🕋КЫЯЛДАР СӨЗСҮЗ ОРУНДАЛАТ!
⠀
Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васалламдын " Сурасаңар бейишти эле сурап койбой, кыялыңар ушундай бийик болсун, Алланын жамалын көрө турган, пайгамбарлар, саалих, такыба инсандар менен бирге боло турган Фирдаус бейишин сурагыла. " - деген сөздөрүн эстеп, Жараткандын" Кулум Менден сураганыңды токтотпо, пендеден эмес Менден сура, пенденин эшигин каккылабай Менин эшигимди каккыла, пенденеге таянып, үмүт кылбай, Мага таянып, үмүт кыл. Мен дубаларыңды кабыл кылам! " - деген сөздөрүнүн акыйкатына тан берип, ушу күнгө чейин шек- күмөн аралаш ишенимиме тооба кылып, күтүлбөгөн нематына шүгүр кылып олтурамын.Көрсө биз пенделер көргөнүбүзгө ишенет экенбиз. А, Раббым болсо ишенсек гана мынтип көрсөтүп коёт экен. Качандыр бир Мекке, Мединанын видео, сүрөттөрүн карап, суктанып, кыялданып ар намазымда дуба кылып жүрчүмүн. Умар Аллах андан ыраазы болсун " Жараткан болбой турган нерселерди жөндөн - жөн кыялдантпайт. Баардык нерсе анын каалоосу менен болот" деген сөздөрүнө дагы бир жолу ынандым. Бул сөздөрдү мактануу эмес, болгону башыбызда кандай кыйынчылык, оору- дарт, кайгы- капа болбосун анын чечимин чече турган Кадыр Зат Аллах бар экенин айткым келди. Буга далил Ясин сүрөөсүнүн акыркы аяттарында "Ал бир нерсенин (болуусун) каалаганда, Анын иши тек гана “Бол!” – деп айтуу, (ал) болуп калат."... Аюп алейхи салам жыйырма жыл ооруп, анан шыпаа тапты. А менин да сыноо жолумдун сапарына жыйырма жылдан ашыптыр. Жүз күндүк кыйынчылыкты бир күндүк жакшылык унуттуруп коёт дегени ушу тура. Бул башталышы гана, буйурса оорума да шыпаа берет деп ишенимин, үмүт кыламын. Сиздерге да ушундай ыймандын күчүн, ыклас, ишенимдин тереңин, ниет, ойдун таза- тууралыгын тилеп каламын. ...
⠀
☺️Кыялдар сөзсүз орундалат! Болгону кыялдардын кемеси Жараткандын туура жолуна багыт алсын...
⠀
Жума маарек болсун жакшылар!
⠀
👤Насиба Абдуллаева.
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907