UK_KG_JOB🇰🇬🇬🇧


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Карьера


Улуу Британиянын сезондук айыл чарба жумуштарына барып иштеп келуучулор учун маалымат болушуу группасы 🇰🇬🇬🇧

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Карьера
Статистика
Фильтр публикаций


🇬🇧🇰🇬Улуу британиядан Кыргызстанга кантип акча которсо болот ?
Акча которо турган программанын шилтемеси, сом менен которсонуздар валюталык курсу ото ынгайлуу. TransferGo акча которуу системасынын эмнеси жакшы ? Фунттан сомго гана конвертацияланат мисалы болок системалар аркылуу котором десениздер алар аркылуу акча жоноткон кийин 3 эсе конвертацияланып кетиши мумкун же банк сиздерге валюта менен бергенде оз аралык курсу менен же акча чыгарганыныз учун 3% тен 10% чейин алып коюп жаткан.

Шилтеме аркылуу катталганынардан кийин 2 акча которуу АКЫСЫЗ!!!
Код vYiqyQ программанын ичинде же TransferGo  шилтемеси аркылуу каттал 👉👉👉
Код UQn851 в приложении TransferGo или по ссылке https://trgo.co/ru/r/UQn851?utm_source=1


#Repost @info.migrant.kg
——
Улуу Британияда иштөө үчүн Кыргызстанга дагы 1000 квота берилди

Тиешелүү макулдашууга бүгүн КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын Өкмөтү ыйгарым укук берген Etero операторунун ортосунда кол коюлду. Кол коюу онлайн форматында болуп өттү.

Түзүлгөн Макулдашуунун алкагында 18-46 жаштагы Кыргыз Республикасынын жарандары Улуу Британиянын айыл чарба тармагында 6 айга чейинки мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат.

Талаптардын катарына жаш курагынан тышкары орус тилин билүү, физикалык жана психологиялык ден-соолугу чың болуусу кирет.

Эмгек акы жумуш саатына 10 фунт стерлинг өлчөмүндө белгиленет. Ошол эле учурда кыргызстандыктар визаны (259 фунт стерлинг), авиабилеттерди (баасы өзгөрүп турат) төлөшү керек, жатакананын жана алгачкы 2 жумадагы тамак-аштын акысын кызматкер көтөрөт. Жалпы чыгым 100 000 сомго чейин болушу мүмкүн.

Министрлик учурда жарандарды уюшкан түрдө Корея Республикасына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Улуу Британияга ишке орношуп жатканын, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө ишке орноштуруу боюнча бир катар келишимдер иштелип жатканын кабарлайт.

Улуу Британияга тандоо тууралуу маалымат Жарандарды чет өлкөдөгө ишке орноштуруу борборунун www.migrant.kg сайтында жайгаштырылат. Жанылыктарга коз салгыла.




Срочно❗️❗️❗️
Срочно ❗️❗️❗️
Срочно ❗️❗️❗️


#Repost @info.migrant.kg
——
📌2023-жылдын 26-майында саат 17:00дө КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев жана PRO FORCE операторунун проект менеджери Max Savchenko түз эфирге чыгат.

Эфирде Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштары боюнча толук маалымат беришет.

🎥Эфир Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Инстраграм баракчасынан жүргүзүлөт @info.migrant.kg




#Repost @info.migrant.kg
——
🤝Бүгүн, 2023-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британия GLAAI уюму "Gangmasters and Labour Abuse Authority" (Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы аракеттенүү кызматы) ортосунда кызматташттык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

📌Кызматташтык жөнүндөгү меморандум мыйзамсыз ишке орноштурууга каршы күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын убактылуу айыл чарба тармагына мезгилдик жумуштарда Улуу Британияда иштеп жаткан жарандарынын укуктарын жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, аларга маалыматтык жана юридикалык жардам берүүгө багытталат.

GLAA Улуу Британия өкмөтүнүн Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы аракеттенүү кызматы болуп саналат.

📌Аталган кызмат айыл чарба тармагында мезгилдик жумуш программасынын операторлорун аккредитациялоо жана Улуу Британияда чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштуруу үчүн милдеттүү болгон GLAA лицензиясын берүү боюнча Улуу Британия Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу уюму жана мыйзамсыз жумушка орношуунун алдын алат.


migrant.kg
——
Карыз абалын кантип текшерсе болот?

Сот департаментинин расмий сайтындагы ( www.suddep.sot.kg) “Карыз абалын текшерүү» рубрикасы аркылуу, ар бир жаран өзүнүн жеке идентификациялык коду менен карызкор катары ага карата аткаруу өндүрүшүнүн бар экендигин текшере алат.

Карыз абалын текшерүү — бул аткаруу өндүрүшү боюнча маалыматты сактаган жана системалаштырган Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн бирдиктүү маалыматтык базасы болуп саналат жана жарандарга аткаруу өндүрүшү боюнча статусу жөнүндө, ал аткаруу өндүрүшү Сот аткаруучулар кызматынын кайсы бөлүмүндө жайгашкандыгы жөнүндө маалымат берет.

Ошондой эле, карыз абалын текшерүү сервиси Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы «Түндүк» менен интеграцияланып, аткаруу документи боюнча карыздардын бар экендиги жөнүндө кененирээк маалымат (www.portal.tunduk.kg) порталынан жеке кабинетке кирүү аркылуу алса болот.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө карыз абалын текшерүү «Мбанк» мобилдик тиркемеси аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эскерте кетсек, карызкорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылат. Аны аткаруу үчүн мөөнөт аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту карызкор алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде белгиленет. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкордун чыгуусуна убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом чыгарат.




Конкордия аркылуу барам деп анан жайгаштыруудан баш тарткан кат алгандар ушул жетинчи күнү 07.05.23 саат 11:00 Миграция Министирлигинин кеңсесине барып пайда болгон көйгөй боюнча чечишип алсаңыздар болот. Дареги Токтогул көчөсү 237.
Конкордия аркылуу бара албай калгандар гана үчүн!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин директору Алмаз Алыбаев озу кабыл алат!


Канкордия Кыргызстандын жарандары менен иштешууну токтотту !






Урматтуу Кыргыз элим жана чет өлкөдөгү Мекендештер!🇰🇬🇬🇧

Баарыңыздарды бүгүнкү Арапа күнү жана Орозо айтыңыздар менен куттуктаймын!

Ыйык Рамазан айы жалпы кыргыз элибизге дегеле дүйнө жүзүндөгү мусулмандарга жакшылык, тынчтык, береке, ийгилик, сабырдуулук жана ыймандуулук алып келсин. Кыргызстанга ырыскы-дөөлөт агылып кирип, өлкөбүз өнүксүн, элибизди Жараткан жаратылыш кырсыгынан, айтып келбеген апааттан сактасын.

Туткан орозоңуздар кабыл болуп, тилеген тилегиңиздерди жана ниеттиңиздерди Аллахым кабыл кылсын.

Сиздерди терең урматтоом менен админ😊


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Мекендештер нооруз майрамын Лондон шаарында белгилешти!



Показано 20 последних публикаций.

653

подписчиков
Статистика канала