💋 "Эл агартуу" деген илгери журнал болчу эле.
"Эл агартуунун" мыктысы деген билим берүү жаатында наам бар.
❓ Эмне себептен "агартуу" ?
Сөздүн уңгусуна көңүл бурсак, агартуу АК деген сөздөн келип чыгат.
Бул ойлордун баары Баткендеги "Достук" айылындагы элди көчүрүп, жерди бөтөндөргө өткөрүп берип жаткан тасманы көрүп,
көзүмө жаш алып, жазылды.
Ал видеону көрсөңүз сиздин дагы ыйлагыңыз келет.
❗️ Жерин берип жаткан МЕКТЕП ДИРЕКТОРУНУН суроосу:
"Эгер биз көчсөк, мектептин эмеректерин алып кетебизби?"
Аксакалдын сөзү:
"Жаңы жерге барып, той берип, тынчтыкта жашайлы"
Анда мен ыйлайм, ойлорум менен:
❓ Эски жерде тынчтыкта жашоого болбойбу?
Тынчтыкта жашоо үчүн жерди бериш керекпи?
Бул жерде ата-бабаларыбыз канча жылдан бери эле тынчтыкта жашап келишпеди беле?
Кимдин тушунда бул жерлер талашка түшө баштады?
Бул жер үчүн канчалаган жаш өмүрлөр кыйылган?
❓ Эми келип, кайран гана кор болгон КАРАҢГЫ элим дагы дагы алданып жатасыңбы?
деген суроолорду өзүмдөн өзүм сурап, көз тамчым тыйылбайт.
Эми "агартуу" менен КАРАҢГЫ деген сөздөргө кайрылсак, "агартуу" деген сөз жөндөн жөн келип чыккан эмес.
Биз эмнелерди агартабыз?
Биз кирдеген ак көйнөктү агартып тазалап жууйбуз.
💎 Кара казандын көөсүн кырабыз.
Анда билим берүү жаатына "агартуу" деген сөздүн кандай тиешеси бар?
Бир саамга ойлонуп көрүңүзчү?
Эгерде сиз жаш муун болсоңуз билбешиңиз мүмкүн.
Улуу муундардын баары билет деп ойлойм.
🌜 Илгери биздин элибизди КАРАҢГЫ деп ачыктан ачык эле айтып келишкен.
👁 Элибиздин "өзүнүн"
араб жазуусу, маданияты, салты, үрп - адаты, наркы, тили, дини, тарыхы болгонуна карабастан "караңгы" деп илип келишкен.
Салты, үрп - адаты элибиз үчүн жазылбаган закон болуп, эң чоң милдетти аткарып, эл үчүн эң чоң кызмат өткөрүп келген.
👍 Баса, Чыңгыз атабыздын чыгармасына тартылган
"Биринчи мугалим" тасмасын көрбөгөн болсоңуз, анда көрүңүз.
Тамганы таанып, китепти эле окуй албаган элди караңгы деп аташкандарына мен кошула албайм.
💗 Өзүнө жараша, тарыхый доордо жашап келишинде дүйнөдөгү теңи жок маданияты, тили, дили жана тарыхы бар эл.
Тили бар.
КЫРГЫЗ деген дили бар.
Бул дил бир гана биздин элге тиешелүү.
Башка эч кимде жок.
🌜 Ошону менен бирге "караңгы" деген сөз жок жерден ыйгарылбагандыгын дагы моюнубузга алышыбыз абзел.
Караңгылык жоюлдубу?
Маданиятыбыз, үрп адат, тилибиз, дилибиз, тарыхыбыз сакталдыбы?
Жок.
Жаңы жолго түшүү менен бирге өзүнүн
салтынан, тарыхынан ажырап, үрп - адаттары жоюлуп келе жатат.
👻 Тилине жаңы чет сөздөрү уйгактай жармашып, тикенектей батты.
"Нарк", "Салт" деген сөздөр унутулду.
Азыр ар бир адам китеп окуй алат.
🍦 Сиз дагы китеп окуйсузбу?
Окугандан кийин чаң болуп текчеде жатып калбайбы?
Кандай жыйынтык чыгарасыз?
Сиз китептин пайдалуу жактарын өзүңүз үчүн иштете алдыңызбы?
🎶 Караңгы эл, же кара кыргыз кантип агарат?
Казандын көөсүн кыргандай эле агарат.
Агаруунун башаты - китеп окуу.
💋 Китепти бош убакта окубастан, китепти окуу үчүн атайын убакыт бошотуу зарыл.
Окулган ар бир китептин маңызын талдап, терең түшүнүп, жеке турмушта пайдаланып, иштете билиңиз.
💋 Өзүңүздү өзүңүз өстүрүңүз
Өзөгүңүздү түптөңүз
Кыйынчылыктарды тайманбастан жеңип,
Артка чегинбей,
Жериңизди бербей,
👍 Таламыңызды тең ата болуп талаша билүүнү үйрөнүңүз.
Капталынан суроо коюп, талап кылууну билиңиз.
Өзүңүздүн жана элиңиздин кызыкчылыгын коргоону билиңиз.
Университети жок эле.
Саясий
Экономикалык
Социалдык жактан билимдүү болуңуз.
Сизге бир гана нерсе жол ачып берет.
💋 Ал - китеп. Китеп окуңуз.
Саясат менен кызыгыңыз.
Кызыкпасаңыз, сизге добушун саткан адам, эртең сиздин сатат.
Тагдырыңызды чечет.
Урпактарыңыздын тагдырын чечет.
Ишенбейсизби?
Анда кыргыз эмне үчүн тентип жүрөт?
Китеп окуңуз.
Өзөгүңүздү түптөңүз.
Өз ааламыңызды тааныңыз.
💔 "Аалам ачкычы"
✈️ Китеп дүкөнү
💗
https://t.me/aalamahkyhyНакталай таза витаминдерден жеңиз, балдарыңызга бериңиз.
Себеби:
🍀 Биринчи байлык - акыл эс жана ден-соолук!
Үч кабат үй салсаңыз, үч кабат билим ала жүрүңүз.
Үйүңүз калат.
Акыретте билимиңиз ашык атат.
Чебер жашоонун сырын үйрөнүңүз.