Ортодо турган челек бар дейли, аны төрт адам ар башка жерден караса ар бирине башкача көрүнөт. Үстүнөн караган адам анын бош экенин көрөт. Ал эми мандайынан караган адам анын сабы бар экенин көрөт. Артынан караган адам сабы жок экенин. Түбүнөн караган адам тешик экенин көрө алат. Ошондуктан биз турган жердин баалуулугу биздин көргөн билгенибизге жараша болот.