутага , ар бир секундага , ар бир жүрөгүбүздүн согуп турганына Чексиз Шүгүр.
Ошол неьматтарды бизге ыраа көргөн , ар бир шүгүр сайын эселеп көбөйтүп берген Аллах Таалага чексиз мактоолор жана шүгүрлөр болсун.
Ар бир күн өзүнчө бир неьмат
.


Салиха аял.😍👑


Келинине бир дагы жолу рахмат дебеген кайын эненин каты

Бүгүн мүрзөсүнө барып куран окуттук. Эстеликтеги атын окудум. Каза болгонуна дале ишене албайм. “Чай ичебизби же жокпу” деген сөзүн сагындым. “Таң эрте ойготтуң деп” короз менен урушканын сагындым. Эшиктин алдында жүгөрү чыгарып отураган элесин сагындым.

Көптөн бери бөлмөсүнө кире элекмин. Төшөктөрүн сыртка алып чыгып жайдым. Кийимдерин жууп, үтүктөп ордуна кайра койдум. Кайын эжелерим “бөлмөнү бошотуп, керексиз нерселерди ыргытып койбойсуңбу” дешкен. Колум барбады. Кайын энемди сагында ушул жерге келип китеп окуп жатам. Жыты бар.
Дарылардын аты, врачтар койгон диагноздору жазылган кагаздардын ичинен бир барак таап алдым. Кат экен. Кыязы көз айнеги жок жазган окшойт. Сөздөрү өйдө анан ылдый экен.

“Бул оору мени алып тынат окшойт. Жеңилдим. Күрөшкөнгө алым калбады. Балдарымды деле кыйнап койдум окшойт. Алар го мейли, өз турмуштары менен алаксып кетет. Могу келиниме кабатырмын. Боорукер неме мени жоктоп ыйлай берип соолуп калбаса экен. Жанагы киносун көрсө эле ыйлайт.

Жүдөтүп жөн отургузчу эмесмин. Эми эмне кыларын билбей зеригет. Бир жумуш берип койсомбу. Бул баары бир ыйлайт. Ооруп калбаса экен.
Уктагандан корком. Турбай каламбы дейм. Анын үстүнө көп нерсени унута баштадым. Карылыкка алдырдым окшойт. Бир жолу рахмат айтып койсом болмок экен. Мени андайга үйрөтүшпөттүр.

Келиним, кызым, алтыным... Бөлмөмө киргенге ашыкчың эле, кызыгып бул катты дагы таап чыгарыңа ишенем. Кийимдеримди дагы жууган болушуң керек. Тим эле койсоң болмок.
Мен сага ыраазымын. Бетиңе айта албадым. Жакшы көрүп урушуп жатканымды билчүсүң ээ? Күлүп турап элең. Ары тур дегениме карабай катуу кучактаганың жагат эле.
Акыркы күндөрү сен жанымда болдуң. Рахмат. Кийимдерим таза, курсагым ток, башым жуулган болуп көз жумам. Рахмат. Кайын эжелериң келип бөлмөмдү бошото бер деши мүмкүн. А мен билем, сен антпейсиң. Жакин менен урушканда кайда жатарыңды билем да.

Бирөөнүн кызын жакшы көрүп калам деп эч ойлобогом. Кыздарымдан артык кыз болдуң. Кайын энең сага ыраазы. Батамды берем. Бактыңды тилейм. Көз айнегимди жерге түшүрүп алдым. Медайым келсе алып берет. Сен келгиче дагы көп нерсе жазайын дедим эле. Көрбөй жатам.”

Катты катуу кучактаган боюнча ыйлап жаттым . Артымдан күйөөм көз жашын төгүп карап турду.
Мерез жүрөгүмдү эмес, мерез мүнөзүмдү кечир !



Салиха аял.😍👑


Баланын эң чоң Душманы , ага Аллахты таанытпай дүйнө үчүн гана чоңойткон Ата - Эне 🥀 .



Салиха аял.😍👑


🌷Аллохумма солли ва соллим ва баарик ъала саййидина Мухаммадин ва ъала аалихи ва сохбихи ва саллим 🌷 " .
📚 Котормосу: "Аллахым, Мухаммад (саллалоху ъалайхи ва саллам )га жана анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жакшылык жана салам ошону менен бирге береке жибер
" .


Жума маарек болсун 🫶.

Салиха аял.😍👑

Показано 20 последних публикаций.