Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Суроо: Эң чоң жамандык эмне?
Жооп: Эң чоң жамандык – ыймансыз өлүү. Ыймансыз, башкача айтканда, капыр болуп өлбөш үчүн илим ээси болуу, ыкылас менен амал кылуу, арамдардан сактанып, ибадаттарды кылуу шарт. Адам кандай жашай турган болсо ошондой өлөт. Андай болсо, ыймандуу болуп жашоо керек. Ыймандуу болуп жашоо үчүн арамдардан сактануу жана ибадаттарды орундоо керек.
Экинчи чоң жамандык – бир адам бир сөзү же иши менен куфурга түшүп, башкача айтканда, ыйманын жоготот. Бирок, өзүн мусулман деп эсептеп жүрө берет. Кылган ишинин куфур экенинен бейкабар болгондуктан тообо да кылбайт, ыймансыз өлүшү да мүмкүн. Күнөөнү билбегендиктен да өткөн жаман нерсе – күнөөнү ибадат катары орундап жүрүү. Бидат ишеними жана башка бидаттар мына ушундай. Бул жамандыктардан кутулуу үчүн Имам Раббани хазреттери: "Илим, амал жана ыкылас шарт”, - деп буюрууда. Тактап айтканда, динибизди туура үйрөнүп, ыкылас менен амал кылабыз. Билбей кылуу өтө жаман болгону сыяктуу, билгендерин ыкылассыз кылуу да өтө жаман.